ЖЫЙЫРМАНЧЫ КЫЛЫМДЫН ГОМЕРИ - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ЖЫЙЫРМАНЧЫ КЫЛЫМДЫН ГОМЕРИ


XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев  "Манас” эпосун айтып жатканда окуянын жүрүшүнө карата бир укумуштуудай обонго салып, бирде тоо дарыясындай буркан-шаркан түшүп, бирде сыдырым желдей мемиреп, бирде ботосун жоготкон ингендей боздоп, ар бир каармандын кулк-мүнөзүн кереметтүү сүрөттөп айтканына заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов убагында өтө жогору баасын берген эле.

- Миң жылдаган тарыхый энчини Саякбай Каралаев баштан-аяк өздөштүрүп, баштан-аяк түгөл жат билип. Өлбөс-өчпөс төрт чыгараманын жалындаган жарчысы, тыңдаган ырчысы, талыкпаган күлүгү. Адам баласы эң бир сейрек туюучу ошол элдик энчиден бир дагы кыл жоготпой, бир дагы сөздү унутпай, бир дагы бо`кту өчүрбөй Каралаев биздин улуттук казынабызды сактап, ошол казынага чыныгы художниктерче жанын-канын берип, аны дагы да байытты. Биз үчүн жыйырманчы кылымда Манас менен Каралаев ажырагыс.

Манасты күпүлдөтүп айтканда көз алдыбызга көк жал Манастын өзү келе түшкөндөй болот. Боордош казак элинин улуу жазуучусу Муктар Ауэзов Каралаевди жанындай көрүп, аны "азыркы замандын Гомери, жыйырманчы кылымдын рапсоды”, – деп атап коёр эле.


Алп манасчы Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда 77 жашында өпкөсүнөн кагынып каза болгондо Чыңгыз Айтматов жаш баладай ыйлаганын Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев мындайча эскерди.
- Сакем Манас эпосун тирүү эпос катары алып келди. Тирүү деген себебим эгерде эпос айтуучусу болбосо, кагаз бетинде эле калса эпос "өлүү” болуп калат. Маселен гректердин Иллиада, одиссей деген эпостору айтуучусу жок "өлүү” эпостор. Сакемдин өзүн Чыкем аябагандай кастарлачу эле. Сакем кайтыш болгондо Чыкем кадимкидей жаш баладай буркурап ыйлаган болчу.

Быйыл улуу манасчы Саякбай Каралаевдин каза болгонуна 40 жыл болуптур. Кыргыз элине "Манас”, "Семетей”, "Сейтек” эпосторун,    алардын уландысы катары Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуяларын толук жаздырып, кыргыз элине миллионго чукул ыр сабын мурас кылып калтырган залкар манасчыга татыктуу эстелик тургузууга милдеттүүбүз, дейт Бексултан Жакиев
- Сакеме дагы көрүнүктүү эстелик тургузушубуз керек. Биз ага милдеттүбүз. Милдеттүү болуп жатабыз. Себеби дегенде Сакемдей гигант талант канча бир миңдеген жылдарда бир жаралышы мүмкүн.

Саякбай Каралаев баатырдык эпостордон башка дагы "Азапты көп көргөн Кубат” "Бакытай балбан”, "Делдене баатыр”, "Канаттуу куштар”, "Кара молдо” , "Томор мерген”, "Унутулгус күндөр” , "Бүркүттөр”  деген чыгармаларды жараткан. Анын айтуусундагы "Төштүк” эпосунун варианты Парижде француз тилинде жарык көргөн.

Кыргыздын сыймыгы, залкар манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылдын 7-май күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы  Ак-Өлөң жергесинде жарык дүйнөгө келген. Ал бала кезинен элдик чыгармаларды чоң энеси Дакиштен угуп чоңоет. Чоң энеси болсо Суранчы сыяктуу чоң манасылардан уккан эсте калган ыр саптарын, ошондой эле кара сөз түрүндө баяндалган сюжетин небересинин кулагына куя берген.

Ал он эки жашында Жети-Өгүздө Төлбай деген байдын коюн кайтарып жалчылыкта жүрөт. Өспүрүм  кезинде өзү туулуп өскөн Семиз-Белден Орто-Токойго келатып орто жолдо кара таштын түбүндө уктап калып түш көрөт. Түшүндө кара таш боз үйгө айланып, анын ичине кирсе Каныкей эне тосуп алып, колунан даам таттырат. Даанышман Бакай болсо Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактарды бир-бирден сыпаттап айтып, тааныштырып чыгат.

Ошондон кийин "Манастан” үзүндү айтып, ошол кездеги чоң манасчылар Чоюке Өмүр уулу менен Акылбекке жолугуп, таалим-тарбия алып, эл алдына чыгат.

Саякбай Каралаев кыргыздардын 1916-жылдагы орус падышачылыгына каршы көтөрүлүшүнө катышып, анын айынан Кытайга чейин качып, 1917-жылы кайра мекенине кайтып келген. 1918-1921-жылдарда ыктыярдуу кызыл гвардиячылардын катарында кызмат кылып Алматы, Бухара, Ашхабадга чейин барган.

1921-1931-жылдары Ысык-Көлгө кайтып барып, Маман, Ырдык айылдык кеңешинин төрагалык милдетин аткаруу менен бирге манасчылык өнөрүн да өркүндөтөт.

1935-жылы филармонияга кабыл алынып, 1954-жылга чейин артист болуп иштеп, Москвада өткөн Кыргызстандын адабиятынын жана маданиятынын декадасында "Манас” айтып, партиялык жетекчилердин жана борбор калаанын көрөрмандарын таң калтырат.

Саякбай Каралаев айткан «Манас» эпосун Кыргыз элдик агартуу комитетине караштуу тил жана адабият илим изилдөө институту 1930-жылдан тарта жазып алууну баштап,  анын аткаруусундагы «Манас»,«Семетей», «Сейтек» үч илтигин, Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуяларын толук жазылып алынган.

"Манас” эпосу дүйнөдөгү белгилүү эпостор Гомердин "Иллиадасы” менен "Одиссеясынан” жыйырма эсе, "Шах-Намеден” беш, "Махабхараттан” эки жарым эсе чоңдук кылып, дүйнөдөгү эпостордун эң көлөмдүүсү болуп эсептелет.

Саякбай Каралаев кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн үч жолу "Эмгек Кызыл Туу” жана "Ардак белгиси” ордендери, Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн медалы менен сыйланган. 1939-жылы Кыргыз СССРинин эл артисти деген наам берилген.

Кыргыз элине көөнөрбөс мурас калтырган улуу манасчы Саякбай Каралаев  эки өпкөсүнө суук тийип, 1971-жылы 7-майда ооруканада дүйнөдөн кайткан.

 



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (24.09.2012)
Кароолор: 1970 | Тегдер: Саякбай, Каралаев | Рейтинг: 3.0/2

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑