ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ

КОЖОМБЕРДИЕВ  Турар (1941, Калинин р-ну    1989, Фрунзе)    акын, котормочу. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын  лауреаты (1968). КМУнун филология факультетин (1966) бүтүргөн. Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан басма сөзгө  жарыялана баштап, 1961-ж. "Көлчүктөгү  ай” деген балдар  үчүн биринчи жыйнагы жарык көргөн. Ошол китеби аркылуу эле балдардын дүйнөсүнө балдардын көзү менен караган, бала психологиясын кылдат өздөштүргөн акын адабиятка келгендигин көрсөткөн. Анын ырлары    поэзия менен тартылган сүрөт, уйкаштыктары жеңил жана  ойлору метафоралуу, сүрөттөөлөрү поэтикалуу. 

 

Мен тоолордо төрөлгөм, 

Мен тоолордо көгөргөм.

Ат үстүндө эмизип

Апам бешик өңөргөн...”деп айтканындай акындын поэзиясында анын балалык кезинде кабыл алган тоодогу күндүгү, түнкү  ар кандай элестери анын чыг-лыгына  өзүнчө  идеялык-көркөмдүк  өзөк болуп берген. Кожомбердиевдин поэзиясынын тематикасы абдан бай. Акындын чыныгы  сүрөткерлик поэтикалык дүйнөсү  аркылуу көркөм чагылышка ээ болгон ар кандай турмуштук көрүнүштөр өзгөчө өң-түс, интерпретацияга ээ болот. Ошолордун ичинде эне жана  от темасын акын тарабынан  өзгөчө  сүйкүм менен поэтизацияланган тема. Акын эне менен оттун диалектикалык образын улуттук жашоо образынын негизинде тереңдеп ачып берет. 

Т. Кожомбердиев эне темасына "Эне жана от” аттуу бүтүндөй бир китебин арнаган. Ал эми "Эне жана коломто” аттуу ырындагы жаңылык – жалпы кыргыз поэзиясынын ийгилиги. Анын айрым куплеттерин толугу менен окуп көрөлү:

 

Мейли кышта, бурганактын шаңында,

Мейли күздө, мейли жаздын таңында.

Коломтону элестетсем, энекем,

Күйпөлөктөп отургансыйт жанымды...

Казан шуулдап, түбү көөлүү карарган

От күчөөчү коломтоого таралган.

Эмнегедир от бир буюм сезилчү

Апакемдин колдорунан жаралган.

 

Мындагы бийик маани менен терең ой келип акындын: 

 

"Сен сурасаң үзүп алып очоктон

Күйгөн отту сунаар элем букеттей” деген керемет саптары менен жыйынтыкталат. Мындай ой    күйгөн отту белек кылуу идеясы эч бир акында болгон эмес. Ушу эки сап эле – акындын жаңычылдыгын далилдеген мисалдардын бири.  Эне темасына келгенде акындын китептерин барактап отуруп "Эне” деп аталган узун, жарык керемет бир галереяга кирип чыккандай сезилет. Эненин күнүмдүк майда тирмегинен баштап энелик бакыттын ар кандай учурлары, эне болуу бактысынан кур калган аялзатынын кайгы-касырети экспресивдүү  конкреттүү, предметтүү  көркөм сүрөттөлүшкө  ээ болгон. 

Кожомбердиев "Биз турган жер – бийик тоо” (1965), "Кызыл алма” (1965), "Тоо үстүндөгү күн” (1966), "Таңкы симфония” (1968), "Күн, жер, жүрөк” (1970), "От өчпөгөн коломто” (1972), "Эне жана от” (1972), "Кызгылтым кеч” (1973), "Нурлуу терезе” (1975), "Токтогул ГЭСи” (1976), "Таңкы жылдыз” (1979) деген ондогон поэтикалык жайнактардын автору. Ал традициялуу формада жазган акын. Кыргыз адабиятындагы песня (обонго ылайыкталган ыр) жанрын өзгөчө өздөштүрүп, бийиктикке көтөргөн. Анын сөзүнө көп композиторлор жана  обончулар кайрылып, чыгармаларын жазышкан. Н. Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам” деген повестин, В. Назвалдын ырларын кыргызчага которгон.

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (23.11.2012)
Кароолор: 4961 | Тегдер: Турар, Кожомбердиев | Рейтинг: 2.0/6

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑