ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ ТУРМУШУ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ ТУРМУШУ

Эгемендүүлүктүн мезгилинде Кыргызстандын маданияты негизинен кризистик абалда болду. Ошону менен бирге республиканын маданияты өз алдынчалыкка ээ болуп, эркин өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрдү алды. Жалпы гуманитардык, адамзаттык байлыктарды элибиздин талабына ылайык өздөштүрүү маданият чөйрөсүнүн приоритеттүү багыты болуп калды.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында маданий тармактын нормативдик-укуктун базасын аныктоого өзгөчө көңүл бурулду. 1992-ж. «Маданият жөнүндө» закон, анын негизинде «Маданият» Мамлекеттик программасы иштелип чыккан.

Маданий мекемелеринин иштерин жаны деңгээлге көтөрүү үчүн «Улуттук» деген статус Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармонияга, В. И. Ленин атындагы Мамлекеттик китепканага, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрына, А. Малдыбаев атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрына, Г. Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине ыйгарылган. Бул аталган маданият мекемелеринин кызматкерлеринин, коллективдердин рухун көтөрүп, алардын чыгармачыл эмгегине жаңы шык берген.

Орус элинин улуу акыны А. С. Пушкиндин 200 жылдыгы, Кыргыз Эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 70 жана 75 жылдык юбилейлери Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө окуялар катары белгиленди. Опера жана балет искусствосунун жылдыздары Б. Миңжылкыев менен Б. Бейшеналиеваларды эскерүүгө арналган эл аралык фестивалдар маданияттын бул тармагынын кайрадан жанданышына түрткү болду.

1993-           ж. Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясынын ачылышы өлкөбүздүн маданий турмушундагы маанилүү окуялардан болуп калды. СССРдин Эл сүрөтчүлөрү С. Чуйковдун 100 жылдыгына, Г. Айтиевдин 90 жылдыгына карата юбилейлик иш чаралар өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Ж. Кадыралиевдин жеке көргөзмөсү өзүнүн оригиналдуулугу менен элдин купулуна толду. Д. Флекман, К. Шкупело, Ф. Игнатьев, Д. Адашканова өңдүү белгилүү сүрөтчүлөрдүн жеке көргөзмөлөрү да чоң ийгиликтер менен өткөрүлдү.

Акыркы он жылда Кыргызстанда тарыхый-маданий эстеликтерди каттоо, аларды реставрациялоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн. Республикада 2,7 миңден ашуун республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтер катталып мамлекеттин көзөмөлүнө алынган. Сулайман тоодогу «Бабурдун үйү», «Асаф-ибн Бурхиянын мавзолейи», Чүйдөгү «Байтик баатырдын күмбөзү», ж. б. реставрацияланды. Кыргызстандын бир катар тарыхый инсандарына, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге эстеликтер ачылды.

Эгемендүүлүктүн өткөн он жылында Кыргызстанда музей иши бир кыйла жанданды. Республиканын 7 мамлекеттик музейи Эл аралык музейлердин Кенешине мүчө болушту. Панфилов районунда А. Осмоновдун, Алай районунда Курманжан датканын, Лейлек районунда А. Орозбековдун, Ош шаарында «Улуу Жибек жолу», Нарын шаарында тарыхый-край таануу, Таласта «Манас-Ордо» Аламүдүн районунда «Ата-Бейит» музейлери иштей баштады.

Кыргызстандын театралдык искусствосу совет доорундагы жетишкен ийгиликтерин кармап калуу менен аны андан ары өнүктүрүү багытында бир катар иштерди аткарды. Театрлардын репертуарлары Кыргызстандын тарыхына арналган, улуттук аң-сезимдин кайра жаралуусун чагылдырган темаларга көбүрөөк багытталды. Совет мезгилинде эзүүчү таптын өкүлдөрү делип, сындалып келген Ормон хан, Курманжан датка, Шабдан баатыр өңдүү тарыхый инсандардын образдарын ачкан жаны спектаклдер жаралып элге тартууланды.

Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү «Кубулжу менин ырларым», «Ала-Тоо студенттик жазы», «Оштун азем түндөрү» аттуу эл аралык фестивалдар республикада фолклордук жана эстрадалык чыгармачылыктын өнүгүшүнө өбөлгө болду. Республикадагы жаңы манасчылардын, комузчулардын аттары аталып, элге таанылды. Элдин купулуна толгон таланттуу аткаруучулар, эстрадалык топтор, бий ансамблдери пайда болду. Элдик фольклорду жандандырууда Н. Абдрахманов, С. Садыкова, Б. Байкелова, Р. Аманова, Ж. Алыбаев, М. Аликеев ж. б. салымдары чоң. «Камбаркан» фолклордук-этнографиялык ансамбли өз өнөрлөрүн бир катар өлкөлөргө тартуулап, чет элдик көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Акыркы жылдары маданият чөйрөсү үчүн адистерди даярдоо ишине да өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргыз Улуттук консерваториясынын ачылышы менен Кыргызстанда жогорку билимдүү музыканттарды даярдоо иши жолго коюлду.

Кризистик кыйынчылыктарга карабастан, бир кезде дүйнө тан калтырган кыргыз кино искусствосу да жаңы нукта жандана баштады. Таланттуу кинорежиссер А. Абдыкалыковдун «Бешкемпир» жана «Маймыл» аттуу кинолору эл аралык кинофестивалдарда чоң жеңиштерге жетишти. Белгилүү киночу М. Убукеевдин «Манас» эпосу тууралуу документтүү тасмасы дүйнө элинин чоң кызыгуусун жаратты.

Жалпысынан алганда, 90-жж. Кыргызстандын руханий турмушунда бир катар жетишкендиктер жана кемчиликтер орун алган. Калктын руханий талаптарын канааттандыруучу маданий агартуу мекемелери театрлар, маданият мекемелери, массалык маалымат каражаттары чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Республиканын борборунда, областтык борборлордо жана шаарларда гана маданият мекемелери рыноктун шарттарына ылайыкташышып чыгармачылыктарын улантышууда. Ал эми райондордогу, айыл-кыштактардагы маданият мекемелери экономикалык кыйынчылыктарга туруштук бере албай кыйроого учурады. Клубдук мекемелер, китепканалар, маданият үйлөрү, кино установкалар, музейлер ж. б. жашоолорун токтотууда.

 

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (07.02.2013)
Кароолор: 4657 | Тегдер: эгемендүү Кыргызстан | Рейтинг: 3.5/2

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑