ЖУСУП БАЛАСАГЫН - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ЖУСУП БАЛАСАГЫН

ЖУСУП Баласагын (болжол менен 1021 – 1090, Баласагун ш.) – орто кылымдагы Чыгыштын улуу акылманы, философ-акын. Ал дүйн. адабият казынасын "Куттуу билим” аттуу дастаны м-н байыткан. Дастанда чагылдырган жаркын идеялардын бүткүл адамзат  үчүн мааниси  өтө  зор. Ойчул-философ акындын калеминен жаралган бул дастан канча мезгил өтсө да, өзүнүн кунун жоготпой, акыйкат, адилет, ыйман, сүйүү, эрдик сыяктуу асыл сапаттарды даңктаган улуу чыгарма экендигин бышыктап келет. Бул чыгарманын кайсы тилде жазылгандыгы ж-дө окумуштуулар арасында бүгүнкү күнгө чейин кызуу талаш-тартыштардын аягы басыла элек. Көпчүлүк пикир айтуучулар чыгарма байыркы түрк тилинде жазылгандыгын далилдешкен. Бүгүнкү  күндө илимде чыгарманын үч кол жазмасы белгилүү. Биринчи Вена шаарында сакталган кол жазма, аны кээ бир учурларда 1439-ж. Герат шаарында көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу "Герат нускасы” деп аташат. Бул 19-кылымдын 20-жылдарында табылган көчүрмөнү  1796-ж. австралиялык дипломат ж-а окумуштуу Иосиф фон Хаммер-Пуршаль Стамбулдун китеп базарынан тапкан да, Венадагы китепканага тапшырган. Экинчиси  – араб арибиндеги Каир кол жазмасы    немец окумуштуусу А. Морщ тарабынан табылган.  Үчүнчүсү –  1913-жылы окумуштуу Ахмед Заки Валидов Наманган шаарынан тапкан араб арибиндеги нускасы. Ар бир жазманын  өзүнчө артыкчылыгы бар. Ошондуктан, окумуштуулар  үч кол жазманын негизинде анын жаралуу тарыхы, тили, басылышы, мазмундук айырмачылыктары ж-а жалпылыктары, структуралык түзүлүшү, лексикалык составы, идеялык-тематикалык өзгөчөлүктөрү, филос.-этикалык көз караштары ж. б. маселелер тууралуу көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Айрыкча "Куттуу билим” дастанынын которулушу, басылышы, изилденишине салым кошкон илимпоздор    А. Жобер, Г. Флюгель, В. Радлов, С. Малов, Э. Тенишев, Е. Бертельс, А. Егеубаев, К. Артыкбаев, А. Акматалиев, А. Нарынбаев, Ө. Караевдин ысымдарын атоого болот. Бул чыгарманы, автор  өзү  белгилегендей, элүү  жаштан  өтүп калгандан кийин баштап, 18 ай бою күнү-түнү иштеп 1069-ж. Кашкарда аяктаган. Жусуп ошол мезгилдеги салт б-ча кол жазмасын Кашкар ханы Тавгач Кара Буурага (Бограхан) тапшырып, андан Хас-Хажибдик жогорку наам алган. Дастан акыл-насаат берүүчү дидактикалык мүнөздө жазылып, акындын илимдин бардык тармактарында жетишилген ачылыштар, жаңылыктар м-н жакшы тааныш экендиги чыгарманын текстинен байкалып турат. Акындын дүйнөтаанымына, көз карашынын калыптанышына Чыгыштын улуу ойчулдары    Аль-Фарабинин, Абу Райхан Берунинин, Ибн Синанын, Абулкасым Фирдоусинин чыгармалары зор таасир тийгизгендиктен "Куттуу билимде” аалам масштабындагы жогорку филос. ойлордун камтылышы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Ошол учурдун акындары сыяктуу эле Ж. да өз чыгармасын пайгамбар-саабаларды даңазалоо м-н баштаган. Суфизм агымынын таасири чыгармада өтө терең сиңирилген. Кудайдын улуулугу, теңдеши жоктугу, бүтүндүгү, жалгыздыгы, дүйнөнүн башталышы, бардык нерселер анын гана каалоосу, тилеги, ниети, мээрим м-н гана боло тургандыгы дастанда эскерилген. Пайгамбарлардан кийин эле бийлик ээлерине, алардын элге кылган кызматтарына, мартаба-дөөлөттөрүнө  кеңири токтолгон. Мындан сырткары акын экендигин насыйкаттаган. Акындын ою б-ча башка келген дөөлөттү кармап кала турган касиеттер мына булар: мүнөзү иши м-н дал келүү, ынсаптуу болуу, улууну урматтоо, кичүүнү  сыйлоо, кишини кордобоо, бой көтөрүп мактанбоо, текеберчилик кылбоо, ичимдик ичпөө, байлыкты максатсыз чачпоо. Антпеген күндө дөөлөт токтобойт. Ж. өлүм, өмүр туурасында да ой толгоп, тирүүлүктү кадырлоого чакырган. "Эй тирүүлөр, туталанып буулукпа, Тирүү жүрүп өлүм барын унутпа!” – деген эскертүүсүн айтып, адамдарды ак дилде, таза жашоого, басмырт, калыс жашоого үндөгөн. Бул дастанды филос. ойго тунган педагогикалык эрежелердин жыйындысы деп атаса да болот. "Куттуу билим” дастаны түрк элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин мактанычы катары эсептелген орто кылымдагы көөнөрбөс чыгарма

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ




Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (09.11.2012)
Кароолор: 9851 | Тегдер: Жусуп, Баласагын | Рейтинг: 3.5/8

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑