СОВЕТТИК АГРАРДЫК САЯСАТТЫН БАШАТЫ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

СОВЕТТИК АГРАРДЫК САЯСАТТЫН БАШАТЫ

  Пролетариат диктатурасы орногондон кийин В. И. Ленин башында турган коммунисттер биринчи кезекте агрардык маселени чечүүгө аракет жасашкан. Россиянын калкынын негизин түзгөн дыйкандардын басымдуу көпчүлүгүнүн талабына ылайык жерди мамлекеттештирүү т. а. аны мамлекеттин карамагына алуу саясаты жүргүзүлгөн. Совет бийлигинин Жер жөнүндөгү декрети кабыл альгаып, ага ылайык бардык жерлер маылекеттин менчиги делип жарыяланган.

Бул декрет боюнча Совет бийлигинин агрардык саясатынын төмөндөгүдөй негизги багыттары:

·        жерге болгон жеке менчикти жоюу, ири жер ээлеринин жерлерин конфискациялоо;

·        "жер аны иштеткендердики деген эреже боюнча жерди чарбаларга тендеп бөлүп берүү;

·        чарбаларды жерге жайгаштыруу;

·        натуралай жана акчалай төлөнүүчү салыктарды, аренда акыларын, жана дыйкандардын кредиттик мекемелерге болгон бардык карыздарын жоюу;

·        дыйкандарга өз чарбасын түзүү үчүн материалдык-техникалык, акчалай жардам берүү;

·        айыл чарбасын тейлөө үчүн кооперативдердин жөнөкөй түрлөрүн уюштуруу ж. б. аныкталган.

Агрардык саясаттын бул багыттары Россиянын чет жакаларында жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырыла баштаган. Совет бийлигинин алгачкы күндөрүндө але Кыргызстаяда агрардык мамилелер түп-тамырынан бери өзгөрө баштаган. Кедей жана орто дыйкандар натуралай жана акчалай төлөнүүчү салыктардан бошотулган. Алардын кредиттик уюмдарга, сүткор-банкирлерге болгон карыадары жоюлган.

Жеке менчикте турбаган бардык жерлер мамлекеттин меычиги делип жарыяланып, жергиликтүү бийлик органдарынын көзөмөлүнө өткөн.

Совет бийлиги дыйкандарга ирригадия тармагын калыбына келтирүү үчүн өзгөчө жардам берген. 1918-ж. 17-майда В.     И. Лениндин демилгеси менен «Түркстанда сугат иштерин уюштуруу боюнча» Декрет кабыл алынып ал боюнча Чүй сугат тармагында 94 миң дес. жерди өздөштүрүү белгиленген. Түркстанда сугат тармагын өздөштүрүүгө мамлекеттик казнадан 50 млн сом бөлүнүп, анын 3 млн сому Пишпек уездиндеги Чүй суусунун өрөөнүн өздөштүрүүгө чегерилген. Чүй сугат тармагындагы бардык курулуштар, жабдыктар, техникалар мамлекеттик менчикке өткөн.

1921-ж. январда өткөн Түркстан АССРинин казак жана кыргыз кедейлеринин крайлык 1-съезди келгин дыйкандар ээлеп алган кыргыздардын жерлерин кайтарып бермейинче кыргыз элинин абалын оңдоого болбой тургандыгын баса белгилейт. 1921-ж. 4-февралда Жети-Суу областтык революциячыл комитети бул максатты ишке ашыруу үчүн жер-суу реформасын жүргүзүү жөнүндө буйрукка кол койгон.

20-жж. башындагы жер-суу реформасы жер-суу маселеси боюнча орус жана кыргыз дыйкандарынын ортосундагы колониялык мезгилден калган теңсиздикти жоюуга багытталган. Ал үчүн орус дыйкандарынан ашыкча жерлерди алуу, мал өтүүчү жерлерге жана суунун башына жайгашып алган орус кыштактарын жана хуторлорун жоюу керек эле. Мындан тышкары жергиликтүү байлардын жерлери алынып, бошогон жерлер кедей дыйкандарга берилмек. Көчмөн калкка жайыттан тышкары айдоо жерлери да бөлүнүп, аларга мамлекет тарабынан акчалай жардам, айыл чарба шаймандарын, үрөн ж. б. берүү милдети турган.

Жер-суу реформасынын биринчи этабы 1921-1922-жж. жүргүзүлгөн. Реформа мурун падышалык-помещиктик колония күчтүү орногон Жети-Суу областынын Верный, Бишкек, Каракол уезддерин; Сыр-Дарыя областынын Олуя-Ата (Талас өрөөнү), Чымкент, Ташкент уезддерин; Фергана областынын Жалал-Абад жана Мархамат райондорун камтыган.

Жер-суу реформасын жүргүзүү айыгышкан тал күрөшүнүн формасында өткөн. Байлар менен кулактар бул реформа аркылуу Совет бийлигц кыргыз айыл-кыштактарын 1916-жылдагыдай талкалайт экен же орус кыштактарын жоюп, аларды Кыргызстандан кубалайт экен деген сөздөрдү таркатышкан. Жергиликтүү улутчулдар болсо бардык орустарды колонизаторлор деп айыптап, аларды Россияга көчүрүүнү, ал эми шовинисттик маанайдагы орус дыйкандары мурун алган жерлерибизди бербейбиз, бардык жерлер мурда бөлүштүргөн бойдон калсын деген талаптарды коюшкан.

1922-жж. жер-суу реформасынын жана социалисттик жерге жайгаштыруу саясатынын натыйжасьшда кыргыз жана орус дыйкандарынын жерлеринин өлчөмү тенделген. Жерге жайгашкан кыргыз дыйкандарынын саны өскөн. Натыйжада айдоо жерлер көбөйүп, жерди иштетүү жакшырган. Бул ишти жүзөгө ашырууда Адымкул Жумагулов башында турган Пишпек уездик жер комитети менен реформа жургузүу боюнча өзгөчө комиссия зор иштерди аткарган.

1923-ж. жазынан жер-суу реформанын экинчи этабы башталып, Жети-Суу областынын калкын жапырт жерге жайгаштыруу иши жүргүзулгөн. 1923-192б-жж. реформа толук социалисттик мүнөздө болуп, дыйкандарды жерди жеке пайдалануудан коллективдүү пайдаланууга өткөрүү максатын көздөгөн. Жерди иштетүүнүн социалисттик формасына өтүү үчүн Кыргызстанда адегенде көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды отурукташтыруу керек эле. Совет өкмөтүнүн чечими боюнча ар бир дыйкан жерди жекече же биргелешип иштетүүнүн формаларын тандап алууга, жалданма жумуш күчүн пайдаланууга укуктуу болгон. Отурукташууга өткөн дыйкандарга он жылдык мөөнөт менен айыл чарба шаймандары, унаа, үрөн бөлүштүрүлүп, мындан тышкары үй, короо-жай курулушу үчүн материалдар бекер берилген. Отурукташкан дыйкандар мамлекеттик жана жергиликтүү салыктан беш жылга бошотулган. Аларга агротехникалык ж. б. жардам көрсөтүү каралган.

1927-ж. 12-ноябрда Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитети жана Эл Комиссарлар Совети Кыргызстандын түштүгүидө жер-суу реформасын жүргүзүү жөнүндө декрет кабыл алган. Бул жакта жүргүзүлгөн реформанын жүрүшүндө жер фондусу 46 миң га сугат жана 2,3 млн га кайрак жерди түзгөн. 18,6 мин дыйкан жерге жайгаштырылган. Бардык чайрыкерлер, кедей дыйкандардын 75 проценти жер, айыл чарба шаймандарын алышкан, аларга салык боюнча жеңилдиктер берилген. Реформанын натыйжасында феодалдык-помещнктик чарбалар жоюлган, патриархалдык-феодалдык мамилелер кыйраган. Айыл-кыштактын калкын негизинен орто дыйкандар түзүп калган. Реформанын жүрүшүндө 65 колхоз түзүлгөн.

Жерге жайгаштыруунун натыйжасында көчмөндөр отурукташа баштаган. Айыл чарбасын туташ коллективдештирүүгө чейин эле кыргыздардын 40 миң көчмөн мал чарбасы отурукташкан эле. Натыйжада натуралдык мал чарбасы товар өндүрүүчү дыйкан чарбага көбүрөөк өтө баштаган.

Агрардык реформалардан кийин кооперация күчтүү темп менен өскөн. Революцияга чейин буржуазиялык кооперациянын мектебинен өтпөгөн кыргыз дыйкандары социалисттик кооперациянын ар түрдүү формаларына бириге башташкан. Кооперациянын жөнөкөй формалары Борбордук Азияда граждандык согуштун мезгилинде эле пайда болгон. Кыргызстанда болсо көчмөн мал чарбасына ылайыкташтырылган малчылардын «Чолпон» (1924-ж.) жана Ак-Сай» (1925-ж.) шериктештиктери түэүлгөн. Кыргыз автономиялык областы түзүлгөн сон кооперациялар көбөйгөн. 1925-ж. октябрына карата Кыргызстаяда 232 айыл чарба кооперативдери түзүлүп, аларга 21,8 мин адам мүчө болгон. 1926-ж. баштап Кыргызстандагы кооперадияларды Кыргыз АССРинин кооперациялык Советн жетектеп, бул кыймылдын өсүшүнө, алардын мамлекеттик органдар менен мамилесин жөнгө салууда, жеке капиталга каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойногон.

1929-ж. Кыргызстанда кооперациянын адистешкен формаларын түэүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ага ылайык, «Кыргыз пахта союзу», «Кыргыз мал чарба союзу», «Кыргыз колхоз союзу» ж. б. түзүлгөн. Булар өнөр жай менен дыйкандардын ортосундагы байланыштыруучу органдар болуп калган. Бул кооперативдик союздар дыйкандарды өндүрүштүк кооперациянын башкы формалары жерди биргелешип иштетуу шериктештигине (ТОЗ) жана айыл чарба артелдерине биригишине даярдоодо чоң роль ойношкон. Бул иште Совет бийлигинин алгачкы мезгилинде эле байлардын, кулактардын жерлерин, малын конфискациялоо учурунда түзүлүп, чыңдалып калган колхоздор да түрткү болгон.

1925-ж. Кыргызстанда 64 колхоз жана 6 совхоз болгон. Совет өкмөтү аларды ар тараптан колдоого алган. 1924-ж. Чүйөрөөнүндө «Аламүдүн», Каракол уездинде «Токтоян» чарбалары уюштурулуп, алар экономикалык жактан мыкты көрсөткүчтөргө жетише баштаган.

Ошентип, 1928-ж. айыл чарбасынын негизги эки тармагы тең согушка чейинки деңгээлге жакындаган. Агрардык чөйрөдөгү реформалардын натыйжасында республикадагы эзүүчү таптын өкүлдөрү 12,7 проценттен 3,5 процентке чейин азайган. Бирок негизинен алганда Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшү артта калган. Бул тармакты көтөрүү үчүн дагы көптөгөн аракеттер керек эле.

 


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (30.10.2012)
Кароолор: 3569 | Тегдер: агрардык, совет | Рейтинг: 3.0/3

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑