ВАСИЛИЙ РАДЛОВ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ВАСИЛИЙ РАДЛОВ

РАДЛОВ Василий (Фридрих Вильгельм; 1837, Берлин    1918, Петроград)    орустун Чыгышты изилдөөчү  илимпозу, илим дүйнөсүнө кеңири таанымал түрколог, этнограф, археолог. Улуту немец. Берлин университетин бүтүргөн (1858). 1884-жылдан Петербург ИАнын академиги. Алтайда, Сибирде, Орто Азияда бир нече жолу экспедицияда болуп, түрк элдеринин тили, оозеки чыг-лыгы, этнографиясы боюнча  материал жыйнаган, Орхон-Енисей жазууларын окуган, түрк тилдерин салыштырма тарыхый метод менен изилдөөгө негиз салуучулардын бири. Радлов кыргыз тилинде жарыялаган китеп окумуштуунун орус тилинде берилген кириш сөзүнөн (Предисловие  – 1-26-беттер), "Манас” (1–368-б.), "Жолой кан” (369–525-б.), "Эр Төштүк” (526–589-б.), кошоктор (590–599-б.) деген төрт бөлүмдөн турат. Көлөм жагынан да, кириш сөздө окумуштуу өзгөчө көңүл бурган мааниси жактан да китептеги башкы бөлүм – "Манас”. Анда эпостун үч бөлүмү – "Манас”, "Семетей”, "Сейтек” толук камтылган, ар бир бөлүмдүн негизги окуялары бүгүнкү  күндө  белгилүү  болгон нукка жакын үлгүдө жети темага бөлүнүп берилген.:

1) Манастын туулганы;

2) Алмамбет бусулман (Радловдо ушул үлгүдө) болуп, Көкчөдөн чыгып, Манаска кирет; 3) Манас менен Көкчөнүн согушканы; Каныкейди алганы, Манас  өлгөн соң тирилгени;

4) Бокмурун;

5) Көзкаман;

6) Семетейдин туулганы;

7) Семетей.

Радлов кагаз бетине түшүргөн "Манас” бөлүмүнүн көлөмү 9449 сап ыр. "Семетей” 1421 сап, "Сейтек” 506 сап ырды түзөт. Үч бөлүмдүн жалпы көлөмү 11376 сап ыр. Китептеги "Жолой кан” деп аталган (369–525-беттер) экинчи бөлүм өзүнчө, бир кыйла көлөмдүү (5322 сап ыр) чыгарма. Андай аттуу жомок эл арасында сакталып калган эмес. Китептин кириш сөзүндө  кыргыз эпосу, анын өзгөчөлүктөрү, айтуучулардын чыг-лыктары жөнүндө окумуштуунун илимий байкоолору, ой-пикирлери баяндалган. Радлов эң алгач кыргыздардын улуу мурасы "Манас” эпосунун салттык негизги окуяларын ирети менен баштан-аяк толук жазып алган, аны кыргыз тилинде китеп түрүндө жарыкка чыгарган,эпостун тексттерин башка элдин тилине которуп жарыялаган жана  бул чыгарманы сактап жана  өнүктүрүп келген айтуучулардын чыгармачылык өзгө-чөлүктөрү жөнүндө кеңири пландагы илимий пикирлерди айткан. Окумуштуунун пикири боюнча  "Манас” реалдуулукка негизделген чыгарма. Анткени, "кыргыз  өз ырларында кандайдыр укмуштуу жана  коркунучтуу, жөө жомоктук дүйнөнү  баалабайт, тескерисинче, ал  өзүнүн турмушун,  өзүнүн сезимдерин жана  умтулууларын, коомдун ар бир жеке мүчөсүнүн өзүндө жашаган идеялдарды даңазалап ырдайт”. Радловдун эмгектеринин ичинен окумуштуу өткөн кылымдын экинчи жарымында жазып алган жана  оригиналдын өз нускасында илимий принциптерге ылайык жарыкка чыгарган "Манас” эпосунун негизги  үч бөлүмүнүн эпостогу кеңири белгилүү  болгон салттык туруктуу окуялары дээрлик бүт камтылып, системалуу түрдө ырааты менен берилген тексттер баа жеткис мааниге ээ. Анткени, кыргыз эпосун изилдеп  үйрөнүүдө, баа берүүдө  ага таандык  өзгөчө  белгилерди тактоодо көптөгөн илимий проблемалар бар. Ушул текст аркылуу анын мазмуну жана  чыгарманын формалык белгилери менен тыгыз байланышта чечилет. Бул алгачкы тексттер болбогондо манастаануу илиминин көптөгөн чоң-чоң маселелери бүгүн жоопсуз калмак же аларды так чечүү, коюлган суроолорго ишенимдүү  фактылар менен бышыкталган так жооп алуу алда канча татаал болмок. Алсак, кыргыз эпосунун башкы темасын, негизги идеясын, окуяларынын  өнүгүш жолун, чыгарманын түрдүү варианттарынын бирдигин айкындап турган уюткуну белгилөөдөгү  орчундуу таяныч жомоктун мурдатан муундан-муунга  өтүп келе жаткан салттык туруктуу окуялары болуп саналат. Бүгүн колдо болгон кеңири мүнөздөгү  көптөгөн варианттарда камтылган маалыматтардын ичинен кайсыл окуялар, көркөм каражаттар менен ыктар, элестүү ыр саптары менен ыр түрмөктөр, үзүндүлөр эпосто мурдатан келе жаткан салттык туруктуу белгилерге жатарын айкындоодо изилдөөчүлөр үчүн эң  негизги жана  талаш туудурбай турган негизги фактылар ошол тексттерден табылат. Мындан башка да кыргыздардын улуу эстелигинин турпаты, маңызы мындан жүз жыл ашуун мурда кандай үлгүдө, мазмунда болгондугун билүүнүн өзү да – илимде зор кызыкчылык туудуруучу маселелердин бири. Радлов илимдер дүйнөсүндө аты кеңири болгон көрүнүктүү окумуштуу, түрк элдерди таануу илиминин улуу өкүлү катары бааланат. Буга белгилүү орус окумуштуусу, академик С. Ф. Ольденбург "Адамдар  өтөт, бирок, алардын жараткандары калат, ал эми  өзүнүн узак  өмүрүндө Радловдун эмгеги көп жана  маанилүү, ошон үчүн анын аты-эстелиги ыйык сакталат” деген баасын берген. 

Радловдун "Манас” эпосуна берген баасы, чыгарманын мазмуну, көркөмдүк касиеттери, жомокту айтуучулардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү байкоолору, жоромолдору, илимий корутундулары маанисинин, тилинин тереңдиги, тактыгы менен

айырмаланып, бүгүн да өз күчүн жоготпойт.

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (29.11.2012)
Кароолор: 4105 | Тегдер: Радлов, Василий | Рейтинг: 1.7/3

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑