ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН АГРАРДЫК САЯСАТЫ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН АГРАРДЫК САЯСАТЫ

Эгемендүү Кыргызстандын жалпы жер аянты 19,6 млн га, анын ичинен айыл чарбасына жарактуу жер 10,6 млн га же 55,8 процентти түзөт. Жердин 44,2 проценти айыл чарбасына жараксыз. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин айдоосуна (огороддорду эсептегенде) 12,3 процент, дың жерлерге 0,1 процент, көп жылдык өсүмдүктөргө 0,4 процент, чөп чабындыга 1,7 процент, табигый жайытка 85,6 процент туура келет.

Кыргызстандын эл чарбасынын негизин түзгөн айыл чарбасын өнүктүрмөйүнчө эгемендүү республикабыз эч качан алдыга жылбасы белгилүү. КМШ боюнча алганда айыл-кыштак калкы орто эсеп менен 30 проценттен ашпаса, бүгүнкү күндө Кыргызстандын айыл-кыштактарында анын калкынын 60 проценттен ашыгы жашайт. Кыргызстандын келечеги айыл чарбасынын өнүгүшүнө кандай деңгээлде байланыштуу экенин ушундан эле баамдасак болот.

Мурдагы колхоз-совхоз системасы өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып бүткөндүктөн 80-жж. эле алардын көбү жанбактылык маанайда болуп калышкан. Алардын мамлекетке карызы жылдан жылга өскөн. Ошондуктан айыл чарбасын рынок экономикасына ылайыкташтыруу үчүн Кыргызстанда 1991 -ж. баштап жер жана агрардык реформасы жүргүзүлө баштаган.

Жаңы агрардык саясат боюнча колхоздорду, совхоздорду, фермердик чарбаларды, арендалык, кооперативдик чарбалардын бирдей иштешин камсыз кылуу; өткөөл мезгилде тамекиге, пахтага, этке, жүнгө, жашылча-жемишке, мамлекеттик монополияны сактоо; айылда майда бизнести, ишкердүүлүктүн бардык тармактарын ар тараптан өркүндөтүү ж. б. каралган.

Реформаны акырындык менен, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, элдин мүдөөсүн, даярдыгын эске алуу менен жүргүзүү агрардык саясаттын негизги милдети эле. Адегенде экономикалык жактан өтө начар колхоз, совхоздордун жерлерин алып мураска калтыруу укугу менен дыйкандарга берүү, дыйкан чарбаларынын кеңири тармактарын түзүү каралган.

Реформанын жүрүшүндө бир катар кемчиликтерге орун берилип, айрым чарба жетекчилери тарабынан «Жер кодекси», «Жер реформасы», «Дыйкан чарбалары жөнүндөгү» мыйзамдар одоно бузулган. Айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын талап-тоноого жол берилген. Натыйжада дыйкандардын кызыкчылыктары эске алынбай, укуктары четке кагылган. Айыл чарба өндүрүшү кескин түрдө төмөндөп кеткен. Республиканын калкын азык-түлүк менен камсыз кылуу начарлай баштаган.

1993-ж. аягында 172 колхоз жана совхоз таркатылып, алардын ордуна 17,5 миң дыйкан чарбалары, 197 кооперативдер, 120 майда ишканалар, 119 ассоциациялар жана 9 акционердик коомдор түзүлүп, алар айыл чарба продукциясынын 52 процентин өндүрүшкөн. Ушул жылдын июлунан баштап айыл чарба продуктыларын мамлекет рынок баасында сатып ала баштаган.

1995-ж. карата республикасындагы дыйкан (фермер) чарбаларынын саны 21,1 миңге жеткен. Булардын ичинен айрым чарбалар тез арада эле рынок мамилелерин өздөштүрүшүп, өндүрүштү жолго коюуга жетишип, пайда көрө баштаган. Тилекке каршы, жаны типке өткөн көпчүлүк чарбалар экономикалык өтө кыйын абалга дуушар болушкан. Мунун себептери өтө көп эле. Жер алган дыйкандардын көпчүлүгүнүн аны иштетүү үчүн техникасы, үрөндөрү болгон эмес. Агротехникалык эрежелер колдонулбай калган. Инфляциянын күч алышы кредит алган дыйкандарды оор абалга калтырган. Жерди теңдеп бөлгөндө ар бир үй-бүлөгө орто эсеп менен 1-3,5 га жер туура келип, бул жерлерде түзүлгөн дыйкан чарбаларынын көпчүлүгү алсыз, конкуренцияга туруксуз майда чарбалар болуп калган. Көпчүлүк дыйкандар натуралдык чарба жүргүзүшүп, өз үй-бүлөсүн эптеп бакканга жараган.

Кыргызстандын айыл чарбасынын негизин түзгөн мал чарбачылыгындагы абал да начарлап кеткен. 1992-ж. чейин республиканын айыл чарбасынын кирешесинин 35 процентин кой чарбасы берген. Бийик тоолуу райондордун кирешелеринин 95 проценти да ушул кой чарбасынан алынчу.

Реформа жылдарында республикадагы койдун башы кескин азая баштаган. 1994-ж. январда республиканын бардык чарбаларында 7,5 млн баш кой калган. Ал эми 1995-ж. январга карата алардын саны 4,5 млн башка түшкөн. Кой тирүү товарга, ал тургай товарлардын эквивалентине айланып, күндөлүк керектелүүчү товарларга алмашыла баштаган.

Реформа жүргүзүлгөн алгачкы беш жылда дыйканчылык да өтө начарлап кеткен. Дан эгиндери менен тоют өсүмдүктөрүн айдоо 21-23 процентке төмөндөгөн. 1994-ж. эгиндин дүң жыйымы 1993-ж. салыштырганда 35 процентке, дыйканчылыктын дүңжыйымы 20 процентке ылдыйлаган.

Айыл чарба өндүрүшү кредиттик-финансылык жактан колдоого ээ болмоюнча өнүгүшү мүмкүн эмес эле. Реформанын жылдарында мамлекет «Дыйкан ордо» уюму, «Дыйкан банкы» аркылуу кредиттерди бөлүштүрө баштаган. Бирок миллиондогон сомдук кредиттер ортодон уурдалып, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жетпей калган.

Жер жана агрардык реформанын жүргүзүлүшүнүн натыйжасында 1991—1998-жж. Кыргызстандагы 515 колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканалары реформаланып, алардын базасында 54,5 мин жеке чарба, 367 айыл чарба кооперативи, 318 коллективдүү дыйкан чарбалары, 47 акционердик коомдор жана 8 агрофирма түзүлгөн.

Жер жана агрардык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында республиканын агро-өнөр жай комплексинде рынок мамилелеринин калыптанышы үчүн укуктук жана экономикалык негиздер түзүлгөн:

-    айыл чарбасында жеке, коллективдүү жана мамлекеттик менчикке негизделген көп укладдуу экономика түзүлгөн;

-   айыл чарба продукциясын өндүрүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө монополия жоюлган;

-     жеке менчиктин киргизилиши менен өндүрүштүн натыйжалуулугун көтөрүү үчүн шарт түзүлгөн;

-    чарба жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын, илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин пайдаланууда, продукциялардын сапатын жакшыртууда конкуренцияга кеңири жол ачылган;

-    дыйкандар менен фермерлердин продукция өндүрүүдөгү жоопкерчилиги өскөн, алардын чарбаны натыйжалуу жүргүзүүгө болгон кызыкчылыктары жогорулаган.

Жетишкендиктерге карабастан реформанын жүрүшүндө бир катар кемчиликтер кетирилип, кыйынчылыктар пайда болгон:

-   айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасы кыйроого учураган. Техникалар, короо-сарайлар бүлүнүп талоонго учураган;

-   өндүрүш кескин түрдө төмөндөгөн, натыйжада айыл чарбасынын кирешеси азайган;

-    машиналарды, жабдууларды, үрөн, жер семирткичтерди, майлоочу жана күйүүчү майларды алуу үчүн капитал жетишсиз болгон;

-     мурда пайдаланылып жүргөн көпчүлүк жерлер иштетилбей калган;

-     айыл жеринде жумушсуздук жана жакырчылык күч алган;

-    кол эмгек менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүү кыйынчылыкка турган.

1998-           ж. баштап Кыргызстандагы жер жана агрардык реформасы дагы бир баскычка көтөрүлдү. Жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча жерге жеке менчик киргизилген. Буга байланыштуу айрым мыйзамдар кайра каралып Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндөгү кодекси», Кыргыз Республикасынын «Кооперация жөнүндөгү» жана Кыргыз Республикасынын «Дыйкан (фермер) чарбалары жөнүндөгү» мыйзамдары иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1999-ж. майда кабыл алынган. Бул мыйзамдар республиканын агро-өнөр жай чөйрөсүндө топтолгон маселелерди чечүүдө, өндүрүштүк мамилелерди жөнгө салууда маанилүү укуктук негиз болуп калды.

2000-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти республиканын Жогорку Кенешине жер реформасына байланышкан мыйзамдарды өзгөртүү сунушу менен кайрылды. Жогорку Кеңештеги талкуудан кийин «Жер Кодексинен» жерди сатууга жана сатып алууга тыюу салган беш жылдык мараторий жөнүндөгү статья алынып ташталды. Ал эми 2001-ж. август айында Кыргызстандын Өкмөтү айыл чарбасындагы жер участокторун сатуу, сатып алуу тартиби жөнүндө Жобону бекитти. Ошентип, республиканын айыл чарбасынын рынок мамилелерине өтүшүн тездетүү үчүн дагы бир чечкиндүү кадам жасалды.

Агрардык реформанын натыйжасында 2002-ж. жыйынтыгында айыл чарба продукцияларынын 90 проценти жеке менчик чарбаларда өндүрүлгөн.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (07.02.2013)
Кароолор: 3221 | Тегдер: агрардык, кыргызстандыктар, эгемендүү Кыргызстан | Рейтинг: 2.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑