КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУНУН ӨНҮГҮШҮ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫ МЕНЕН ИСКУССТВОСУНУН ӨНҮГҮШҮ

Улуттук жазуунун жана басма сөздүн негизделиши элдин маданиятын көтөрүүдө өзгөчө окуя болгон. 1924-ж. араб алфавитияин негизинде кыргыз жазуусу иштелип чыгып, 7 ноябрда кыргыз тилинде «Эркин Тоо» гезити басылып чыккан. 1925-ж. 12-мартта орус тилинде «Батрацкая правда» гезити чыккан. 1926-ж. ноябрында жаштардын «Ленинчил жаш» гезити негизделет. «Коммунист» журналы да ушул жылы чыга баштайт. 1928-ж. «Жаңы маданият жолунда», «Дыйкан» аттуу журналдар чыгарылган.

Акырындык менен кыргыз профессионалдык адабияты да өнүгө баштайт. Анын башатында К. Тыныстанов, Т.Үмөталиев, Ж.Бөкөнбаев, К. Маликов, А.Токомбаев, М.Элебаев, Ж.Турусбеков жана Я. Шиваза 1934-ж. СССР Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, билеттерин М.Горькийдин колунан алышкан.

Согушка чейин кыргыз жазуучуларынын чыгармачылыгы жаңы бийиктерге көтөрүлгөн. 1934-ж. апрелде өткөн Кыргызстан жазуучуларынын биринчи сьезди кыргыз адабиятынын буга чейин өнүгүшүн жыйынтыктап жаңы милдеттерди белгилеген. Оьездде Кыргызстан жазуучуларынын союзу уюштурулуп, анын төрагалыгына А. Токомбаев шайланган. 1937-1941 -жылдары бул союзду Т.Үмөталиев жетектеп, ал «Манас» эпосун, жана «Курманбек», «Кедейкан», «Жаныш-Байыш», «Ак-Саткын», «Эр Табылды» өндүү ондогон кенже эпосторду чогулттуруп, китеп кылып элге жеткирүүдө өзгөчө зор эмгек сиңирген.

Кыргыз адабияты менен катар эле улуттук профессионалдык искусствонун театр, музыка, көркөм сүрөт ж. б. тармактары өскөн 1926-ж. профессионалдык артисттерди даярдоо үчүн музыкалык-драмалык студия ачылган. Аны алгач бүтүргөндөрдөн А. Куттубаев, А. Боталиев, К. Эшимбеков өндүү мыкты артисттер чыккан. Театралдык коллективге кыргыз элинин эл чыгармачылыгынын өкүлдөрү музыканттар М. Күрөңкеев жана К. Орозов, акындар К. Акиев, Ж. Аликеев, О. Бөлөбалаев, манасчы М. Мусулманкулов, куудул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байбатыров ж. б. чакырылып, алар профессионалдык маданияттын калыптанып өнүгүшүнө өздөрүнүн салымдарын кошушкан. 1930-ж. республикалык музыкалык-драмалык студия театрга айланган. Театрдын алдында эл аспаптар оркестри уюшулган. 1936-ж. Фрунзеде орус драма театры ачылган. 1936-ж. Кыргыз мамлекеттик театры, Кыргыз музыкалык-драма театры болуп кайра түзүлгөн. Ушул эле жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1937-ж. майда Кыргыз мамлекеттик драма театрында Ж. Бекөнбаевдин «Алтын кыз», 1938-ж. «Ажал ордуна» драмасы коюлган. 1939-ж. апрелде көрүүчүлөргө Кыргыз музыкалык-драма театры «Айчүрөк» операсын тартуулаган.

1920-1930-жж. кыргыздын улуттук музыкасы да өнүккөн. Кыргыз мамлекеттик филармониясы ири музыкалык борборго айланат. Анда улуттук хор, кыргыз бий ансамбли, мамлекеттик үйлөмө аспаптар ансамбли ж. б. уюштурулган. 1939-ж. А. Малдыбаевдин жетекчилиги астында Кыргызстандын композиторлорунун союзунун уюштурулушу республикада музыка искусствосунун өнүгушүнө өбөлгө болгон.

Бул жылдары кыргыздын улуттук музыкасын жазып алуу, аларды изилдөө иши да колго алына баштайт. Бул багытта А. В. Затаевич чоң эмгек жасаган.

Согуштун алдында Кыртызстанда көркөм сүрөт өнөрү да жаңы баскычка көтөрүлгөн. 1934-ж. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзу уюштурулуп, аны С. Чуйков жетектеген. 1935-ж. Кыргыз мамлекеттик сүрөт галереясы уюштурулган. Анда таланттуу сүрөтчүлөр С. Чуйковдун, Г. Айтиевдин, С. Акылбековдун ж. б. сүрөттөрү коюлган. 1939-ж. Көркөм сүрөт окуу жайы ачылган. Республикага скульптор О. Мануйлова ж. б. графиктер келишкен. Сүрөт искусствосунун жаңы тармактары калыптана баштаган.

1939-ж. 26-майдан 30-июнга чейин Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун Декадасы Кыргызстандьга маданий турмушундагы өзгөчө чоң окуя болгон. Ага улуттук искусствонун 550 чеберлери катышкан. Алар койгон 14 спектаклди жана концерттерди 30 миңден ашуун көрүүчүлөр баалашкан. Кыргыз мамлекеттик музыка театры Ленин ордени, Кыргыз мамлекеттик филармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Кыргыз искусствосунун 71 ишмери СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Ошентип, 20-30-жж. Кыргызстандын советтик маданияты жаңыдан калыптана баштагандыгына карабастан бир катар ийгиликтерге жетишкен.



Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (19.11.2012)
Кароолор: 3820 | Тегдер: искусство, адабият | Рейтинг: 1.7/3

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑