ЗУУРА СООРОНБАЕВА - Инсандар - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Инсандар

ЗУУРА СООРОНБАЕВА

СООРОНБАЕВА Зуура (1924-ж. т., Аксуу району ) – жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1992), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1996). Чыгармачылык жолун 1946-ж. "Эки жаш”, "Учкуч кыз”, "Корея кызына” ырларын "Ысыккөл правдасы” гезитине жарыялоо менен баштаган. Алгачкы жыйнагы "Менин айлым” (1960) деген ат менен жарык көргөн. Кийин "Достук” (1966) аттуу экинчи китебин чыгарды. Бул жыйнактарда ар кыл темадагы ырлар жана  "Достук”, "Асыранды уул” поэмалары орун алган. Бирок, автор ошол кездеги актуалдуу деп эсептелген социалисттик мелдеш, партия, комсомол темаларынын тегерегинен чыга алган эмес. З. Сооронбаева проза жанрына да кайрылып, өзүнүн чыгармачылык изденүүсүнүн жемиши экенин күбөлөгөн "Жетимдер” (1970), "Астра гүлү”  (1974, 1984), "Андрей” (1974), "Ак чач аял” (1976) повесттерин жаратты. Андан соң "Тоолор билет” (1985), балдарга арналган "Эс алчы, апа” (1986) жыйнагы, "Ленинграддан келген кат” (1989) аңгемелери, "Эркек колукту” (1987), "Сынган мазар” (1989) пьесалары, "Чоочун киши” (1-китеби, 1988), "Чоочун киши” (2-китеби, 2002), "Арман” (2002) романдары жарык көрдү. З. Сооронбаеванын 70-жылдардагы прозалык чыгармалары чоң  адабиятка кошула албаса да, китепкөйлөр тарабынан кызуу кабыл алынды. Себеби, жазуучу чыгармаларында негизинен  үй-бүлө, сүйүү, эл достугу маселесине кенен орун берип, турмуштун тигил же бул жагдайында кандай аракет жасоо керектиги тууралуу сабак тартуулайт. Автор каармандарынын сезимин, курчап турган чөйрөнү  өзгөчө  сезимталдык менен сүрөттөө менен бирге  алардын түйшүктөрүн, кайгы-муңун көбүрөөк чагылдырып берет. Жалпы окурмандардын сүймөнчүлүгү  болгон "Чоочун киши” романында ошого курулуш инженери болуп иштеп жүргөн Толкунбекке үй-бүлөсү барып, анын бейтааныш аял менен келе жатканын көрүп калат. Ушундай кысталыш кезинде автор каармандарынын абалын кылдат баамдап, серептейт, психологиялык жактан ишенимдүү  сүрөттөйт. Жайнагүлдүн жан-дүйнөсү  чакчелекей, будуң-чаң  ой артынан ой сүрдүгүп, күтүлбөгөн санаалар самсыйт. Автор мына ушундай ыңгайлуу шартты пайдаланып,  каармандардын тек-жайына,  өмүр жолдоруна кайрылат. Мунун баары Жайнагүлдүн эскерүүлөрү  аркылуу бир кыйла жыйнактуу жана  логикалуу баяндалган.  Ошол мезгилдерде Зыйнат балалуу болуп, аны Толкунбектин ата-энесинин эшигинин астына таштаган түнү Жайнагүл да эркек төрөп, экөөнү  кош бешик кылып багып алат. Ошол түндөн баштап Зыйнаттын  өзөгү  өрттөнүп, баласы оюнан кетпей, бардык көйгөйүн Толкунбектен чыгарып жүрдү. Ортодо эки  үй-бүлө  бузулду. Зыйнаттын жасаган аракети, махабатты канткен менен Толкунбекти өз үй-бүлөсүн, Жайнагүлдү унуттура албады. Үйүндөгүлөрдөн өгөйлөнүп, жатыркап калганы ушунчалык, аны өз балдары да чоочун киши деп кабыл алат. Чыгарма ушуну менен аяктайт, бирок автор каармандардын кийинки тагдыры тууралуу окурмандарды кызыктырган күдүк ойлорго жооп катары романдын уландысын 2002-ж. жарыкка чыгарды. Жайнагүл баштагыдай Толкунбек деп күйүп жанбады, Толкунбектин ою да бир жаңсыл эмес. Үй-бүлөлүк турмуш өз нугу менен өтүп жатты. Бир күнү Жайнагүлдүн түшүнө Зыйнаттын ата-энеси Эсен менен Аккыз кирип, Зыйнаттын  баласын  өзүнө  берүүсүн суранышты. Бул түш кайненесине, кайнатасына да кирип, бүлүк салды.

"Романтикалуу роман” соңуна чыгып, ар кимиси  өз ордуна келди. Үсөндү  өз энесине берилип, Зыйнат менен Жайнагүл эже-сиңди болуп калышты. "Чоочун кишиге” дейре ондогон мыкты аңгеме, повесттердин автору болгон З. Сооронбаеванын бул чыгармасынын композициялык курулушу тыкан, сюжеттик сызыктардын  өнүгүшү  динамикалуу, каармандардын көтөргөн жүгү салмактуу, ишенимдүү. Өзүнө  таандык стили, сөз куруму, образ түзүү, кейипкердик ич дүйнөсүн туюлуу ыкмасы бар. Анын сүрөткердик талантынын  өзгөчө  касиети баяндалып жаткан окуянын, адам мүнөзүнүн, табиятынын талуу жерин кармап, логикалуу, жыйнактуу  өнүктүрө  алгандыгында. Чыгарманын жеткилең иштелген образдар системасы, көркөм концепциясы, көздөгөн мүдөө-максаты көп жагы менен окурмандын жан-дилине гүлазык берип, ой толгоосуна, кыял-чабытына жем таштайт.

 

 

Материал "КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Инсандар | Кошкон: Admin (05.12.2012)
Кароолор: 2907 | Тегдер: Сооронбаева, Зуура | Рейтинг: 1.9/7

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑