ШАПАК РЫСМЕНДЕ УУЛУ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ШАПАК РЫСМЕНДЕ УУЛУ

ШАПАК  Рысменде уулу (1863–1956, Кочкор  өрөөнү) – манасчы. Шапак бала кезинен ырга, көркөм сөзгө  кызыгып, аны жатка айтып берүүгө  абдан шыктуу болгон. Шапактын «Манас» айтып калуусуна Кочкорго көчүп келип  Рысмендеге айылдаш конгон залкар манасчы Балыктын таасири тийген. Балык көчүп келген жылдары Шапак он үч жашта болгон. Кийин жыйырма жаш курагында Балыктын уулу Найманбай менен жакшы жолдош болуп, «Манас» айтууну үйрөнө баштаган. 26 жашынан «Манас» айта баштаганда Сагымбай Орозбак уулуна жолугуп, аны менен көп жылдар бирге жүрүп таалим алган.

Айтуучулук чеберчилиги жана чыгармачылыгы төшөлө  баштаган кезде Нарында жүрүп, Акылбек манасчыга жолугуп, «Манастын» негизги эпизоддорунан болгон «Чоң  казатты», о. эле  үчилтиктин акыркы бөлүмү  «Сейтекти»  үйрөнгөн. 1916-жылкы үркүндө Шапак эл менен кошо качып Турпанга барып бир жыл чамасындай туруп калат. Бул жерде да «Манас» айтууну Шапак уланта берген. 1917-ж. эл менен кайра өз жерине кайтып келгенден кийин гана Шапак белгилүү манасчылардын бири катары эл арасында кадыр-баркка ээ болгон. Шапак «Манас» айтууну Балык, Найманбай, Акылбек, Сагымбай сыяктуу чоң  манасчылардан  үйрөнгөндүгүн эскерсе да, жалпы салт катары айтылып келе жаткан түш көрүү  салты бул манасчынын чыгармачылыгына да мүнөздүү. Шапактын көргөн түшү  башка манасчылардыкынан анча деле айырмаланып өзгөчөлөнбөйт. Айрым гана айтуу композициясы жана деталдык жагынан айырмаланбаса, бардыгы тең  эле бирдей мазмунда айтылган көрүнүштөрдөн. 1935–48-ж. андан «Манас» эпосунун үч бөлүмү жазылып алынган. Анын варианты композиция жактан чеберчилик менен тыкан иштелген варианттардын бири болуп эсептелет. «Манас бөлүмүнөн: «Манастын төрөлүшү жана балалык чагы», «Манастын  өспүрүм чагы», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң  казат» эпизоду жана үчилтиктин экинчи бөлүмү «Семетей» менен үчүнчү бөлүмү болгон «Сейтек» жазылган. Шапак салттык эпизоддорду кыскача кылып берүүгө аракеттенгендиги байкалат. Мунун өзү Шапак «Манас» үчилтигинин кыскача гана схемасын түзүп койгон дегендикке жатпайт. Бул вариантта да окуялардын  өөрчүү  процесси, образдардын ачылышы, сүрөттөө  ыкмалары, эпостун композициялык курулушу эпостордун мыйзам ченемдүүлүгүнө баш иет. Шапактын айтуусунда Манастын дүйнөгө келишине чейин эпостун салттык эрежеси бузулбастан түпкү  аталары жөнүндө  кеңири планда айтылган «Манастын аталары» деген эпизод менен ачылат. Аталган эпизоддо Манастын түп аталарынын баатырдыгы эскерилип, кимден кимиси тарагандыгы саналат. 

 

Түп атасы Түбөй кан, 

Түбүнөн кыдыр даарыган, 

Душманын отто каарыган, 

Түбөй кандан Тотой кан, 

Тотойдон Шыгай, Ногойкан, 

Ногой кандын балдары 

Бай, Жакып, Ороз, Үсөндү, 

Ушулардын тушунда 

Ногойдун эли түзөлдү.

 

Ногойдун тушунда жыргап-куунап жаткан кыргыздарды, ал дүйнөдөн кайткандан кийин Алооке баш болгон кытай-калмак башчылары туш тарапка айдашат. Шапактын вариантында Көкөтөйдүн ашы «Семетей» бөлүмүндө  айтылбастан, «Манаста» берилет да мурдагы чыр-чатактын аягы ушул ашта уланып, Чоң  казаттын чыгышына себеп болот. Көкөтөйдүн ашында ыза болгон кандар кийинки жылы Манаска каршы бүтүм уюштурушу Шапактын вариантына да мүнөздүү көрүнүш.

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (11.12.2012)
Кароолор: 2378 | Тегдер: Рысменде уулу, манасчылар, Шапак | Рейтинг: 3.0/2

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑