«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1985—1990-жж.) - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

«КАЙРА КУРУУ» ЖЫЛДАРЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1985—1990-жж.)

   80-жж. ортосунда Советтер Союзу экономикалык, социалдык жана саясий кризиске белчесинен батканы, административдик-буйрукчул бийлик жаңы доорго ылайык келбей калгандыгы айкын көрүнгөн. Өлкөнүн ичиндеги кризис тышкы саясаттагы кризис менен коштолгон. Дүйнөлүк саясатта, социалисттик системада СССРдин кадыр-баркы төмөндөп кеткен.

1982-ж. ноябрда Л. И. Брежнев өлгөндөн кийин бийликке келген Ю. В. Андропов коррупцияга биротоло баткан партиялык-мамлекеттик аппаратты ондоого, өлкөдөгү абалды жакшыртууга аракет кылган. Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн токтотуу үчүн эмгек тартибин чыңдоого көңүл бурулган. Бул аракет бир аз гана натыйжа берген. Бирок Ю. Андропов өлгөндөн кийин (1984-ж. февралы) К. Черненконун бийликке келиши менен мурдагы «брежневдик абал» кайрадан калыбына келген. Ал башкарган бир жылда ички жана тышкы саясатта маанилүү бир дагы маселе чечилген эмес. Партиялык-мамлекеттик жогорку жетекчиликтин бир бөлүгү өлкөдөгү орногон система өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук бойдон пайдаланып бүткөндүгүн, аны оңдоого болбой калгандыгын түшүнгөн.

Ушундай кырдаалда 1985-ж. 11-мартта КПСС БКнын генералдык секретарлыгына М. С. Горбачев шайланган. Мурдагыдай жашоого жана башкарууга болбой калганын толук түшүнгөн М. С. Горбачев КПСС БКнын апрель (1985-ж.) Пленумунда өлкөнүн коомдук-экономикалык турмушунун көпчүлүк маселелерин жаңыча чечүунү сунуш кылган. Пленумда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн багыты жарыяланган.

Партиялык-мамлекеттик жетекчиликтеги коррупцияны жоюш үчүн адегенде брежневдик саясатка өтө берилген бир катар ишмерлер бийликтен четтетилип, алардын ордун жаңы көз караштагы адамдар ээлеген. Партиялык жетекчиликти жаңылоо бүтүндөй өлкө боюнча жүргөн. 1985-ж. чейрек кылымга жакын Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетин жетектеген Турдакун Усубалиев кызматынан бошотулуп ордуна Абсамат Масалиев шайланган.

КПССтин XXVII съездинде «СССРдин 1986-1990-жж. жана 2000 ж. чейинки мезгилдеги экономикалык жана социалдык өнугүшүнун негизги багыттары» кабыл алынган. Съезддин документтери М. Горбачев баштаган тездетүү багытынын негизги милдеттерин бекиткен. Ошого карабастан партконференцияда шайлоо системасын реформалоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул  демократиялык принциптерди ишке ашыруудагы чечүүчү кадам болгон. Натыйжада коомдук уюмдар альтернативдик шайлоого катышууга мүмкүндүк алышкан.

1988-1989-жж. СССРде, анын ичинде Кыргызстанда жаңы кырдаал түзүлгөн. Эгерде буга чейин кайра куруу жогортодон, бийлик тарабынан жүргүзүлүп келсе, эми ал төмөн жакка түшүп, ага эл массасы, коомдук уюмдар активдүү катыша баштаган. Коомдук турмуштун саясатташы тездик менен жүргөн. Кыргызстанда жаштардын алгачкы дискуссиялык, саясий клубдары пайда болуп, алар коомдук турмуштун актуалдуу маселелерин кызуу талкуулашып, өздөрүнүн пикирлерин эркин билдире башташкан. Кыргызстанда алгачкылардан болуп «Комсомолец Киргизии» газетасынын алдында «Демос» клубу, Электрондук эсептөөчү машиналар заводунда «Замандаш» саясий клубу түзүлгөн. Бирок булар бийликке карата оппозицияга өтө алышкан эмес.

1988-ж.   жаштардын дискуссиялык кыймылдары активдүү чыга баштаган. Кыргыз Мамлекеттик университетинде «Замандаш», Мамлекеттик пландоо комитетинин экономика институтунда «Көз караш», Нарын областынын Миң-Куш кыштагындагы «Оргтехника» заводунда «Демилгелүү жаштардын биримдиги», Москва шаарында кыргыз жаштарынын «Акыйкат» дискуссиялык клубдары иштеген.

1989-ж.   шайлоо компаниясынын башталышы менен бул уюмдар саясий теориялык дискуссиядан практикалык иштерге, шайлоого активдүү катышууга өтүшкөн. Кыргызстанда өз алдынча ассоциациялар, союздар, республикалык бирикмелер пайда боло баштаган.

1989-ж. жазында Кыргызстанда улуттук кыймыл күч алган. Июнда кыргыз жаштары борбор шаардын түштүк чыгышында массалык түрдө жер участокторун өз бетинче ээлеп ала баштаган. Бул республиканын жетекчилиги үчүн күтүлбөгөн окуя эле. Өз алдынча үй кургандар өздөрүнүн маселелерин чечүү үчүн «Ашар» коомуна биригишкен. Ош шаарындагы кыргыз жаштары «Ош аймагы», өзбек жаштары «Адолат» коомдоруна биригишип, өз алдынча жер алып, үй куруучулардын кызыкчылыктары үчүн күрөшө башташкан.

Кыргызстанда көп партиялуулуктун түзүлүшүнө «Ашар» коомдук уюму чоң ролъ ойногон. Бул коом кыска мөөнөттүн ичинде өз бетинче үй куруучулардын экономикалык кызыкчылыктарын коргогон уюмдан саясий уюмга өсүп чыккан.

1989-ж. март-апрель айларында «Асаба» жана «Атуулдук демилге» аттуу улуттук демократиялык бирикмелер түзүлгөн. Бул уюмдар «Ашардын» саясатташкан бөлүгү менен 1990-ж. майда түзүлгөн жалпы республикалык «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» (КДК) ядросун түзгөн. Бул Кыргызстандын калкынын ичиндеги эң белгилүү көп улуттуу саясий кыймылга айланган. Кийинчерээк республикада пайда болгон саясий партиялардын көпчүлүгү ушул КДКнын ичинен калыптанышып, бөлүнүп чыккан. КДКдан биринчи болуп 1991-ж. февралда «Эркин Кыргызстан», 1991-ж. ноябрда «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиялары бөлүнүп чыккан.

КПСС жашап турган мезгилде бул партияларга жана саясий уюмдарга карата мамиле начар болгон. Алар «бейформал» уюмдар делип аталып, жетекчилери массалык маалымдоо каражаттары тарбынан «эл бузарлар» катары күнөөлөнүп, куугунтукка алынган. Бул абал КПСС таркатылып, СССР кулаганга чейин созулган.

Кыргызстандын калкынын саясий активдүүлүгүнүн өсүшү, улуттук аң-сезимдин көтөрүлүшүнүн шартында Кыргызстан Компартиясынын толук көзөмөлүндө турган Кыргыз ССР Жогорку Совети 1989-ж. 23-сентябрда Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыялаган. Орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары таанылып, республикада жашаган бардык улуттардын тилдеринин тең укуктуулугу жана эркин өнүгүшү камсыз кылынат деп белгиленген.

1990-ж. февралда Кыргыз ССРинин Жогорку жана жергиликтүү советтерине шайлоолор болуп өткөн. Бул Кыргыз ССРинин тарыхындагы биринчи өткөн альтернативдик шайлоо эле. Көпчүлүк шайлоо округдарында депутаттыкка экиден ашык талапкерлер катталып, аларда шайлоолор эки тур менен өткөрүлгөн.

1990-ж. апрелдеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи сессиясында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Абсамат Масалиев Кыргыз ССР Жогору Советинин төрагасы болуп шайланып, мамлекет башчысынын укугун алган. Сессиянын жүрүшүндө мамлекетик бийликтин бутактарынын укуктарын тактоо, президенттик бийликти киргизүү жөнүндө сунуштар айтылган.

1990-ж. февралда өткөн КПСС БКнын Пленуму СССРдин Конституциясындагы, партиянын коомдогу жетекчилик ордун бекемдеген 6-статьяны алып таштоо жөнүндө макулдугун берген. Март айында өткөн СССР Эл депутаттарынын III съезди бул жобону алып салган. Өлкөнүн жогору жагындагы чечимдерге ылайык Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясы да Кыргызстандын Негизги мыйзамынан 6-статьяны алып салуу жөнүндө чечимди кабыл алган. Ошентип өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда КПССтин жеке бийлиги жоюлуп, демократиялык коомдун негизги белгиси болгон саясий плюрализм жана көп партиялуулук үчүн кеңири жол ачылган.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (19.11.2012)
Кароолор: 3368 | Тегдер: кайра куруу, Кыргызстан | Рейтинг: 1.0/2

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑