ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИЗМДИН ТААСИРИ. МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАНЫ ЧЫҢДОО - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРИЗМДИН ТААСИРИ. МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАНЫ ЧЫҢДОО

XX к. аягы — XIX к. башында дүйнөлүк алкакта эл аралык терроризм күч алды. Аны менен тыгыз байланышкан экстремисттик борборлор, Борбордук Азияны, анын ичинде Кыргызстанды, ислам дининин таасири күчтүү чөлкөмдөрүн экспансиялап алуу аракетин жасашууда. Диний экстремисттердин тобу эл эң ыйык тутуп аздектеген динге жамынышып, колдоруна курал алышып 1999-ж. август айынын башында Эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүнүн максатына жетүү үчүн алар Кыргызстандык милициянын, райондук администрациянын кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Динге жамынган террористтердин бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эгемендүү мамлекетибиздин территориялык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык

Өзбекстан, Россия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүштү. Кыргызстандын 55 офицерлери менен жоокерлери бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү. Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Республиканын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын бардык эли көтөрүлүп, колунан келген жардамдарын көрсөтүштү.

Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя эгемендүү республикабызды коргоо жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болду. Мында республиканын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техникалардын, курал-жарактын жетишсиздиги ж. б. айкын көрүндү.

Жеткиликтүү кам көрбөгөндүктүн натыйжасында Кыргызстандын чек аралары талапка ылайык кайтарылбай калгандыгы ачыкка чыкты. Мунун натыйжасында республикабыз ар кандай бандиттик топтор, баңги заттарын алып өтүүчү ыңгайлуу өлкөгө айланып баратканы ачык байкалды.

Кыргызстандын Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык маанисин эске алынып 1999-ж. 13-октябрда Баткен областы түзүлдү. Бул областка Ош областынын Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя шаары киргизилип, жаңы областтын борбору Баткен айылы болуп белгиленди. Мындан тышкары республиканын түштүгүндөгү мамлекеттик чек араны коргоо үчүн аскердик заставалар негизделип, аларга чек арачы аскерлер коюлду. Натыйжада 2000-ж. күзүндө Кыргызстандын чектерине кайрадан кирип келишкен бандиттик топтор кыргыз жоокерлери тарабынан сокку жеп, чегинүүгө аргасыз болушту. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын коргоо ишин жакшыртуу бүгүнкү күндө өтө маанилүү иштерден болуп калды. 2001-ж. 13-14-декабрда Бишкекте эл аралык терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча эл аралык конференция болуп өтүп, анда Бишкек Декларациясы кабыл алынган. Буга 60 өлкөдөн 280 делегат катышкан.

2002-             ж. башында Кыргызстан Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү үчүн АКШ, Россия, Кытай, Франция ж. б. мамлекеттер менен катар Эл аралык антитеррордук каолицияга кирип, анын куралдуу күчтөрү Кыргызстанга убактылуу жайгаштырды.

Эгемендүү Кыргыз Республикасы өзүнүн мамлекеттик чек араларын тактоо боюнча да бир катар иштерди жүргүздү. Натыйжада XIX к. ортосунан бери Кытай менен болгон чек арада талаш болуп келген жерлердин маселеси чечилди. Эгерде тарыхка кайрылсак XIX к. ортосунда Кытай жана Россия империялары өздөрүнүн баскынчы саясаттарынын натыйжасында Орто Азия элдеринин жерлерин өз ара бөлүштүрүп алышкан. Эки империянын чек араларын тактоо иши 1860-ж. түзүлгөн Пекин келишими жана 1864-ж. түзүлгөн Чугучак токтому менен аныкталган.

Кытай менен Россиянын Кыргызстандын аймагындагы чек арасын аныктоо Петербург(1881-ж.), Кашгар (1882-ж.) жана Жаны Маргалан (1884-ж.) токтомдорунда каралган. Көңүл бура турган нерсе бул сүйлөшүүлөрдүн бирине да кыргыз элинин өкүлдөрү катышкан эмес. Эки империя чек араларын тактоо ишинде кыргыз элинин кызыкчылыгын эске албастан өздөрүнүн гана империялык кызыкчылыктарын көздөшкөн. Натыйжада Кыргызстандын жери жана эли эки державага бөлүнүп, бир бөлүгү Россияга, экинчиси Кытайга караштуу болуп калган. Совет бийлигинин доорунда, өзгөчө 1960-жж. Кытай Эл Республикасы СССРге чек ара маселелери боюнча бир катар дооматтарды коюп келген. Бирок Кытай менен СССРдин ортосунда чек ара маселелери өзгөрүүсүз калган эле.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин гана бул маселени чечүү үчүн жаны мүмкүнчүлүктөр ачылды. Бул маселе боюнча 1990-жж. ортосунан баштап бир катар иштер, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Орус-Кытай мамилелеринин Кыргызстан чек арасына тиешелүү документтери өтө кылдаттык менен изилденди. 1996-ж. 4-июнда Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын делегациялары чек ара маселесин адилет, натыйжалуу чечүү жөнүндө документке кол коюшуп, чек араны тактоо боюнча иш баштады. Кылдаттык менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында талаш болуп келген жалпы аянты 4 мин чарчы километр жердин 70 проценти Кыргызстандын, ал эми 30 проценти

Кытай Эл Республикасынын жери деп чечилип, эки мамлекеттин ортосунда жаны чек ара сызыгы түзүлдү. Чек ара боюнча бул келишим эки өлкөнүн закон чыгаруучу органдары тарабынан ратификацияланды. Кыргызстандын Кытай Эл Республикасы менен чек арасын тактап алышынын тарыхый мааниси чоң. Бул иште эки мамлекеттин тең кызыкчылыктары эске алынды. Кыргыз-Кытай чек арасында тынчтык жана бейпилчилик үчүн шарт түзүлдү.

 

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (07.02.2013)
Кароолор: 2842 | Тегдер: терроризм, эл аралык, чек ара | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑