КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖООКЕРЛЕРДИН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЭРДИКТЕРИ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖООКЕРЛЕРДИН УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТАГЫ ЭРДИКТЕРИ

Фашисттик Германия 1939-ж. дүйнөлүк экинчи согушту баштап, Европанын бир катар мамлекеттерин: Чехословакияны, Полыпаны, Францияны, Бельгияны, Голландияны, Данияны, Норвегияны, Югославияны, Грецияны басып алган.

Натыйжада Германиянын экономикалык абалы, согуштук күчү чыңдалган. Дүйнөлүк үстөмдүккө жетүүнү көздөгөн фашисттик Германия 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салган. Ал «Барбаросс» деп аталган планы боюнча Советтер Союзун бир нече жумада эле талкалап, 1941-ж. кышына чейин СССРдин европалык бөлүгүн толук басып алмак. Адегенде эле фашисттик Германиянын 5,5 млн адамдан турган 190 дивизиясы Совет өлкөсүнө басып кирген. Германия менен СССРге каршы согушка Италия, Финляндия, Румыния, Венгрия, Испания катышкан.

Немецтик-фашисттик баскынчылардын жырткычтык менен кол салышы совет элинин тынч жашоосун дурбөлөңгө салган. Ошентип, Социалисттик Ата Мекендин көз каранды эместиги жана эркиндиги үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

Кыргызстандык жоокерлер согуштун биринчи күнүнөн эле фашисттик баскынчылар менен баатырларча кармаша башташкан. Чек арадагы Брест чебин коргоо Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы маанилүү барактардан болуп калган. Жоокерлер бир айдан ашык убакыт бою чепти душманга бербей кармап турушкан. Алардын арасында кыргызстандык В. И. Фурцев болгон. Ал Пржевальскидеги Ленин атындагы мектептен окуп, тарбия алган. Мурда Фрунзе шаарында иштеген Н. М. Дмитриев 1941-ж. 10-июлда Белоруссиянын Борисово шаарын коргоодо душмандын эки танкасын талкалаган. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн ал 1941-ж. 31-августта Кыргызстандыктардан биринчи болуп Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

Кыргызстандын өкмөтү согуштун биринчи күнүнөн эле калкты аскердик жактан окутууга, аскердик бөлүктөрдү түзүүгө киришкен. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1941ж. 22-июнундагы Указына ылайык өлкөдө аскерге милдеттүүлөрдү жалпы мобилизациялоо иши башталган. Бул иштин жүрүшүндө Кыргызстанда 385-аткычтар дивизиясы, кийин 40 жана 153-аткычтар бригадалары, 2 улуттук атчандар дивизиясы түзүлүп, алар республиканын өнөр жай ишканалары жана колхоздору тарабынан жабдылган.

Булардын ичинен согушка биринчи болуп Кыргызстандын аскер комиссары генерал-майор И. В. Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясы кирген. Бул дивизия Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү тарабынан түзүлгөн. Дивизиянын курамы ушул эки республиканын дыйкандарынан, жумушчуларынан жана кызматкерлеринен турган. Анда казак, кыргыздардан тышкары орустар, украиндер ж. б. улуттардын өкулдөрү болгон. Москваны коргоо үчүн 1941-ж. ноябрда болгон согушта бул дивизиянын жоокерлери өздөрүнөн төрт эсе күчтүүлүк кылган душман менен кармашкан. Бир ай бою өздөрүнүн чегин бекем кармоо менен дивизиянын бөлүктөрү душмандын 2-танкалык, 29-мотордоштурулган, 11-жана 110-жөө аскерлер дивнзиясын талкалап, 9 миң немец солдаттары менен офицерлерин, 80 танканы жана башка куралдарды жок кылышкан.

Командованиенин тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн 316-аткычтар дивизиясы 8-гвардиялык деген наам алып, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Волоколамск районундагы, Гуськово деген кыштактын жанында 1941-ж. 18ноябрда И. В. Панфилов курман болгон. Өлгөндөн кийин ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилип, ысымы өзүнүн дивизиясына ыйгарылган.

Мындан тышкары Советтер Союзунун Баатыры деген наам Панфилов дивизиясынын 28 жоокерине ыйгарылган. Алардын ичинде кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоков (бул кыргыздардан чыккан биринчи Советтер Союзунун Баатыры эле), Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Петренко, Иван Добробабин болгон.

Сталинграддын алдындагы, Тундүк Кавказдагы жана Курскинин алдындагы салгылаштарда Кыргызстандык жоокерлер да эрдиктин үлгүсүн көрсөтүү менен баатырларча кармашып, көбү Ата Мекен учүн курман болушкан.

Воронеждин түштүк жагында Дон дарыясынын жээгиндеги согушта 1942-ж. б-августта Чоллонбай Түлөбердиев душмандын дзотун көкүрөгү менен жаап, өлбөс өчпөс эрдик көрсөткөн. Ага 1943-ж. 4-февралда Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.

Сталинград үчүн согушта артиллерист, наводчик, сержант Дайыр Асанов эрдик менен салгылашкан. Ал 1943-ж. январда таамай атуу менен адегенде танканы, миномет батареясын жана душмандын ротасын талкалаган. 23-мартта Харьковдун жанындагы Пятницкое кыштагы үчүн салгылашта Д. Асановдун орудиелик тобуна душмандын 8 танкасы, анын артынан автоматчылар чабуул коёт. Бул беттешүүдө Асанов үч танканы иштен чыгарат, калганы кайрылып качууга аргасыз болгон. 20-25 минуталык авиациялык бомбалоодон жана артиллериялык атуудан кийин душмандар экинчи жолу чабуулга өтөт. Дайыр жалгыз калганына карабастан дагы эки танканы атып токтотот. 4 саатка созулган согушта Асанов 8 танканы, 6 бронемашинаны жана 40 фашистти жок кылган. 1943-ж. 26-октябрда ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган.

1942-ж. декабрда Кавказ үчүн болгон кармаштардын биринде отделениянын командири Акун Садырбаев душмандын ага кезеги менен ыргытылган 16 гранатасын кайра душманга ыргытууга жетишкен. 17-граната анын колунда жарылып, курман болгон. Вул эрдиги үчүн ал Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Анын жолдоштору болсо жардам келгиче, бир сутка бою ордунан жылбай 60 душманды жок кылган.

1942-1943-жж.  салгылаштарда көп улуттуу 8-гвардиялык Панфилов атындагы аткычтар дивизиясы өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Андагы жоокерлердин 18,5 пайызын кыргыздар түзгөн. Дивизиядагы снайперлер Токтогул Шабеков, Алымкул Абибулдаев, Бозжигит Турдубаев ар бири 25тен 150гө чейин гитлерчилерди атып өлтүрүшкөн.

1943-ж.   сентябрда Днепр дарыясынан өтүүдө Кыргызстандын жоокерлери укмуштуудай эрдиктерди көрсөткөн. Бул жерден сержант Анварбек Чортековдун взводу айырмаланган. Алар суудан сүзүп өтүшүп душмандын төрт чабуулунун мизин майтарган. 30 гитлерчини жок кылган. Эрдиги үчүн Чортеков Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

1942-ж. аягында Панфилов дивизиясынын жоокерлеринин бир тобу ага сержант Ашырбай Коёнкозовдун командалыгы менен душмандын тылына атайын тапшырма менен жөнөтүлгөн. 1943-ж. январда алар Псков шаарына жакын жерден 7-ленинграддык партизандар бригадасына кошулган. Көп узабай Коёнкозов 2-партизандык отряддын ротасынын командирлигине дайындалган. Ал жетектеген рота душмандарга күндүр-түндүр тынчтык берген эмес. 1943-ж. декабрда эле алар 10 эшелонду, 10 паровозду 20дан ашуун вагондорду талкалаган. 1943-ж. декабрда Коёнкозов жана анын жоокерлери Псков шаарынын жанында душман менен болгон салгылашта эрдик менен курман болушкан.

1944-ж.   Эстониянын Нарва шаарына жакын жердеги салгылашта кыргыз учкучу Исмайылбек Таранчиев өзүнүн жалындап күйгөн самолёту менен душмандын май куючу станциясын сүзүп, анын жанындагы алты танканы, ондогон немец солдаттарын жардырган. Анын эрдиги учурунда унутта калып, Советтер Союзунун Баатыры деген наам ага 1991-ж. гана ыйгарылган.

1944-1945-жж. чабуулдарда да СССРдин бардык элдеринин жоокерлери бир катарда эрдик менен согушушкан. 1944-ж. Ленинграддын алдындагы салгылашта кыргыз жоокерлери О. Жетикашкаев, Ж. Рустамов, М. Юнусалиев ж. б. өзгөчөлөнгөн.

Молдавиянын Дубоссары шаарынын жанында 1944-ж. апрелде орудиянын наводчиги К. Жаркымбаев душмандын 2 пулемётун, 25 солдатын талкалаган. Бул салгылашта Жаркымбаев душмандын беш жолку чабуулунун мизин кайтарган. Бул эрдиги үчүн ал Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон.

1944-ж.   июнда Белоруссиядагы салгылаштарда көрсөткөн эрдиктери үчүн ефрейторлор О. Якубов менен Ж. Асаналиев, лейтенант Д. Пичугин, майор Н. Калашников, сержант Е. Курочкин, лейтенант Л. Царенко, пулеметчик Р. Азимов, лейтенант С. Сухин, катардагы жоокер А. Хименко ж. б. Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушуп, кыргызстандыктардын даңкын чыгарышкан.

Согуштун түрдүү этаптарында Ленинградды, Ржевди, Великие Лукини, Новгородду, Псковду, Нарваны бошотууда Кыргызстандын 660 жана 664 түнкү бомбалоочу авиациялык полктору активдүү катышышкан. Алардын ичинен кыргызстандык аял Е. Пасько 780 жолу түнкү бомбалоого учуп чыгып душмандарга бардыгы 93 тонна бомба таштаган. Анын бомбаларынан душмандын маанилүү объектилеринде 109 жолу өрт чыккан. Советтер Союзунун Баатыры Е. Пасько өзүнүн командасы менен душманга далай жолу бүлүк салган.

1945-ж.   16-апрелде фашизмдин цитадели Берлинди штурмалоо башталган. Өтө күчтүү артиллериялык соккудан кийин советтик аскерлер чабуулга өтүшкөн. Бул салгылаштардын биринде батальондун саясий жетекчиси Калыйнур Үсөнбеков жоокерлерге күчтүү дем берген. 14-февралдагы бетме-бет салгылашта К. Үсөнбеков душмандын 7 солдатын сайып өлтүрүп, экөөнү колго түшүргөн. Күжүрмөн тапшырманы ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн лейтенант К. Үсөнбеков Советтер Союзунун Баатыры болгон.

Согуштун аяк жагында Полыпа үчүн салгылашта пулеметчу А. Оторбаевдин эрдиги Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон. Ал Одер дарыясынан өтүп жатканда душмандын беш чабуулунун мизин кайтарып, 25 солдатын жок кылган.

Берлин үчүн болгон салгылашта жердештерибиз учкуч-штурман, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Т. Бегелдинов, взводдун командири Советтер Союзунун Баатыры В. Бельяндра ж. б. өзгөчө эрдиктерди көрсөтүшкөн.

Ошентип, Улуу Ата Мекендик согушта Совет эли эркиндик, көз каранды эместик үчүн жан аябай салгылашкан. Көп улуттуу Кызыл Армиянын катарында Кыргызстандан барган 300 миң жоокер да Ата Мекенди коргоонун үлгүлөрүн көрсөтүшкөн. Согуштагы эрдиктери үчүн 10 миң кыргызстандык жоокер орден жана медалдар менен сыйланышкан. Алардын 76сы Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болушкан. 29 жоокер Даңк орденинин үч даражасын тең алышкан. Кыргызстандык жоокерлердин көпчүлүгү мекенинин, өз элинин эркиндиги үчүн курман болушкан.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (13.11.2012)
Кароолор: 17143 | Тегдер: согуш | Рейтинг: 2.8/8

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑