КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ТАРЫХКА БОЛГОН КЫЗЫГУУСУНУН ЖОГОРУЛАШЫ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ТАРЫХКА БОЛГОН КЫЗЫГУУСУНУН ЖОГОРУЛАШЫ

Эгемендүүлүктүн шартында коомду демократиялаштыруунун тереңдешинин натыйжасында Кыргызстан элинде өткөн тарыхка болгон кызыгуу артты. Коомду демократташтыруу тарыхый жана маданий мурастарга болгон терең кызыгууну ойготту.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгына даярдыктын алкагында 1994-жылдын 22-24-сентябрында Бишкекте «Кыргыздар, байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук Азиядагы этногенетикалык жана этно-маданий процесстер» деген темада эл аралык илимий конференция өткөрүлдү. Анда кыргыздардын этногенезисинин жана этникалык тарыхынын пробемалары каралган.

Коомчулуктун талабы жана кеңири колдоосу астында С. М. Абрамзондун «Кыргыздар жана алардын этно-генетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» деген монографиясы кайрадан жарык көрдү. Илимий-популярдык мүнөздөгү 5 томдон турган «Кыргыздар» (Түзүүчү К. Жусупов), белгилүү тарыхчы, этнограф Б. Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы», А. Байтурдун «Кыргыз тарыхы боюнча лекциялары» деген китептер басмадан чыкты. Аны менен катар көрүнүктүү окумуштуулар Н. А. Аристовдун, В. В. Бартольддун, Н. Я. Бичуриндин, А. Н. Бернштамдын жана С. М. Абрамзондун «Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы» боюнча тандалма эмгектери жарыяланган.

Кыргыздардын этногенезисин жана этностук тарыхы тереңирээк изилдөө үчүн Кыргыз Республикасынын УИАнын тарых институтунун демилгеси менен атайын программа иштелип чыкты. Коомчулуктун өз элинин тарыхына зор кызыгууларын эске алып, программанын авторлору кыргыздардын этногенездик жана этностук тарыхынын проблемаларына чоң көңүл бурушкан. Кыргыздардын тарыхын үйрөнүү жана ага кайрылуу идеологиялык жактан да даярдалган, б. а. коомдун официалдуу мамлекеттик структуралары жагынан да колдоого алынган. Мунун өзү элдин өз тагдырын аныктап билишинде бнр кыйла маанилүү ролду аткарды.

Кыргыз элинин тарыхын иликтөөнун маанилүү булактарынын бири болуп санжыра эсептелет. Ал оозеки формада жашоо менен элибиздин этногенезин жана этностук тарыхын үйрөнүүдө өз алдынча орунга ээ. Ал ошондой эле белгилүү тарыхый инсандардын өмүрү жана иштерин баяндап, жаш муундар үчүн тарбиялык милдетти да аткарат. Элдик санжырага карата кызыгуу өсүп, 1990-ж. Жети-Өгүз районундагы Шалбаа айлында санжыраны так, мазмундуу айтуучулардын конкурсу болуп өткөн.

1990-ж. кыргыздардын 1916-ж. улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 75 жылдыгын ал эми 2006-жылы бул улуу көтөрүлүштүн 90 жылдыгын белгилөө бүтүндөй коомчулуктун өз тарыхына мамилесин жаңылап, кыргыздардын улуттук ан-сезиминин өсүшүнө позитивдүү салым кошту.

Элдин материалдык жана руханий байлыгын камтыган, реалдуу тарыхый окуяларды, образдарды чагылткан «Манас» үчилтигине жана кенже эпосторго карата кызыгуулар ого бетер артты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен

1993-                           жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жарыяланды. Бул боюнча БУУнун Генералдык ассамблеясы атайы резолюция кабыл алган. Натыйжада улуу эпосубуздун 1000 жылдыгы эл аралык алкакта кеңири белгиленди.

«Манас» эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүдө эгемендүү Кыргызстандын маданияты ата-бабаларыбыздын өткөн замандагы маданий мурастарын жаңылоо багытында жаңы бийиктикке көтөрүлдү. Бул маарекеге карата Талас жеринде «Манас-Ордо», Бишкек шаарына жакын Чок-Арык айылында «Манас-айылы» тарыхый-этнографиялык комплекстери ачылды. «Манас» эпосунун бир нече варианттары, эпосту илимий изилдөөгө арналган ондогон китептер жарыяланды.

Аны белгилөөгө дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери катышкан. 1995-ж. августта Бишкекте «Манас» эпосу жана дүйнө элдеринин эпикалык мурастары» деген темада эл аралык симпозиум өткөрүлгөн. Ага 20дан ашык өлкөдөн 130дан ашык окумуштуулар, жазуучулар катышышкан.

«Манас» эпосунун варианттары орус, англис, кытай, хинди ж. б. тилдерге которулган.

Коомдук ишмдердин өкүлдөрү, окумушттуулар мезгилдик басма сөз беттеринде «Манас», жана башка көптөгөн кенже эпостордун мааниси тууралуу пикирлерин айтышты. Курманбек баатырдын 500 жылдыгы кеңири белгиленип, Жалал-Абад шаарында ага эстелик тургузулду. «Курманбек» эпосу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Роза Аманованын айтуусунда 5 компакт-дискага жазылып, элге тартууланды.

Тарых илиминде мурда эзүүчү таптын өкүлдөрү катары сындалып келген көптөгөн тарыхый инсандардын бийлердин, манаптардын, баатырлардын ролдору кайра талданууга алына баштады. Алардын оң маанидеги иштерине басым коюлуу менен даңазалуу тарыхый инсандардын юбилейлик даталарын белгилөө салтка айланды. Ошентип, мамлекеттик деңгээлде тарыхый чындыкты калыбына келтирүү колго алынды. Кыргыз элинин таланттуу, көрүнүктүү уул-кыздарына тарыхтагы жана маданияттагы татыктуу орундары кайрылып берилди. Ошондой иш-чаралардан улам кыргыздардын тарыхы көзгө көрүнгөн, реалдуу мазмунга ээ болуп, конкреттүү адамдардын жандуу тагдырлары, максат, иштери аркылуу толумдуу экендиги дааналанып чыга келди.

Кыргыздардын улуттук аң-сезиминин өсүшү мыйзам ченемдүү түрдө тарыхый, коомдук жана маданий тармактагы кезегинде «унут калтырылган» көптөгөн инсандардын ысымдарын өз ордуна койду. Аныгында алар тууралуу кыргыз эли уламыштарында, санжыраларында, ырларында такай эскере жүрүшкөндүктөрү анык. Демократиялык кайра куруулар, сөз эркиндиги, өз эгемендүү мамлекетин түзүүгө умтулуу ж.б. «унут калтырылган» ысымдарды кыргыз элинин маданиятына жана тарыхына табигый түрдө кайтарды. Бул иш-чаралар, албетте, жаны өсүп келе жаткан муунду өз мекенин сүйүүгө, анын өткөнү менен, өткөндөгү даңазалуу адамдары менен сыймыктана жүрүүсүнө, кыскасы патриоттуулукка тарбиялоо ишинде чон роль ойноору шексиз.

30-40-жж. репрессиянын курманы болушкан мамлекеттик, партиялык, коомдук ишмерлердин ак ниет эмгектерин, ысымдарын реабилитациялоо иши жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-ж. 9-августтагы «Саясий репрессиянын курманы болушкандарды реабилитадиялоого байланыштуу мамлекеттик комиссиянын иш-чаралары жөнүндө» буйругуна ылайык курамында өкмөт жетекчилери, илимдин, искусство жана адабияттын ишмерлери катышкан өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Чоң-Таш айылына жакын жерден табылган 1937-1938-жж. саясий репрессиянын курмандыгы болушкан мамлекеттик, партиялык жана адабият менен искусствонун ишмерлеринин сөөгүн кайра коюу ал жерге «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси курулду.

Эгемендүү Кыргызстанда кыргыз элинин тарыхын жалпы билим берүүчү мектептерде, орто атайын жана жогорку окуу жайларында окутуунун проблемалары тууралуу маселелери курч коюлду. Ошондон улам өлкөнүн билим берүү системасынын бардык баскычтарында тарых боюнча окуу китептерин жаны көз карашта жазуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Окумуштуу педагогдор Ө. Ж. Осмонов, А. А. Асанканов, Т. Н. Өмүрбеков, А. С. Мырзакматова, Ч. Т. Чоротегин, М. К. Иманкулов, К. С. Молдокасымов, А. Б. Элебесова ж. б. чыгармачыл эмгектеринин натыйжасында республиканын жалпы билим берүүчү орто мектептери жана жогорку окуу жайлары үчүн Кыргызстан тарыхы жана Дүйнө тарыхы боюнча жаңы муундагы окуу китептери жазылып, кеңири окутула баштады.

Кыргыз элинин өзүнүн тарыхына болгон зор кызыгуусунан улам, тарыхый булактарга, окумуштуулардын сунуштарына таянып, Кыргыз Республикасынын Президенти 2002-ж. 1-августунда «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын өткөрүү жөнүндөгү» Указга кол койду. Бул боюнча 2003-ж. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы деп жарыяланды. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө, аны кеңири окутууга жана пропагандалоого өзгөчө көнүл бурула баштады.

ДОКУМЕНТТҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын өткөрүү жөнүндөгү» Указынан. 2002-ж 1-август.

Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин илимий жана коомдук-саясий чөйрөдө, республиканын граждандарынын арасында ата-мекендик тарыхка, кыргыз элинин даңктуу өткөн дооруна кызыгуу кыйла өстү

1 коомчулугубуздун ата-мекендик тарыхтын актуалдуу маселелерине зор кызыгуусун эске алуу менен 2003-жыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы деп жарыялансын

4    Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн торолушунун жана өнүгүшүнүн тарыхын окуу программаларына жана окуу куралдарында кароо менен жогорку окуу жайларда, мектептерде жана башка окуу жайларында Кыргызстан тарыхын кыйла тереңдетип окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн. Өсуп келе жаткан муунду өз өлкөсүнүн жана анын эркиндикти сүйгөн элинин көл кылымдык даңктуу тарыхы үчүн сыймыктануу сезиминде тарбиялоо ишине өзгөчө көңүл бурулсун

5    Кыргыз Улуттук илимдер академиясына улуттук университеттер менен кызматташып Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн торолушун жана өнүгүшүнүн тарыхын изилдөө боюнча ишти активдештирүү сунуш кылынсын. Россиянын, Кытайдын, Орто-Азиянын боордош өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин илимпоздорун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кеңири тартуу менен кыргыз мамлекеттуулүгүнун 2200 жылдыгы боюнча илимий форумдар, конференциялар, «тегерек столдор» белгилесин жана өткөрсүн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясынын Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы боюнча кабыл алган резолюциясынан. 2002-ж. 20-февраль.

«Генералдык Ассамблея кыргыз маданиятынын байлыгын, анын улуттук, регионалдык жана эл аралык маанисин белгилөө менен

1   Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын жарыялоого жана аны белгилөөгө жумшаган аракетин колдойт.

2   Бириккен УлуттарУюму мүчө-мамлекеттерине, адистешкен жака өкмөт аралык уюмдарга, ошондой эле регионалдык, өкмөттүк эмес уюмдарга жана фондуларга 2003-жылдагы Кыргыз Республикасы уюштурган салтанаттарга катышууну сунуш кылат»

2002-ж. 20-декабрында Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жөнүндөгү Кыргызстандын демилгесин колдоп, атайын чечим кабыл алды. Ошентип, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы дүйнөлүк аренада кеңири белгиленди. Бул Кыргызстан тарыхындагы эн маанилүү окуя, кыргыз элинин чоң жетишкендиги десек болот.



Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (07.02.2013)
Кароолор: 3180 | Тегдер: кыргызстандыктар | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑