1916-ЖЫЛДАГЫ УЛУТТУК-БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШ. ҮРКҮН. - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

1916-ЖЫЛДАГЫ УЛУТТУК-БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШ. ҮРКҮН.

 Түркстанды орусташтыруу колониялык-улутчул саясаттын негизи катары XX к. башында мурдагыдан да күч алган. Буга 1911-ж. 31-октябрындагы чөлкөмдүн генерал-губернаторунун областтык аскер губернаторлорго: «Жергиликтуу эл бизди келечектеги орус дыйкандарынын ишин жасай турган материал катары кызыктырат, ошондуктан аларга бүт орустарды сыйлоону канына сиңдирүу керек, эгерде кимде-ким баш ийгиси келбесе жеринен ажырап, жакырчылыктан өлөт же Россия алар менен кош айтышат», деген көрсөтмөсү күбө.

Көтөрүлүштүн негизги себептеришш бири орус дыйкандарьгаын көп санда көчүп келүүсү жана аларды отуруктапгтырууда кыргыздарга карата зомбулуктун күчөшү болгон. Орус дыйкандарын борбордук бөлүктөн көчүрүү иштерине 1896-1916 жж. эле 237 млн 310 мин 236 рубль жумшалган. 1916ж. Түркстандагы жалпы калктын 6 процентин түзгөн орустарга айдоо үчүн жарамдуу жердин 57,7 проценти берилген. Ал эми калктын 94 процентин түзгөн жергиликтүү эл айдоого жарамдуу жердин 42,4 процентине гана ээ болгон. Келгин дыйкандар кыргыздарды адам катары көрбөй, суунун башын ээлеп алышып, кыргыздарга суу бербей, аларды жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылышкая.

Падышачылык бийлик жергиликтүү элдин каршылыгын алдын алып Түркстандагы куралдуу күчтөрдөн тышкары келгин дыйкандарды да куралдандыра бапггаган.

1916-ж. көтөрүлүштүн алдында Жети-Суу областындагы келгин дыйкандардын 43 проценти куралданган. Демек, кары-картан, бала-чакадан башка курал алып жүрүүгө жараган келгиндер толук куралданган эле. Өз жери үчүн күрөшкөн кыргыздарды атып салуу адаттагы көрүнүш болуп калган.

                         

1914-ж. башталган дүйнөлүк биринчи согуш, согушка Россиянын катышуусу, ансыз деле эзилип, кыйналып турган колониялык элдин башына түппсөн мүшкүл болгон. Кыргыздар да жалпы элге түшкөн кыйынчылыктан четте калбастан согушка акча, кийим-кече, атчан аскерлер үчүн кыргыз жылкыларын жөнөтүп турган. 1916-ж. 25-июнундагы Падышанын Түркстандын элдеринен аскердик курактагы (19дан 43кө чейинки) эркектерди согуштук коргонуу жумуштарына алуу жөнүндөгү указы, ансыз да падышачылыктын эзүүсүнө, кемсинтүүлөрүнө, жеринен ажырагандыгына аран чыдаган элди биротоло дүрбөткөн.

Падышанын жогорудагы буйругу боюнча Түркстандын Сыр-Дарыя областы 60 мин, Самарканд областы 32,5, Фергана областы 51,3, Жети-Суу областы 43 мин кишини жөнөтүүгө милдеггендирилген.

Мурдатан эле колониялык эзүүнүн запкысы жаньгаа баткан эл эми колго курал алып, ачыктан-ачык боштондук күрөшкө көтөрүлүүгө аргасыз болгон.

Көтөрүлүш 1916-ж. 4-июлда Самарканд областынын Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана областтарына тараган. Фергана обяастындагы июль айындагы көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышкан. Анжиян уездинин калкы чечкиндүү аракеттер менен оадышанын указын аткаруудан ачык эле баш тартышып, атайын түзүлгөн тизмелерди жок кылышкан. Бийлик өкүлдөрүнө, падыша чиновниктерине кол салышкан. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уезддериндеги тоолук кыргыздар да активдүү катышышкан. Наманган уездиндеги көтөрүлүшкө Таласбай Алыбаев жетекчилик кылган.

Боштондук кыймылы Кетмен-Төбөгө, Чаткалга, ТогузТоро өрөөндөрүнө тараган. Ош уездиндеги көтөрүлүш Сулайман тоосунун этегиндеги 10 мнндей адам катышкан жыйын менен июлдун башында башталган. Өзгөндөгү көтөрүлүш да курч мүнөздө өткөн. Август айына карата Кыргызстандын түштүгүнүн көпчүлүк бөлүгү көтөрүлүшкө тартылган.

Кыргызстандын түндүгүндегү кетөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон. Бул жакта элдик кыймыл мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуу деңгээлинде өткөн. Көтөрүлүшкө кыргыз эли менен катар бул аймакта жашаган башка элдердин көпчүлүгү казактар, уйгурлар, дунгандар ж. б. катышкан.

Жети-Суу областынын ар кыл элинин өкүлдөрү катышкан алгачкы жыйын 10-июлда Каркыра жармаңкесине жакын Каман-Карагай деген жерде өтөт. Кеңешмеде аскерге киши бербөө, керек болсо колго курал алып падыша бийлигине каршы күрөшүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Көтөрүлүш июль айында башталып, августта күч алган. Түндүк Кыргызстанда алгачкылардан болуп куралдуу көтөрүлүшкө кеминдик кыргыздар чыгышкан. Бул көтөрүлүштүн жетекчиси катары манап Мөкүш Шабдан уулу хан көтөрүлгөн. Жергиликтүү элдин өз жериндеги феодалдык төбөлдөрдү хан көтөрүп өздөрүнө жетекчи кылышы элдин ан-сезимине сиңгеы салты менен байланыштуу болгон. Колониялык саясаттын азабын тарткан кыргыз элинин көпчүлүк төбөлдөрү кыйын кезеңде эл менен бирге болушкан.

8-августта Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн. 9-августта Ыбрайым Төлв уулу жетектеген көтөрүлүпгчүлөрдүн чакан тобу Ысык-Көлгө бара жаткан аскерлердин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 минден ашуун ок-дары жүктөлгөн арабаны колго түшүрүп алган.

Ошол эле учурда Сарыбагыш жана Атаке болуштуктарында чыккан көтөрүлүшчүлөр Кеминдеги Новоросснйское кьпптагын, казак-орустардын Самсоновка стандиясын курчап турган. Август айынын орто ченинде көтөрүлүш Пишпек уездинин 12 болуштугун кучагына алат. Ысык-Көлдө, Таласта да көтөрүлүшчүлөр күч алат.

Көтөрүлүшкө Тенир-Тоодогу кыргыздар да активдүү катышкан. Кочкор өрөөнү бул жактагы көтөрүлүштүн чордонуна айланат. Көтөрүлүшчүлөр болуш Канат Убуке уулун (Канат Абукин) хан көтөрүп, өздөрунүн башчысы кылып шайлашкан жана ага баш ийүүгө ант беришкен. Ал 30~40тай барданке, бинтон, кош ооз түтөтмө мылтык, негизинен шыргыйдан жасалган найза, айбалта менен куралданган 2-3 миндей аскери менен август айынын башында Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө аттанган.

Канат хандын стратегиялык урушту так бялген, саясий жетекчилик кыла турган билимдүү адамы болгон эмес. Канаттын аскерлери Чүйгө түшүп туш келген орус кыштактарына кыргын салган. Анын аскерлери адегенде эски Токмокту каратып, чоң Токмок шаарын 13-22-августта он күндөй камоого алган.

Канат хан жетекчилик кылган көтөрүлүшчүлөр Алматы менен Ташкенден келген 1,6 миң падыша аскерлери менен беттешкен. Өтө начар куралданган кыргыз көтөрүшчүлөрү замбирек, мылтык менен куралданган регулярдуу аскер бөлүктөрү менен жан аябай салгылашып эрдиктердин үлгүлөрүн көрсөтүшкөн, алардын көпчүлүгү эркиндик үчүн баатырларча курман болушкан.

Көл кылаасындагы көтөрүлүш да өтө курч мүнөздө өткөндүгү менен айырмаланган. Бул жактагы көтөрүлүш 5августта башталып, 10-августта бүткүл Ысык-Көл ойдукун, Каркыраны кучагына алат. Каркырадагы көтөрүлуштө кыргыздар, казактар, уйгурлар жана дуңгандар ал жактагы 500дөн ашуун дүкөнчөлөрдү талкалашкан. 11-августта кыргыздар менен дунгандар биргелешип Караколго чабуул коюшкан. 13—14-августта көтөрүлүшкө Челпек, Бөрүбаш айылдарындагы сарт-калмактар да активдүү катышышкан.

Көтөрүлүш башталаары менен эле анын Түркстанга тарашынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал А. Н. Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган. 1916-ж. 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министринин буйругу менен Түркстанга 11 батальон, 3,3 миң казак-орус жөнөтүлгөн. Алар 42 замбирек, 69 пулемет менен куралданган.

Падыша өкмөтү Сыр-Дарыя, Самарканд, Фергана областтарындагы көтөрүлүштөрдү июль айынын аягында басып коюуга жетншкен. Жети-Суу областы жогорку областтардан келгин дыйкандардын көптүгү, ошого жараша жергиликтүү элдии келгиндер тарабынан көбүрөөк кордук көрүп, жер-суу маселесшшн өтө курчуп кеткендиги менен өзгөчөлөнүп турган. Жети-Сууда көтөрүлүш башка областтардагы козголоңдор басылып калганда башталгандыктан, орус төбөлдөрү Түркстандагы куралдуу күчтөрдүн баарын аталган областтагы көтөрүлүштү басууга жумшаган. Жалпысынан алганда, Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан геиерал-губернаторлугунуи аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскерлер болгон. Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылганын айтканбыз.

1916 ж. 15-августунда Жети-Суу областынын аскер-губернатору М. А. Фильбаум орус дыйкандарынан көтөрүлүшчүлөрдү басуу үчүн атчан жана жөө кошуундарды түзүү жөнүндө көрсөтмө берген. Түркстандын генерал-губернатору А. Н. Куропаткин көтөрүлүшчүлөрдү жазалоону женилдетүү үчүн

1916 ж. 12-августунда убактылуу аскер талаа сотторун түзүүгө буйрук берген.

Айры, чалгы, найза, кылыч, союл, барданке, бараң, бир аз мылтык менен куралданып, чаржайыт көтөрүлгөн элди басып коюш, падыша аскерлери үчүн анчалык кыйынчылыкка турган эмес. Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүндө чыккан көтөрүлүштөрдү мыкты куралданып, согуш тактикасына үйрөнгөн казак-орустар өтө канкордук менен жазалап, кыйратып турган. Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлүпгчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болгон. 21-августта бул жерде 4 миндей көтөрүлүшчү он, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшкан. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 миндеи ашуун көтөрүлүшчүлөр катышкан. Сентябрь айында падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болбосо, көтөрүлүш негизинен женилген.

Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз басууга, жергиликтүү элди кырып-жоюп, мал-мүлкүн тоноп, айылдарын өрттөөгө көрсөтмө берген. Келгин дыйкандарга көтөрүлүштүн натыйжасындагы чыгымдарын көтөрүлүшчүлөрдүн мал-мүлкү аркылуу толуктап алууга уруксат берген. Ал эми аскер-талаа соттору көтөрүлүшкө катышкандарды атууга өкүм чыгарышып, ошо замат өкүмдү аткарып турган.

Жазалоочу отряд жана аларга жардам берген келгин дыйкандар көтөрүлүшчүлөрдү гана эмес, көтөрүлүшкө катышпаган тынч элди, кары-картан, жаш балдарды, аялдарды кыргынга учураткаи. Мисалы, Беловодскидегн 500дөн ашуун кыргыздарды көтөрүлүшкө катыштыңар деп, сарайга камашып, эртеси баарыи мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Ушундай эле окуя Ысык-Көлдүн башындагы Теплоключенка айылында болуп, 500дөй киши өлтүрүлүп, 100дөн ашык адамдын өлүгү Ак-Суу суусуна ыргытылган. Пржевальск шаарындагы жергиликтүү 700 дунгандан 6 гана киши тирүү калган.

Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш маана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн (качышкан). Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын, талануудан калган малын айдап, азьга-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган.

Жазалоочу отряддардан Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүнүн элдери өзгөчө көп жапа чеккен. Ушул кыйын кезенде элин кыргындан сактап калуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасаган элдик азаматтар болгон. Алсак, Чүй өрөөнүнөн чыккан болуш Дүр Сооронбай уулу, Ысык-Көлдүк белгилүү инсан Кыдыр аке, Суусамыр өрөөнүнөн Түркмөн бөлуш падыша бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өздөрүнө караштуу 400-500 түтүн элдерин Кытайга качырбай кармашып, жазалоодон, азап-тозоктон куткарып калышкан.

Бирок кыргыз элинин көпчүлүгү жазалоочу аскерлеринин кыргынынан кутула алган эмес. Өлгөндөн аман калгандар Кытай жергесине баш калкалаган. Кытайлык маалыматтар боюнча Жети-Суу областынан эле Кытайга 332 миң адам качып барган. 1916-ж. көтөрүлүштө 200 миңге жакын кыргыздар өлүп, Түндүк Кыргызстандын калкы 41,4 процентке азайган. Бул аз келгенсип, падыша өкмөтү 1916-ж. октябрда Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көлдө калган кыргыздарды толук бойдон Тянь-Шанга көчүрүү жөнүндө чечим кабыл алган.

1916 ж. көтөрүлүш Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялардан болгон. Көтөрүлүшкө кыргыздардан тышкары жергиликтүү элдердин өкүлдөрү катышкан. Көтөрүлүш жеңилип, өтө мыкаачылык жол менен басылганына карабастан Түркстан чөлкөмүндөгү колониялык бийликти кыйла бошоңдоткон. Эл эркинднк үчүн күрөштүн болуп көрбөгөндөй тажрыйбасына ээ болгон. Кыргыз элинин ата-бабадан мураска калган жерине толук ээ болууну, эркиндиктн, теңднкти энсеген бул күрөшү Кыргызстан тарыхынын маанилүү барагы катары бааланат.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (25.10.2012)
Кароолор: 18806 | Тегдер: көтөрүлүш, үркүн | Рейтинг: 2.0/6

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑