ШАРШЕН ТЕРМЕЧИКОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ШАРШЕН ТЕРМЕЧИКОВ

ТЕРМЕЧИКОВ Шаршен (1896-ж. т., Сокулук району     1942, Бишкек)    куудул. Шаршендин кыргыздын шайырдык өнөрүн гүлдөткөн теңдешсиз куудул деп айтууга болот. Ага жалаң  куудулдук жактан тең  келген эл шайыр ага чейин болгон эмес, мындан ары да чыгат деп айтуу кыйын.  Өнөр көрсөтүү менен жан багууга болоорун түшүнүп, кийин чындап эле бул жагынан таланттуу экенине ынанып, биротоло куудулдуктун жолуна түшкөн. Ага Адамкалый, Осмонкулдардын таасири катуу тийген. Адамкалыйча ар башка элдердин ырын ырдап, Осмонкулча жамактап жиберүү чеберчилиги мунун далили. Кийин филармонияга иштей баштаганда андагы ар кыл таланттуу эл шайырларынын тийгизген таасири да чоң болгон. Шаршен эл шайырларынын ичине  өздүк белгилери менен обочолоно айырмаланып турган, нукура эл куудулу. Башкалардын куудулдук амалы, айлакерлигин, күлкүлүү  сөздөрүн, ар кыл окуларынан билинип, жай олтурганда ошондой окуяларын айтып элди күлдүрсө, Шаршен күлкүгө ылайык жаралган кебете-кешпири, баскан турганы, кыймылы менен эле көргөн адамдарды күлкүгө бөлөгөн. Ал эми Шаршен адатынча сахнаган чыгып келип: – Туугандар! Менин мөлтүрөп өңүм, түсүм жакшы. Өзгөчө  күчүм жакшы. Мурдум болсо кенен, сүйлөйүң  десем сөзүм белең. Сүйгөн жерге келем, сүйсө сөзүмдү айтып берем. Эсим жок болгону менен акылым терең, көргөндөр "момун экен го” – деген. Бир жегенде төрт жарым бөлкөнү бир эле жеген – деп сүйлөй баштаганда боорун тырмап күлбөгөн киши калган эмес. Шаршен чыгармачылык өнөр жолу да бөтөнчөлүү. Ал сылаңкороз, ичкич, жегич, эки жүздүү, кошоматчы сыяктуу келишпес мүнөздү, жаман адамды, олдоксон жүрүм-турумду, эски салттарды сынга алат. Башкалар киши мүчүлүштүгүн бетине айтса, көзүнчө шылдыңдаса, же ал жокто келекелесе Шаршен чоң  сатирик, жөндөмдүү  актер катары андай адамдарды кыйытуу, жымсалдоо, ооштура сүрөттөө, күчөтүү, жагымдуу юмор, ирония аркылуу же сатиралык маанайда    комедияга айландырган. "Энемдин кошогу”, "Күйөө жолдош”, "Бала сооротуу”, "Самолетко түшкөндө”, "Сыр” ж. б. чыгармалары ушундай комедиялардан Шаршен элдик шайырчылыгы  өнөрчүлүк менен жакшы тааныш башкача айтканда айрым салттуулуктарды пайдаланган. Антсе да анын куудулдугу өзгөчөлүү, өзүнчө. Ал табиятынан куудул. Өзү да көкүрөгүнө "бырс” эткизе күлкү чыгарчу сөздөрдүн мол запасын топтогондуктан, Шаршен элди эч даярдыгы жок эле, кыйналып-кысталбастан шыдыр күлдүргөн. Ал оозун ачып сүйлөй баштаганда сөзүнө өзү, ырайына чырайы куп келишип, эл дуу күлгөн. Ошол күлкү ал сахнадан түшүп кеткенге чейин уланган. Ш. куудулдук импровизация күчтүү  болгон. Шаршенде куудулдардын    төкмөсү. Ошон  үчүн Шаршенде, күлдүрүүнүн айла-амал, ыкмалары өтө көп болгон. Андай ыкмаларды Шаршен мейли сахдана, жолдош арасында, мейманда, үйдө да күтүүсүздөн таап, ошол замат колдоно кетет. Шаршен бир жолу филармониянын деректринин "Мукеме сөгүш берсем уят го” дегенин угуп калып Мураталыга:  – Муке, деректир сизге балуу белек бермек болду. Эртең  эртерээк туруп, байбичеңиз менен барыңыз, эгер арак болсо чакага куйдуруп аласыз, коюу болсо мүшөккө  салдырып берет. деп филармониядагыларга күлкү кылып, кийин алдына түшүп араң кутулуптур. Шаршендин өнөрү көп кырдуу болгон. Азыраак төгүп жиберген, комузду, домбраны черткен, оригиналдуу обондору бар, театрда да иштеп калгандыктан актерлугу, артисттиги, тубаса аткаруучулугу да күчтүү. Бирок, ушул  өнөрлөрүнүн баары куудулдугуна баш ийип, куудулдугу аркылуу көркүнө  чыккан. Шаршен куудулдугу обондорунан, ырларынан, жада калса бир бети домбра, экинчи бети комуз болуп чабылган четмегинен да таасын көрүнүп турат. Улуу устаттан сабак алып, өнөрүн сынатып, ак бата алуу бардык өнөрпоздорго бирдей тиешелүү. Даңазалуу Куйручук: "Шаршен дегенди бозо ичип мас болгон жерде күлгөн, барк кылбаган элде жүргөн, киши дечү элем. Көрсө, Шаршен бозо ичип мас болбогон жерде күлгөн, баркын билип баалаган элде жүргөн, Шаршен турбайбы. Мен койдум. Сени төрөгөн энеңе рахмат. Эркелетип сүйлөгөн жеңеңе рахмат. Сөзүң  тунук, өнөрүң  улук, бешенеңе бак берген, таалайлуу экенсиң. Буга чейин  өзүмдү жалгызмын деп жүргөн элем. Жок, жалгыз эмес экенмин. Жолуң шыдыр, жоругуң  элдики болсун” – деген. Шаршен  жашоого мамилеси да башкача болуптур. " Шаршен эл, шайырларынын арасында жаңыга умтулган,  өздүк маданияты жогору болгон.  Үйүнө  радио койдуруп,  өлкөдө, респбуликадагы жаңылыктарды угуп, аң-сезимин арттырган. Европалыктарча кийинип, саат тагынып, велосипед минген киши болчу” – дейт К. Күмүшалиев. Шаршен ар кыл (ырлары, обондуу ырлары, сатиралык чыгармалар интермедиялары ж. б.) чыгармалары ар жылдары жарыяланып келген, "Кантың бар”, "Маруся”, "Ичинен кайырма”, "Сыртынан кайырма” деген обондору элге кеңири белгилүү, айрымдары ушул күндө  да ырдалып жүрөт. Ш-дин күлкүү  окуяларын К. Бектенов жыйнак кылып чыгарса, драматург Ж. Садыков "Күйөө жолдош” драмасын жазган. Ал жөнүндө  эскерүүлөр, арноолор да арбын. Шаршендин эмгеги жогору бааланып  "Кыргыз ССринин эл артисти” деген ардактуу наамга ыйгарылган.  Шаршендин күлдүрүү чеберчилигин багытын кадимкидей өзгөртүп, куудулдукка стилдик жактан арбын табылгаларды, жаңы ыкма, штрихтерди кошуп, кыргыздын куудулдук өнөрүн болуп көрбөгөндөй гүлдөткөн. Куудул деген кандай болоорун ал өз өнөрү менен айынгыс кылып далилдеди. Шаршендин  сатиралык маанайдагы юморго, кыйтма мыскылга, баштан аяк комизмге жык толгон комедиялуу чыгармалары аны  куудулдардын катарына кошот. Шаршен кыргыздын куудулдук өнөрүнүн – бийик дабанына айланган өрнөктүү чыгармалары куудулдук өнөрдүн кайталангыс классикасы болуп калды. 

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (05.12.2012)
Кароолор: 1449 | Тегдер: Шаршен, куудул, Термечиков | Рейтинг: 2.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑