ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШТАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШТАГЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эн маанилүү окуя болгон. Республиканын эгемендүүлүккө жетиши, СССРдин коомдук-саясий системасынын кординалдуу реформаланышы менен шартталган.

Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстанда биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүштү, республиканын ички жана тышкы саясаттарын аныктоо керек эле. Бул үчүн адегенде Кыргыз Республикасынын Конституциясын (негизги закон) иштеп чыгып кабыл алуу милдети турган.

1990-ж. аягында эле жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык комиссия түзүлгөн. Бул комиссия бир жарым жылдык мөөнөттө Кыргызстандын Конституциясынын биринчи долбоорун иштеп чыккан. Долбоор жалпы элдик талкууга коюлган.

Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин (бул аталыш жаңы Конституцияга мурдагы Жогорку Советтин ордуна киргизилген) XII сессиясында талкууланып, 1993-ж. 5-майда кабыл алынган. Ошондуктан 5-май жалпы элдик майрам катары белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргызстандын элинин эркине жана кызыкчылыктарына ылайык Кыргызстандын коомдук түзүлүшүнүн жана саясатынын негиздерин аныктаган. Мындан тышкары бул документте республиканын мамлекеттик органдарынын тармактары такталып, алардын түзүлүшү жана ишмердиктери, граждандардын укуктары менен милдеттери бекитилген.

Конституцияда Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) укук туткан, динге негизделбеген мамлекет болуп түзүлгөн эрктүү, биримдиктүү, демократиялуу республика. Кыргыз Республикасынын эрктүүлүгү чектелбейт. Ал анын бүтүндөй аймагын камтыйт. Кыргыз Республикасынын эли эрктүүлүктүн ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы. Эл өз бийлигин түздөн-түз, ошондой эле мамлекеттик органдар системасы аркылуу ушул Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт. Эл шайлаган Жогорку Кеңеш жана Президент гана Кыргызстандын элинин атынан сүйлөөгө укуктуу деп жазылган.

Кыргыз Республикасында Мамлекеттик бийликти Кыргыз Республикасынын Президенти, эки палатадан: Мыйзам чыгаруу жыйынынан жана Эл өкүлдөр жыйынынан турган Жогорку Кеңеш, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Жергиликтүү мамлекеттик администрадиялар, Конституциялык сот, Жогорку сот, Жогорку Арбитраждык сот, соттор жана сот адилеттиги системасынын судьялары Конституцияда белгиленген бийлик укуктарынын чектеринде жүргүзүшкөн. Мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлигинин органдары өз алдынча жана бири-бири менен эриш-аркак иштешет. Президент мамлекеттин башчысы катары мамлекеттик бийликтин биримдигин жана Конституциянын бузулгустугун камсыз кылат. Конституция жана мыйзамдар Кыргыз Республикасынын граждандарынын укугу менен эркиндигинин кепили болуп саналат, мамлекет органдарынын макулдашып иштешин жана биргелешип аракеттенүүсүн камсыз кылат.

Өлкөдөгү жана республикадагы өзгөрүүлөргө ылайык Кыргызстан Республикасынын Жогорку Совети 1992-ж. 26-февралда «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» мыйзам кабыл алган.

1992-ж. Республиканын жергиликтүү аткаруучу бийлик органдарын реформалоо жүргүзүлүп, Президенттин Указы менен шаарларда, областтарда, райондордо акимдик башкаруу киргизилген. Акимчиликтер мурдагы жергиликтүү советтердин алдындагы аткаруу комитеттеринин аппараттарынын негизинде түзүлгөн.

Кыргызстанда мыйзам чыгаруу бийлиги беш жылда бир шайлануучу, 350 депутаттан турган Жогорку Кеңешке таандык болгон. Бул орган 1990-ж. февралда шайлангандыктан мөөнөтү бүткүчө иш жүргүзмөк. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши республиканын эгемендүүлүгүнө жетүү жолунда жана көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында саясий мааниге ээ бир катар документтерди: «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияны» (1990ж. 15-декабрь) «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациясын» (1991-ж. 31-августта) кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Желегин (1992-ж. 3-март), Гимнин (1992-ж. 18-декабрь), Гербин (1994-ж. 14-январь) аныктоодо да Жогорку Кеңеш чоң иштерди жасаган.

Конституцияны кабыл алгандан кийин бийликтин башкы эшелонунда саясий оюндар күч алып, мамлекеттик бийликтин бутактарында кризистик абалдар түзүлгөн. Кризис өзгөчө мыйзам чыгаруучу бийликте курчуган.

1994-ж.  сентябрда парламент экиге бөлүнгөн. Анткени депутаттык корпустун көпчүлүгүн аткаруу жана сот бийлигинин тармактарында иштегендер түзгөн. Алар өздөрүнүн депутаттык кол тийбестик укугун жоготуудан чочулашып жаңы Конституциянын негизинде 1993-ж. бийликтин бардык бутактарына шайлоо жүргүзүүгө каршы болушкан. Ошол эле депутаттар 1994-ж. 13-сентябрда өздөрүнөн депутаттык укуктарын өткөрбөй туруп Жогорку Кеңештин ишине катышуудан баш тартышкан. Ушул аркылуу алар парламенттин ишин ичинен токтотууга аракет жасашкан. Натыйжада Кыргызстан парламентсиз калган. Бул учурда коом мыйзамсыздыктан тажап, саясий жана экономикалык реформалар жаңы закондорго өзгөчө муктаж болуп турган. Ошол кезде өкмөт да юридикалык жактан отставкада болуп, формалдуу гана иштеп жаткан. Сот бийлиги реформалана элек болчу. Бардык бийликти Президент өзү жүргүзө баштаган. Мына ушундай кырдаалда Президент Аскар Акаев республикада саясий туруктуулукту камсыз кылуу, Борбордук шайлоо комиссиясын түзүү жана кош палаталуу парламент түзүү боюнча референдум өткөрүу жөнүндө Указ чыгарган. 1994-ж. 22-октябрда өткөн референдумда эл эки палаталуу парламентти түзүүгө макулдугун берген.

1995-ж.  февралда эки палаталуу Жогорку Кеңешке шайлоолор болуп өткөн. 28-мартта Жогорку Кеңештин эки палатасынын: Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын биринчи сессиясы иштей баштаган.

Мамлекеттик бийликтин кризиси, мурдагы парламенттин тарап, жаңы эки палаталуу Жогорку Кенештин түзүлүшү Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылган. Ушуга байланыштуу 1996-ж. 10-февралда Республикада референдум өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Бул боюнча Кыргыз Республикасы башкаруунун парламенттик формасынан президенттик башкарууга өткөн. Президентке кенири укуктар берилген. Ал боюнча Президент Өкмөттүн структурасын аныктап, Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен Республиканын Премьер-министрин дайындаган, ал эми Премьер-Министрдин сунушу боюнча өкмөттүн мүчөлөрүн, Эл өкүлдөр жыйынынын макулдугу менен Кыргызстандын Башкы Прокурорун, Республиканын Улуттук Банкынын Башкармасынын төрагасын дайындаган ж. б.

Жогорку Кеңеш эки палатадан: туруктуу иштөөчү 35 депутаттан турган Мыйзам чыгаруу жана сессиялык жол менен иштөөчү 70 депутаттан турган Эл өкүлдөр жыйынынан турган. Эки палатанын депутаттары тең 5 жылга шайланышкан.

2005-ж. февраль айында Кыргыз Республикасынын бир палаталуу Жогорку Кеңешине шайлоолор болуп өткөн. Бул шайлоолордун жүрүшү саясий кырдаалдын курчушуна алып келген.

Мамлекеттик бийликтин жаңыланышы. Кыргыз эли калыстыкты, адилеттикти туу туткан калк. Башына оор күндөр түшсө, аны сабырдуулугу менен жеңип келген. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы кыйынчылыктарда, баарынан да тамак-аштын, нандын тартыштыгында элибиз чыдамкайлыкты көрсөтүп, жашоого үмүттүү карашты. Мурдагы бийлик да көз-карандысыз мамлекетти түптөө, анын эл-аралык аброюн көтөрүү, элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча зор иштерди аткарганын танууга болбойт. Бирок, соңку жылдары бийликтин аракеттери жакшы натыйжа бербей, элдин бир бөлүгүнүн нааразычылыгын пайда кылды. Жашоонун башкы мыйзамы болгон Конституция бийликтегилердин кызыкчылыгына ылайыкташтырып, улам-улам өзгөртүлө берди. Нааразы болуп көчөгө чыккан элге курал колдонуп, Аксы жергесинен 6 киши ок атуудан курман болду. Ондон ашыгы оор жарадар болду. Бул 2002-жылдын 17-18-марты болчу. Өз элине ок аткан ушул окуядан кийин мамлекет жетекчилерине ишенбөө ого бетер күчөдү, Шайлоолор учурунда элдин добушу бурмаланып, адилетсиздик бул жагынан да чектен чыккан. Бийлик башында тургандардын айрымдары өздөрүнүн кызыкчылыгын ар убак биринчи орунга койгон. Аларда ачкөздүк, эбегейсиз байлыкка ээ болуу өзгөчө күчөгөн. Ал эми жалпы элдин 70 пайыздан ашыгы жакыр турмушта жашап жаткан.

2005-жылдын март айында Жалалабат, Ош, Кочкор, Талас, Ысыккөл, Баткен аймактарында бийликке каршы эл көтөрүлгөн. Бийликтин адилетсиздигине каршы аракеттер Бишкекте да уланат. 10-мартта адилеттүүлүктү орнотуу максатын көздөп «Эл биримдиги» кыймылы түзүлөт. Анын башында Курманбек Бакиев турган. 24-мартта «Эл биримдиги» кыймылына бириккен саясатчылар ж. б. Бишкек шаарында тынчтык митингисине чыгышат. 24-мартта Алатоо аянтында мурдагы бийликти колдогон тарап менен «Эл биримдити» кыймылынын ортосунда кан төгүлүү коркунучу жаралган. Ушундай кырдаалда А. Акаев бийлигин таштап, Кыргызстандан кетуүгө аргасыз болгон. Анын артынан өкмөт башчысы Н. Танаев да отставкага кеткен. Ошентип, Бишкек шаарынын Алатоо аянтындагы тирешүүдөн, тынчтык митингисине чыккан тарап жеңишке жетишкен.

Мына ушундай татаал мезгилде мамлекеттин башына жаңы жетекчи келүүсү зарыл болгон. А. Акаевдин кеткенине көзү жеткен аянттагы эл Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчылыгына К. С. Бакиевди алып чыгышат. Аны ошол кездеги парламенттин эски жана жаңы депутаттары колдоого алган. Натыйжада, бийлик жаңыланып, К. С. Бакиев бийликке келген. Ал эми 10-июлда жалпы элдик шайлоо болуп, атаандаштардын арасынан ал Кыргыз Республикасыныы Президенти болуп шайланат. 14-августта К. С. Бакиев злдин алдында ант берип, расмий түрдө Президенттик кызматын аткарууга киришкен.

2005-ж. б-октябрында Кыргызстандын Президенти К. Бакиев «Кыргыз Республикасыыын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Указга кол коюп, бул боюнча Конституциялык кеңештин курамы түзүлгөн.

2007-жылдын сентябрь айында Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик талкууга коюлду. 2007-жылдын 21октябрында өткөн жалпы элдик референдум Кыргыз Республикасынын Конституциянын жаңы долбоорун жактырган. 22октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен 2005-ж. шайланган өлкөнүн парламенти таркатылган жана анын ордуна 2007-ж. 16-декабрда өткөн шайлоодо партиялык тизменин негизинде курамы 90 депутаттан турган жаңы Парламент шайланган. Парламенттеги 90 орундун 71ин «Ак жол» партиясы, 11ин Социал-демократиялык партия, ал эми 8 орунду Кыргызстан коммунисттик партиясы ээлеген.



Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (21.11.2012)
Кароолор: 4528 | Тегдер: эгемендүү Кыргызстан, кыргызстандыктар | Рейтинг: 3.5/2

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑