ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ

СЫДЫКБЕКОВ Түгөлбай (1912, Түп району  – 1997, Бишкек) – көрүнүктүү кырг. жазуучусу, акын жана  коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын  эл жазуучусу (1968), КРУИАнын академиги (1954), Кыргыз Республикасынын эл Баатыры (1997). Чыгармачылык жолун 1930-жылдардын башында баштаган. "Күрөш” жана  "Баатырлар” аттуу алгачкы поэтикалык жыйнактары 1933-ж. жана  1936-жылдарда жарык көрүп, аларда жаштарды эмгекке, билим  алууга, жаңы коомду курууга  үндөгөн, эл турмушундагы өзгөрүүлөрдү даңазалаган ырлар топтолгон. 1937–38-жылдарда Сыдыкбековдун "Кең-Суу” романынын эки китеби жарык көргөн. Бул чыгарма кыргыз адабиятындагы туңгуч романдарынын бири. Элүүнчү жылдардын орто ченинде жазуучу романды кайрадан иштеп чыгып, "Тоо арасында” деген ат менен жарыялаган (биринчи китеби 1955, экинчи китеби    1958-ж.).

Жазуучу проза жана  поэзия жанрларында бирдей иштеп, бул жылдарда "Акын – булбул” ырлар жыйнагын (1938), "Ала-Тоодон жетөө” очеркин (1939), "Түн жарчысынан кабар” поэмасын (1939) жана  "Ач көз ата” аттуу ыр менен жазылган жомокту (1940) жарыялаган. "Согуш күндөрүндө” аңгемелер жыйнагында (1943) топтолгон чыгармалары учурдун өктөм талабы боюнча  жазылып, элдин фашисттик баскынчыларга каршы күрөштөгү биримдиги, патриотизми, кайратман эмгеги чагылдырылган. Изи сууй элек окуялардын негизинде жазылган бул чыгармалардын мазмуну өтө жөнөкөй, айрымдары кадимки көркөм этюд шекилинде. Мис., "Эл оозунда” наамындагы чакан чыгармада ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнүн согуш тууралуу сүйлөшкөн сөздөрү  берилип, алардын баары баскынчыларга кыжырдануу билдирет. Ал эми "Пайдага чечилген чатак” аңгемеси эки каармандын диалогу түрүндө курулган. Алардын ортосундагы "чатак” терең каршылыктан келип чыккан эмес, тек гана бир максатка кызмат кылган адамдардын ортосундагы «жөнөкөй эле өз ара түшүнбөстүк. "Замбирекчилер жана экөө” аттуу аңгемеде майдандагы турмуш көрсөтүлөт. Сыдыкбеков 1938–40-жылдарда Кыргызстандын түштүгүндө совет бийлигин бекемдөө окуяларын чагылдырган "Темир” романын жазып, ал өзүнчө китеп түрүндө 1946-ж. жарык көргөн. Андагы сюжеттер өзөгүн Совет бийлигине жан-дили менен берилген башкы каарман Темирдин Бөрүбай, Коңкараев сыяктуу тап душмандарына каршы күрөшү түзөт. Эски түзүлүштүн жактоочулары Совет бийлиги жүргүзгөн иштерге тоскоолдук кылууга аракеттенишет. Бирок, акыр-аягында (кылмыштары ашкереленип жаза тартышат. Сыдыкбеков "Темирде” көр-көм чебердик жагынан алдыга кадам жасаган. Мис., анда "Кең-Сууга” мүнөздүү  көп сөздүүлүк жок, тиричилик деталдарына ашкере кызыгуү байкалбайт. Ошону менен бирге, чыгармада көркөмдүк түзүлүштөр да бар. Мис., анын сюжетинде жүк көтөрбөгөн эпизоддор, элеси эсте калбаган кейипкерлер учурайт. Чыгарманын образын жаратууда автор айрыкча жаш жазма адабияттарда көп кездешүүчү  бир беткейликке жол берип, оң  каармандарды жалаң  гана жакшы, терс каармандарды жаман жагынан көрсөтөт. Алардын арасынан башкы кейипкер Темирдин образы өзгөчөлөнүп турат. Темир төрт тарабы төп келген каарман-акылдуу, Шакылдуу, эр жүрөк, кала берсе кара күчү жагынан да ага эч ким тең  келбейт. Бирок, ушундай сапаттар менен сыпатталган образдын ынанымдуулук жагында мүчүлүштөр бар. Атап айтканда, Темирдин акылмандык жана  кыраакылык сыяктуу касиеттери анын жаштыгына анчалык шайкешпейт, ал эми басмачыларга каршы күрөштө  көрсөткөн жоокердик сапаттары кадимки эпикалык баатырларга окшоштуруп жиберет. Башкача айтканда, башкы каармандын бейнесин жаратууда фольклордук ыкмалар колдонулган. Терс кейипкерлерди сыпаттоодо прозачы жалаң гана күңүрт боёкторду пайдалангандыктан аларга турмуштагыдай жандуулук жетишпейт. 

1938-ж.  "Биздин замандын кишилери” романы Сыдыкбековдун жазуучулук чеберчилиги жаңы баскычка көтөрүл-гөнүн айгинеледи. Согуштан кийин Совет мамлекетин жаш муундарды патриоттук духта тарбиялоонун таасирдүү каражаттарынын бири катарында балдар адабиятынын өнүгү-шүнө көңүл бөлүнө баштады. Ушул коомдук муктаждыкка жооп кылып, Сыдыкбеков "Тоо балдары” романын (1953) жаратты. Кыргыз балдар адабиятындагы туңгуч романда жеткинчектерди мектептеги жана   үй-бүлөдөгү  турмушу, билим алуусу, келечек жөнүндөгү  ой-пикирлери  көрсөтүлөт. Негизги окуялар алдыңкы окуучу Аскар менен кичинекей Динардын, тентек Орусбектин, эски заманда калыптанган Омор карыянын жана  мугалимдер Сабыр, Нина Леонтьевна, Сейитовалардын тегерегинде өнүгөт. Жакшы окуган, коомдук иштерге активдүү катышкан, көптү  билүүгө  ынтызар  өспүрүмдүн образы романда Аскар аркылуу берилет. Ал эми Динардын бейнеси балалык кылык-жоруктары менен кызык. Сыдыкбеков "Тоо арасында” романынан кийин Сыдыкбеков кыргыз элинин революцияга чейинки турмушуна кайрылып, "Зайыптар” аттуу кеңири пландагы чыгарма жаратты. Анын биринчи китеби "Батийна” (1962), "Ашуу” аттуу экинчи бөлүгү  менен бирге толук варианты "Зайыптар” 1966-ж. жарыкка чыккан. Романдын биринчи бөлүгүндө  Батиина, Айнагүл, Гүлсүн, Канымбү  сыяктуу кейипкерлердин тагдыры аркылуу патриархалдык-феодалдык түзүлүш шартындагы кыргыз аялдарынын укуксуз абалы берилет. Ал заманда жалаң  гана кедей катмар эмес, байлар чөйрөсүнө  таандык аялдар да күнкор абалда  өмүр сүргөн. Анткени, патриархалдык каада-салттар алардын бардыгына бирдей тиешелүү  болучу. Башкы кейипкер Батийна оор абалдан суурулуп чыгууга аракеттенет, бирок ошол тарыхый доордун шартында аялзаты эркиндикке чыгышы кыйын эле. Анын максаты – революция жеңгенден кийин гана жүзөгө ашат. Батийна жаңы заманда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,  өзү  сыяктуу кор болгон аялдардын укуктарын коргоого аракеттенет. Аларды билим алууга, эркиндикке  үндөйт. Экинчи китепте атактуу кызылчачы, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарованын тагдыры чагылдырылган. 

"Курбулар” жана  "Сыр ачуу” романында (1977) жаштардын турмушу көрсөтүлгөн. Ал эми "Ыйманбай пейили” романында (1980) "Тоо арасында” романынын негизги каармандарынын бири Ыйманбайдын кийинки турмушу баяндалган. "Жол” (1982) жана  "Бел-белесте” (1996) аттуу автобиографиялык чыгармаларында Сыдыкбеков басып өткөн  узак жана  кызыктуу өмүрү, баштан кечирген окуялары жөнүндө баяндайт. Өзү жашаган доор жана  замандаштары, кыргыз адабияты жана  маданияты тууралуу ой жүгүрткөн. "Көк асаба” романында (1989) орто кылымдардын башындагы (6–8-к.) кыргыз тарыхынын окуялары чагылдырылган. Сыдыкбеков "Манас” эпосунун кошмо вариантын түзүүчүлөрдүн жана  редакторлогондордун бири. Ошондой эле кыргыз маданият жана  тарыхынын маанилүү маселелери боюнча  көптөгөн макалалардын автору. А. С. Пушкин, Н. А. Некрасов, О. Бедный, А. П. Чехов, А. Серафимович, М. Шолоховдун чыгармаларын кыргызчалаган.

Чыгармалары көптөгөн чет элдик тилдерге которулган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендери, медалдар м-н сыйланган.

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (05.12.2012)
Кароолор: 2793 | Тегдер: Сыдыкбеков, Түгөлбай | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑