«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1964—1985-жж.) - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

«ӨНҮККӨН СОЦИАЛИЗМ» МЕЗГИЛИНДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУ (1964—1985-жж.)

50-жж. Н. С. Хрущев баштаган реформалар 60-жж. башында өзүнүн күчүн жоготуп солгундай баштаган. Өлкөнүн экономикасы төмөндөгөн. Советтик, партиялык төбөлдөрдүн СССРде «коммунизмди кеңири куруу» жөнүндөгү урааны негизсиз экендиги айкын болгон. Н. С. Хрущев 1964-ж. КПСС БКнын биринчи секретарлыгынан жана СССР Министрлер Советинин председателдигинен бошотулган. КПСС БКнын биринчи секретарлыгына Л. И. Брежнев шайланып, СССР Министрлер Советинин председателдигине А. Н. Косыгин дайындалган. Ошентип, өлкөдөгү административдик-буйрукчул системага жаңы жетекчилик келген.

Бул мезгилде жалпы өлкөдө партиянын үстөмдүгү чыңдалып, ал коомдук турмуштун бардык жактарына тикеден-тике кийлигише баштаган. Партиялык жетекчилер өздөрү башкарган аймактардын бирден-бир кожоюндарына айланышкан. Кыргыз ССРинде партиялык-мамлекеттик жетекчилик 1961ж. тартып эле Турдакун Усубалиевге өткөн.

Өнүккөн социализм мезгилинде КПССтин бюрократтык аппараты чындалып, өлкөдөгү бардык бийлик партиянын жогорку органдарына топтолгон. Республикалардын партиялык жана Советтик жетекчилери гана эмес, обкомдун биринчи катчылары, ири ишканалардын жетекчилери да Москва аркылуу дайындалып калган.

Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин, обкомдордун, ал тургай алыскы элеттик райкомдордун экинчи секретарлары, айрым учурларда биринчи секретарлары орус улутундагылар болуп калган.

Административдик-буйрукчул системанын шартында партиялык-мамлекеттик башкаруудагы кемчиликтер өлкөдөгү коомдук уюмдарга да тараган. Партиянын күжүрмөн резерви аталган комсомолдун турмушунда да формалдуулук, шашылыш чечим кабыл алуу, курулаЙ шаңдануу, кичине иш үчүн тоодой рапорт берүү күч алган. Бул жылдары комсомолдук органдардын демилгелери өчүп, толук бойдон партиянын жетегинде калган.

Ушундай эле абал профсоюздарга да тиешелүү болгон. Профсоюздардын ролун жогорулатуу үчүн аракеттер, албетте, болгон. Алар эл чарбасынын бардык тармактарында иштеген. 60-жж. ортосунда бүтүндөй өлкө сыяктуу эле Кыргызстандын колхоздорунда да профсоюздар түзүлө баштаган.

60-жж. СССРде, анын ичинде Кыргызстанда, мамлекеттик бийликтин органы катары Советтердин ролун көтөрүү аракети башталган. Кыргыз ССР Жогорку Совети республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Советтердин ролун көтөрүү, жергиликтүү Советтердин ишин жакшыртуу үчүн бир катар аракеттерди жасаган. Бул иште ошол мезгилде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп иштеген Т. Кулатов көп эмгек сиңирген.

Партиялык бюрократиянын күч алган мезгилинде Советтер мамлекеттик бийликтин жогорку оргаиы катары мурдагыдай формалдуу гана эсептелип, өз ишмердигинде союздун, республикалык мыйзамдардын аткарылышы жөнүндөгү министрликтердин, ведомстволордуи, эл депутаттар советтеринин отчетторун угуу, эмгекчилердин арыз, даттанууларын кароо менен гана чектелген.

КПССтин коомдун саясий системасындагы ээлеген ордун бекемдөө, өнүккөн социализмдин маани-маңызын ачык көрсөтүү үчүн 1977-ж. 7-октябрда СССРдин, ал эми 1978-ж. 20-апрелде Кыргыз ССРинин жаңы Конституциялары кабыл алынган. Буларда «Компартия совет коомунун жетекчи жана багыттоочу күчу, анын саясий системасынын, мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын ядросу» деген атайын статья бекитилген. Муну менен КПССтин жеке бийлиги мыйзамдаштырылган. Бирок социалисттик коомдун негизин түзгөн Советтердин абалы, ээлеген орду толук көрсөтүлгөн эмес.

1979-ж. июнда жергиликтүү Советтерге шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал негизинен мурдатан эле келе жаткан шайлоо тартибин бекиткен. Депутаттыкка кандидаттар жогортодон бирден гана көрсөтүлгөн. Эл аларды формалдуу түрдө эле шайлап коюшкан. Жергиликтүү маселелер аткаруу комитеттери тарабынан чечилип, эл өкүлдөрү Советтердин сессияларында мурдатан даярдалган чечимдерге добуш берүү менен чектелген. Натыйжада эл бийлигинин принциптери бузулган, жаңы демилгелерди эски традициялуу башкаруу ыкмалары басып салган. Маселелерди чыгармачылык шык менен талкуулоого, кабыл алынган чечимдерди мезгил-мезгили менен текшерүүгө бөгөт коюлган.

1960-жж. баштап Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигинин аткаруучу жана тескөөчү жогорку органы болгон Кыргыз ССР Министрлер Совети республиканын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө көп көнүл бура баштаган. Республиканын эл чарба планын, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерди ишке ашырууда, ресиубликанын таламдарын жактоодо активдүү аракеттерди жасаган. Бул органдын ишин жакшыртууда А. Сүйөркулов, Б. Мамбетов, А. Сүйүмбаев жана С. Ибраимов, А. Дүйшөев көрүнүктүү эмгек сиңиришкен.

80-жж. башынан баштап аткаруучу бийликтин башында турган Кыргыз ССРинин Министрлер Советинде да иш солгундаган.

Анда каралган иштердин үчтөн экисин күнүмдүк маселелер түзүп калган. Министрлер Совети өзүнүн жергиликтүү органдарына жылына 4 миңден ашуун токтомдорду, буйруктарды жөнөтүп турган. Алардын көбү контролдун жоктугунан аткарылган эмес.

Социалисттик демократиянын принциптерине ылайык республикада көптөгөн коомдук массалык уюмдар түзүлгөн. Бирок алардын мүчөлөрү формалдуу түрдө гана мамлекетти башкаруу иштерине катышып жатышат делип эсептелген. Ошондой болсо дагы 80-жж. ортосунан кийин коомдук уюмдардын ролун көтөрүү учүн эл массасы активдүү кирише баштаган.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (13.11.2012)
Кароолор: 3324 | Тегдер: социализм | Рейтинг: 1.8/4

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑