СЫДЫК КАРАЧЕВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

СЫДЫК КАРАЧЕВ

Сыдык Карачев жыйырманчы жылдын башында эле кыргыз жазма адабиятына ат салыша чыккан жаш таланттуулардан болгон. Ал, жетим калып жаштайынан татар-кожоюндун эшигинде малай жүрөт. Эс тарткан чагында баштапкы татар мектебинен бир аз окуп кат тааныйт. Ошондон баштап жаш Сыдык көркөм адабият китептерин сүйүп калат. 1924-жылга дейре жаш акын татар тилинде жазган бирин-эки ырларын татар газетасында жарыялап келген. Сыдыктын замандаштары, айрыкча, аны менен көп жылы бирге кыз-матташ болгон жазуучу Айткулу Убукеев Сыдык татар тилинде пьеса жазганын эскерет. Маселен, Сыдыктын «Борч»— (Насыя) аттуу пьесасы татар соодагерлеринин турмушун баяндап, татар тилинде жазылгандыктан, ал пьеса, а дегенде ошол жылдарда эле татар театрларынын сахналарында бир топ ийгилик менен коюлганын автор өзү айтычу эле дейт.

1924-жылы ноябрь айында кыргыздын төл газетасы «Эркин Тоо» чыга баштады. Ал кезде Караколдо Союзкошчуда иштеп   жүргөн Карачевди атайы чакыртып, аны «Эркин Тоо» газетасынын аппаратына кызматка алышат. Анда Сыдык жооптуу секретарь болуп узак убакыт редакцияда иштейт. «Эркин Тоонун» экинчи санында   Сыдыктын «Эркин Тоого» деген ыры басылды. Ошондон баштап Сыдык Карачев адабият майданында өзүн акын, жазуучу, драматург, кийинчерээк котормочу катарында таанытты.

«Эрксиз күндөрдө», «Эрик таңында» повесттери өз тушунда кыргыз адабият окуучуларынын сүйүп окуган китептери болучу.  Айрыкча «Эрксиз күндөрдө»—эски дүйнөнүн каардуулугун, анын ырайымсыздыгын жазуучу чамасы келишинче айкын ачык сүрөттөй алган. Бул повесттин негизги мазмуну — аялдардын тагдырын баян-доо. Мында, нары ажы, молдо, нары өз уруусуна кадырман Кендирбайдын кызы Жыпарды, жаштайында жетим калса да агасынын жардамы менен мектепте окуп, кат таанып калган нары сабаттуу, акылдуу-эстүү, нары чыйрак Жунушту сыпаттайт. Тек үстүртөн жеңил баамдаганда бул эки жаш максаттарына жетчүдөй, келечекте таалайлу болчудай болуп сезилет. Бирок, Жыпар менен Жунуш ал тилектерине жетпеди. Себеби, эски дүйнөнүн коомдук түзүлүшүнүн эрежеси — аксакалдыктын сокур намысы эзелтен сөөктөрүнө сиңген, өздөрүн калайыктын төбөлдөрү деп санашкан Мамырбай менен Кендирбайлар куда-сөөк болушту баарыдан жогору эсептешти. Бири жанындай көргөн жалгыз кызы Жыпарды төрт зайыптын үстүнө байга токолдукка кыйды. Бири пайгамбар жашында жаш кызга шейшеп жаңыртууга кызыкты. Жаш адамдардын мажаббатына жолтоо болуу, алардын адамдык ар-намыстарын тепсөө, адамдын эркине бийлик жүргүзүү ал төбөлдөр үчун адаттагыдай оңой-олтон иш катары каралды. Жыпар менен Жунушка көрсөткөн зомбулуктары үчүн алар өздөрун кенедей да кинелебеди. Кайра урп-адат салтка такап чырактай Жыпарды күң катары жумшоо, Жунушту набакка жаптыруу Кендирбай менен Мамырбайдын колдорунан келди...

Эбак эскирип урап бараткан феодалдык чирик түзүлүштүн акыркы күндөрү саналып турган учурда жалпы эле кыргыз: кыздарынын башында турган тагдырларынын эң мүнөздүү жагын ачууда турмуш чындыгын Карачев баамчыл жазуучу катары туура элестетет.

Совет өкмөтү түзүлөр менен кыргыз жергеси жаңыра баштады. Жер-жерлерде мектеп ачуу, катын-кыздар азаттыгы үчүн күрөшүү эң маанилүү маселелерден болду. Өзү батрак болуп, кызыл гвардиянын катарында кызмат өтөгөн Сыдык Карачев кийин журналист, басма сөз кызматкери катарында жаңылыктын жарчысы болуп колунан келген иштерди өтөйт. Ал баарыдан мурда жазуучу олгондуктан «Эрик таңында» деген чакан повестинде, «Тендик жолунда» деген пьесасында аялдар азаттыгы үчүн болгон күрөштү улайт. Жазуучунун туштугуна жараша анын аталган чыгармалары көркөм да, жеткилең да. Ал эми бугүнкү күндүн чоң талабы менен караганда жазуучунун чыгармаларынан айрым дүмбүлдүк байкалса, аны окуучулар эске алышар дейбиз.           

 

Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ.

Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (26.03.2013)
Кароолор: 3227 | Тегдер: Карачев, Сыдык | Рейтинг: 1.7/3

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑