ТООЛУУ КЫРГЫЗ ОБЛАСТЫН ТҮЗҮҮ АРАКЕТИ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

ТООЛУУ КЫРГЫЗ ОБЛАСТЫН ТҮЗҮҮ АРАКЕТИ

Түркстан АССРинин курамында турган кыргыздар бул республиканын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана жана Самарканд областтарынын курамында болуп, дагы эле бытыранды бойдон кала берген. Бул областтарда кыргыздар башка улуттарга караганда азчылыкты түзүп, көпчүлүк убакта алардын кызыкчылыктары этибарга алынбай калган. Кыргыздардын ассимилацияга кириптер болуу коркунучу туулган.

Ушуга байланыштуу 1921-ж. Алматыда болгон кеңешмеде биринчи жолу Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз областын түзүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок анда бул маселе чечилбей, Казак АССРине Жети-Суу жана Сыр-Дарыя областтары берилмек болот. Бул чечим кыргыздардын саясий абалын бир кыйла оордоткон. Анткени кыргыздар мурда бир автономиялуу республиканын курамына кирсе эми эки автономиялуу республикага бөлүнүп калмак. Буга макул болбогон кыргыз интеллигенциясынын алдынкы өкүлдөрү Ю. Абдрахманов, И. Арабаев, А. Сыдыков 1922-ж. мартта кыргыз уезддерин бөлүп, өз алдынча Тоолуу Кыргыз областын түзүү сунушун кайрадан көтөрүшкөн. 1922-ж. 25-мартта Түркстан компартиясынын Борбордук Комитетинин секретариаты Түркстан Республикасынын курамындагы Тоолуу Кыргыз областын түзүү жөнүндө чечим чыгарган. 2б-мартта болсо ТүркБАКтын кичи Президиуму курамында Пишпек, Каракол, Нарын уезддери жана Олуята уездинин тоолуу бөлүгү кирген, борбору Кочкор кыштагында жайгашкан Тоолуу Кыргыз областын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Башкача айтканда, бул областка Кыргызстандын түндүгү гана кирип, Түштүк Кыргызстандагы кыргыздардын тагдыры убактылуу ачык калтырылган. Ошондой болсо дагы кыргыз элинин алдында кыргыздар жашаган аймактын бир бөлүгүндө бирдиктүү, өз алдынча улуттук автономиялуу мамлекеттүүлүгүн түзүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Бирок Тоолуу Кыргыз областын түзүү үчүн аракеттердин башында эле уруулук, улуттук мүнөздөгү эки топтун ортосунда талаш-тартыш башталган. А. Сыдыков башында турган топ Тоолуу Кыргыз областын түзүү үчүн активдүү күрөшкөн. Ал эми Р. Кудайкулов жетектеген топ буга каршы иш жүргүзгөн. Аны Ташкенттеги жана Алматыдагы казак улутундагы жетекчилер колдоп чыгышкан.

Партиянын Жети-Суу обкому 1922-ж. 4-июнда Пишпекте уюштуруу съездин чакырып, ага 425 делегат катышкан. Бирок съезд өз ишин баштай электе эле Түркстандык жана Жети-Суулук бийликтердин макулдугу, Сталиндин түздөн-түз көрсөтмөсү менен таркатылган. 1922-ж. декабрда РКП(б) Борбордук Комитети Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча мурун кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп жарыялап, съездди чакыруунун демилгечилерин буржуазиялык улутчулдар, контрреволюционерлер деп күнөөлөгөн. Ошентип, кыргыз элинин чектелген улуттук мамлекеттик бирикме түзүү жөнүндөгү алгачкы аракети ишке ашпай калган.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (13.11.2012)
Кароолор: 1010 | Тегдер: кыргыз ССР | Рейтинг: 0.0/0

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑