ЧҮЙЛҮК ЖАНА ТАЛАСТЫК КЫРГЫЗДАРДЫН РОССИЯНЫН БУКАРАЛЫГЫН КАБЫЛ АЛЫШЫ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

ЧҮЙЛҮК ЖАНА ТАЛАСТЫК КЫРГЫЗДАРДЫН РОССИЯНЫН БУКАРАЛЫГЫН КАБЫЛ АЛЫШЫ

 XIX к. 60-жж. Кокон хандыгы менен Россиянын тирешүүсү күч алып, Жети-Суу аймагы, анын ичинде Чүй өрөөнү, бул карама-каршылыктар даана байкалган аймакка айланган. Түштүк кыргыздарынан айырмаланып, түндүк кыргыздары Кокон хандыгынын саясий турмушунун пассивдүү байкоочулары болушкан. 1860-1862-жж. сарыбагыш уруусунун тынай уругунун маналтары хандыктын саясий турушуна жандуу аралашууга далалат жасап көрүшөт. Бирок хандыктагы саясий окуялардын өнүгүү өңүтүн ачык баамдай алышпагаядыктан улам, так ээлери менен мамилелерин үзүшкөн.

Чүй боорундагы кыргыз урууларын Россиянын курамына киргизүү маселесине 60-жж. башында падыша өкмөтү чечкиндүү киришкен. Ал үчүн орус аскерлери Чүй өрөөнүндөгү кокондук чептерди ээлеши керек эле. Муну сезген Кокон ханы да ак падышанын колу менен беттешүүгө камыньга, Чүйгө сарбаздарын топтогон. Россия менен кокондуктар тирешип турган мезгилде чүйлүк кыргыздар бейтарап абалда болушуп, көпчүлүгү тоо аралай жайлоолорго көчүп кетишкен. Падыша аскери Циммермандын кол башчылыгы астында 1860-ж. 23августта Верныйдан чыгып, 26-августта Токмок чебин басып алып, аны 28-августта толук кыйраткан. Чептеги 100 сарбаз колго түшүрүлгөн. Ошол күнү ага казак-орус кошууну менен

А.  Г. Колпаковский кошулган. Эртеси алар Бишкекти көздөй бет алышат да, 31-августта бул чепти ээлешкен. Коргондун кыйла бөлүгү кыйрап, акыры Атабек датка, Алишер датка баштагак 627 сарбаз багынып берген.

Орус аскерлери менен Кокон хандыгынын кошуундарынын ортосундагы беттешүү 1861-ж. 20-октябрда Узун-Агач бекети жайгашкан Кара-Кастек өнүрүндө өткөн. Алымбек датка өз кошууну менен согушка кирбей койгон. Бул салгылашта орус аскерлери Кокондун кошуундарьш бнр топ жоготууларга учуратып, артка чегинүүгө мажбур кылган. Бул кармашта Шабдан Жантай уулу кыргыз жигиттерин баштап, орус аскерлерине каршы эрдик менен согушкан.

Узун-Агачтагы салгылашуудан көп өтпөй 1862-ж. сарыбагыштын тынай уругунун чон манабы Жантай Карабек уулу Верныйга барып, Чүй өрөөнүндөгү кеминдик кыргыздар Россиянын карамагына өтөөрүн билдирет. Ушундан кийин Жантай жана анын уулу Шабдан орус бийлигине кызмат кылууга өтүшкөн. Ормон хан өлгөн соң Жантай сарыбагыш манаптарынын кадырлуу башчысы болуп калган. Орус өкмөтү ага

1967-ж. полковник чинин ыйгарган жана алтын медаль менен сыйлаган.

1962-ж. жайында Чүй өрөөнүнүн Бишкектен Таласка чейинки жеринде жайгашкан солто уруусунун чоң манабы Байтик Канай уулу кокондук аким Рахматуллага каршы күрөш баштаган. Байтик баатыр Рахматулланы айла меиен тойго чакырыл, келген соң аны өлтүргөн. Кокондуктардын Чүй өрөөнүндөгү бегин жайлаган соң кыргыздар бир нече күн Бишкек чебин камалал турган. Сепилди ала албасына көзү жеткен Байтик баатыр иниси Сатылганды Берныйга жөнөтүп,

А.  Г. Колпаковскийден жардам сураган. Түндүк Кыргызстанды Россияга биротоло каратууга даярданган орус аскер башчысы 1200 солдаты менен жардамга дароо аттанып, 13-октябрда Бишкек чебине келген. Орус аскерлери менен Байтик баштаган кыргыздардын биргелешкен аракетинин натыйжасында 24-октябрда чеп орустардын колуна өтүп, эки күндө кыйратылган.

Байтик баатыр кийинчерээк өзүнүн 200 жигити менен орус аскерлерине кошулуп, Мерке, Олуя-Ата, Чымкент ж. б. бир топ кокон чептерин алууга түздөн-түз катышкан.

Байтик баатыр баштаган көтөрүлүш солто уруусунун бир канатынын гана нааразылыгынан келип чыккандыгын, солтолордо антикокондук маанай жалпы көрүнүш болбогондугун белгилей кетишибиз керек. Алсак, ошол кезде манаптар Жангарач, Маймыл жана Тыиаалы бийлеген солто уруусунун бир бөлүгү орус бийлигиие баш ийүүнү каалабай, Таластын баш жагына көчүп кетишкен. А түгүл алар орус аскерлерине каршылык көрсөтүш үчүн кол курашкан. Жангарач манап өлгөи сон 1864-ж. анын уулдары жана Көкүм ыанап орус төбөлдөрү менен ымалага өтүшкөн.

Таласка көчө качкан кыргыздар өздөрүнүн жолбашчылары жок болгондон кийин, 1865-ж. гана Россияга баш ийген. Алар менен бирге Таластагы негизги уруулар саруулар менен кушчулар орустардын бийлигин тааныган. Демек, чүйлүк жана таластык кыргыздарды Россиянын курамына киргизүүдө ыктыярдуулук менев катар куралдуу зомбулук да колдонулган.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (24.10.2012)
Кароолор: 1205 | Тегдер: Россия | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑