ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ


Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1969), Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын академиги (1954), коомдук ишмер Т. Сыдыкбеков 1912-жылы 14-майда Ысык-Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу кыштагында туулгаы. Үч жашында атасынан айрылган Түгөлбай балалык чагында турмуштун далай кыйынчылыктарын башынан өткөрөт.

Табигый таланты бар болочок жазуучу жаш кезинде эле энесинин айткан жомокторун, кошокторун кунт коюп угуп жүрүп, кат тааныгандан баштап эле адабиятка кызыгып, китептерди үзбөй окуй баштайт. Өзүнүн өмүр баяны көркөм мүнөздө "Жол" аттуу китебинде кеңири жазылган.

Ошол кездеги кыргыздын бардык жазуучулары сыяктуу Т. Сыдыкбеков да чыгармачылыгын поэзиядан баштаган, Анын "Күрөш" деген тунгуч ырлар жыйнагы 1933-жылы басмадан чыгат. Ага удаалаш "Баатырлар" (1936), "Акын булбул" (1938), "Күн жарчысынан кабар" (1939) сыяктуу ыр жыйнактарын жаратат. Мына ушул жыйнактардан кийин ал дээрлик проза жанрында иштейт. Алгач өз мезгилинде жалпы совет адабиятында эң мыкты чыгармалардын бири катары эсептелген "Тоо арасында" (Кең-Суу) роман эпопеясын жазган. Романда коллективдештирүү учурундагы элдик турмушун салт-санаасын, тарыхын, экономикалык жана маданий жааттагы өзгөрүштөрдү кылдат иликтесе, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин камтыган "Биздин замандын кишилери" романы кыргыз адабиятынын тарыхында биринчи жолу СССР Мамлекеттик сыйлыгына (1948) татыктуу болгон. Ал эми согуштан кийинки тынч заман башталган мезгилдерди, кыргыз айлын, мектеп турмушун көрсөткөн "Тоо балдары", кыргыз аялдарынын революцияга чейинки жана андан кийинки тагдыры, коомдогу, үй-бүлөдөгү орду, билим алып, эл башкаруу деңгээлине чейин өсүп жеткендигин баяндаган "Зайыптар", студенттердин турмушун сүрөттөгөн "Курбулар", "Сыр ачуу" деген романдарын, "Ала-Тоодон - алтоо" очеркин, "Абысындар" аттуу жана башка чыгармаларын жазган. Алтымышынчы жылдардын ичинде залкар прозаик поэзия жанрына кайрадан кайрылып, "Көкөй кести", "Адамдарга кайрылуу" ыр жыйнактарын чыгарат.

Т. Сыдыкбеков драматургия жанрында да өзүнүн күчүн сынап көрүп, "Майдандан", "Кыштак ээлери" пьесаларын жана Калим Рахматуллин менен бирдикте "Тоодой жүрөк", "Манас жана Алманбет" аттуу көлөмдүү драмаларын жараткан.

Залкар жазуучунун бардык чыгармаларын алып караганда, орустун улуу жазуучусу Л. Толстой элине кандай адабий мурастарды калтырып кетсе, анын эмгеги так ошондой салмакка ээ. Анткени анын роман, повесть, аңгеме, ырларында болсун бүтүндөй бир улуттун, бир элдин келечеги менен эртеңи, өнөрү менен өксүгү көөнөрбөй уюп жатат.

Анын макалаларын кыргыз адабиятынын тарыхында рух башат таануу илиминин башталышы болуп саналат. Өзгөчө "Манас" эпосунун курама вариантын түзүп элге тааныштырууда жана эпостун элдүүлүгүн, генезисин тарыхый фактылар менен салыштырып изилдөөгө чоң салым кошсо, Махмуд Кашкаринин "Түркий тилдер сөз жыйнагы", Жусуп Баласагындын "Кутадгу билиг" дастаны жана башкалар тууралу жазылган эмгектери ата мурасына, тарыхка мамиле кылуунун жогорку деңгээлдеги үл- гүсүн аныктай алат.

Адабиятка өмүрүн арнаган жазуучу элибиздин байыртан келаткан адабий, маданий, тарыхый мурастары, эне тилибиздин маселелери, адабият менен искусство тармагындагы байкагандары, публицистикалары өзүнүн замандаштары, элдин көрүнүктүү адамдары жөнүндөгү жазган эмгектери кийинки муунду адеп-ахлактуу тарбиялоо ишине салып кошуп келаткан.

Кыргыз элинин рухий маданиятынын казынасына кошкон зор салымы, чыгармачылык жана коомдук иштеги атуулдук бийик орду үчүн Т. Сыдыкбековго 1997-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам жана эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак Шумкар" өзгөчө берилген.



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (24.09.2012)
Кароолор: 3216 | Тегдер: Сыдыкбеков, Түгөлбай | Рейтинг: 2.0/3

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑