«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» ДООРУНДАГЫ АЙЫЛ-КЫШТАКТАРДЫН СОЦИАЛДЫК ТУРМУШУ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» ДООРУНДАГЫ АЙЫЛ-КЫШТАКТАРДЫН СОЦИАЛДЫК ТУРМУШУ

   Айыл-кыштак калкынын реалдуу кирешелерин көтөрүү үчүн бул жылдарда, кыйла прогрессивдүү аракеттер жасалган. Мисалы, сегизинчи беш жылдыкта колхозчулардын эмгегине ай сайын гарантияланган акы төлөө киргизилген. Колхозчулардын өндүрүшкө кызыгуусун жогорулатуу үчүн мамлекетке сатылуучу айыл чарба продуктуларынын баасы бир нече ирет жогорулатылган. Мунун натыйжасында Кыргызстанда 1965-1985-жж. колхозчулардын айлык акысы 69 сомдон 160 сомго көтөрүлгөн. Бул көрсөткүч совхоздордо 66 сомдон 140 сомго өскөн. Айыл-кыштак элинин жалпы кирешелеринин түзүлүшүндө эмгекке алынган акынын үлүшү жогору болгон. Алсак, 1985-ж. Кыргызстандын колхозчуларынын үй-бүлөсүнүн кирешелеринин 52,4 пайызын, ал эми совхоздун жумушчуларынын үй-бүлөсүнүн кирешелеринин 56,5 пайызын коомдук чарба төлөгөн эмгек акы түзгөн.

1985-жж. коомдо социалдык камсыздандырууну жакшыртууга кылган аракеттердин натыйжасында, айыл-кыштактын эли коомдук керектөө фондуларынын эсебинен да олуттуу кирешелерди алышкан. Алсак, сегизинчи беш жылдыкта колхозчуларга пенсия жана пособие төлөө башталып, кийинки жылдары кыйла өркүндөтүлгөн. Айыл-кыштак эли жалпы кирешелеринин үчтөн бирине жакынын, ыксыз чектөөлөргө карабастан, өздөрүнүн көмөкчү чарбаларынан алып турган.

Айыл-кыштак элинин керектүү товарларга болгон талаптарын канааттандыруу, аларды соода, турмуш-тиричилик, коомдук тамак-аш, транспорт жана байланыш тармактары аркылуу төлөө иштери да кыйла оңолгон. Бирок бул багыттардагы чечилбеген маселелер да арбын болгон. 1985-ж. Кыргызстандын 269 айыл-кыштактарынын 269унда күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк, 424дө өнөр жай товарларын сатуучу дүкөндөр болгон эмес.

Айыл-кыштак калкын турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишин жакшыртуу боюнча аракеттердин натыйжасында 1985-ж. Республиканын айыл-кыштактарындагы элди турмуш-тиричилик жактан тейлөө үчүн 2508 ишкана иштеген. Бирок, ушул жылы Кыргызстандын 1241 айыл-кыштактарында элди турмуш-тиричилик жактан тейлөөчү ишканалар, ал тургай заказдарды кабыл алуучу жайлар да болгон эмес.

1985-ж. Кыргызстан айыл-кыштак калкына кызмат көрсөтүү деңгээли боюнча 15 союздук республиканын ичинен он үчүнчү орунда калган.

Социалдык турмуштун эң негизги маселелеринин бири эчактан эле турак жай экендиги талашсыз. 1964-1985-жж. республиканын айыл-кыштактарында бул багытта салыштырмалуу көрүнүктүү ийгиликтер болгон. Республиканын жогорку бийлик органдары айыл-кыштак элин турак-жай менен камсыз кылуу, айыл-кыштактардын инфраструктурасын жакшыртуу аларды көрктөндүрүү боюнча, аракет жасаган. Республикадагы айыл-кыштактарда турак-жай курулушу өскөн. Айыл-кыштактардын көбү көрктөндүрүлгөн.

Административдик-буйрукчул башкаруунун саясаты боюнча бул мезгилде Кыргызстанда айыл-кыштактарды ирилештирүү иши күч алган. Бул багыттагы иш-аракеттердин натыйжасында, 1965-1985-жж. аралыгында республикада айыл-кыштактардын саны 3524төн 1762ге чейин кыскарган. Өзгөчө аракеттердин натыйжасында айыл-кыштактарды ирилештирүү боюнча Кыргызстан СССР боюнча Молдавия менен Армениядан кийинки үчүнчү орунга чыккан.

Совет бийлигинин жылдарында, анын ичинен «өнүккөн социализм» мезгилинде, айыл калкынын саламаттыгын сактоо ишинде салыштырмалуу чоң жетишкендиктер камсыз болгон. Бул багыттагы жетишкендиктер менен катар бул тармакта көптөгөн маселелер чечилбеген бойдон калган. 1985-ж. карата эле республиканын 539 айыл-кыштагынын эли медициналык жардам үчүн 10 км ге чейин, ал эми 105 айыл-кыштактын эли андан дагы узак жол жүрүүгө аргасыз болушкан.

Дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринде төрөлгөн 1 миң баланын 6-9 гана бир жашка жетпей өлүп калаары аныкталган. Ал эми СССР боюнча бул көрсөткүч орто эсеп менен 25 баланы түзгөн. Кыргыгстанда 1980-ж. 1 миң баланын 48,4, 1985ж. 47,2 бир жашка жетпей өлүп калган. Ал эми республикадагы айрым айылдык советтер боюнча алганда төрөлгөн 1 миң балаиын 150 чейинкиси бирге чыкпай чарчап калаары аныкталган.

Буйрукчул экономикада социалдык чөйрөгө экинчи планда көңүл буруунун чоң залакасы айыл-кыштактарда маданий мекемелерге өзгөчө катуу тийген. Социалдык чөйрөгө бөлүнгөн каражаттар өзгөчө өлкөдөгү 70-жж. экономикалык кризистерден кийин дагы кыскарган. Каражаттардын жетишсиздигинен элдин маданий деңгээлин көтөрүүгө багытталган мыкты чечимдер, чакырыктар республикадагы экономикасы жакшы өнуккөн айрым чарбалар тарабынан гана жарым жартылай аткарылып, көпчүлүк айыл-кыштактарда көңүл бурулбаган бойдон калган. 80-жж. ортосунда республиканын 800 айыл-кыштактарында клуб мекемелери, 511инде китепканалар, 874үндө кино көрсөтүүчү аппараттар болгон эмес.

Республиканын айыл-кыштактардагы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кандай көнүл бурулса, аларды адистер менен камсыз кылуу ишине болгон камкордуктар деле андан ашып түшпөгөн. Каражаттардын өтө аздыгына байланыштуу айылдык маданият чөйрөсүндө эмгектенгендерге материалдык жана моралдык шарттар түзүлгөн эмес.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (19.11.2012)
Кароолор: 1327 | Тегдер: социализм | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑