ТОТАЛИТАРДЫК РЕЖИМДИН КҮЧӨШҮ. МАССАЛЫК ЖАЗАЛООЛОР - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

ТОТАЛИТАРДЫК РЕЖИМДИН КҮЧӨШҮ. МАССАЛЫК ЖАЗАЛООЛОР

СССРде тоталитардык системанын өнүгүшүнө объективдүү жана субъективдүү мүнөздөгү көптөгөн факторлор себеп болгон. Россияда көп кылымдар бою падышачылык бийликтин үстөмдүк кылышы, демократиялык башкаруу салтынын жоктугу бул системанын калыптанышын шарттаган.

1934-ж. чейин Совет бийлигинин жана «элдин душмандары» партиядан чыгаруу, кызматтан алуу менен гана жазаланган. Партиянын XVII съездинен кийин И. Сталин өзүнүн оппоненттерин жок кылууга өткөн. Ал үчүн 1934-ж. 1-декабрда С. М. Кировдун өлтүрүлүшү шылтоо болгон. СССРдин Жогору Сотунун Аскердик коллегиясы 1936-ж. августта «троцкийчил-зиновьевдик биргелешкен антисоветтик борбордун» ишин карал Зиновьевди, Каменевди, Евдокимовду, Бакаевди ж. б. 16 адамды атууга кескен. Ушундан кийин Сталин өзүнүн мурдагы соратниктеринин бир тобун жок кыла баштаган.

Борбордо башталган сталиндик линиянын душмандарын Кыргызстанда да жок кылыш керек эле. Органдар жөн жатпаш үчүн изилденип бүтүп, 1933-ж. эле жабылган "Социал Туран партиясынын ишин кайрадан козгоп чыгышат. Бир аз аракеттер болуп, бирок толук түзүлбөгөн бул партияга тиешеси бар делип эч жазыксыз адамдар атууга кесилген. Алардын ичинде Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков, Т. Айтматов, Б. Исакеев, А. Орозбеков, Ж. Саадаев, Т. Жолдошев, А. Жээнбаев, А. Жумагулов, К. Тыныстанов, О. Тынаев, ж. б. кыргыз элинин чыгаан уулдары болгон. Катаал тазалоолордун, массалык репрессиянын натыйжасында Кыргызстандын партиялык уюму 1934-ж. 1936-ж. чейин эле 14 миң адамдан миңге кыскарган, (б. а. бул мезгилде коммунисттердин жарымынан көбү «эл душманы» катары «тазаланган». 30-жж. 1,4 млн калкы бар Кыргызстандан эле 40 миң адам репрессияланган (бүгүнкү күнгө карата алардын 13 миңден ашыгы акталды).

Өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда, орногон административдик-буйрукчул система, анын массалык жазалоолору социалисттик курулушка өзүнүн оор залакасын, кесепетин тийгизген. Бирок жеке адамга сыйынуучулук, массалык террор совет коомунун маңызын, жалпы элдин куруучулук ишмердигин, СССРдин прогресс жолундагы өнүгүшүн токтото алган эмес.

Россиянын экономикасы көп укладдуу болгондуктан, коомдогу социалдык катмарлар да ар түрдүү болгон. Ошого байланыштуу өлкөнүн ичинде тап күрөшү «Ким кимди?» деген эреже боюнча күч алган. Бул күрөш граждандык согушка өсүп чыккан.

В. И. Ленин башында турган большевиктер партиясы Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле өзүнүн душмандарын азайтуу, бийлигин чыңдоо максатында бир партиялуу системаны тандап алган. Натыйжада болыпевиктерден башка партиялардын баары мыйзамсыз делип жарыяланып, алардын ишмердиктерине түрдүү себептер менен тыюу салынган.

Бир партиялуу системанын шартында оппозициянын жоктугунан улам бийлик органдарында коррупция жана бюрократизм күч алган. Контролдун жетишсиздигинен айрым партиялык-мамлекеттик кызматкерлер бийлигин кыянаттык менен пайдаланууга өтүшкөн.

Жаңы экономикалык саясат кийинки мезгилде олку-солку иштей баштаган. Саясатта болсо коомдогу көп кырдуу социалдык кызыкчылыктар менен болыпевиктердин тоталитардык бийлигинин ортосунда карама-каршылык кучөгөн. Натыйжада партиянын ичинде фракциялык күрөш күч алып, Сталин, Троцкий, Зиновьев ж. б. ортосунда бийлик учүн күрөш күчөгөн.

Сырттан келүүчү капиталдын токтошу, жаңы экономикалык саясаттын алсырай башташы, өлкөнүн экономикасынын бардык тармактарынын өнүгүшүн начарлаткан. Экономиканы канткенде көтөрүүгө болот деген маселенин тегерегинде партиянын ичинде күрөш ого бетер күчөгөн. Натыйжада башкаруунун административдик-буйрукчул, репрессиялык ыкмалары күчөйт. Бул жаңы экономикалык саясаттын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. Болыпевиктер экономикалык кризистен чыгуу учүн рынок экономикасына негизделген жаңы экономикалык саясатты токтотуп, пландуу экономикага өтуунү биротоло тандаган. Коомдун өнүгүшү жалпы пландоого өтүп, биринчи беш жылдык (1928-1932-жж.) план иштелип чыккан. Экономикалык кризистин, финансылык кыйынчылыктардын шартында өлкөнү индустриялаштыруу чарбалык жетекчиликтин административдик ыкмаларга өтүшүн тездеткен.

Өлкөнү индустриялаштыруу саясатынын жүрүшүндө күчөгөн талаш-тартыштардын жүрүшүндө сталиндик-бухариндик блок «солчул оппозиция» деп аталган троцкийлик-зиновьевдик топту жеңип чыгат. Ушундан кийин партияны «троцкийчилерден» тазалоо боюнча кеңири компания башталган.

Беш жылдык планды түзүү жана айыл чарбасын коллективдештирүү боюнча жүргөн идеялык күрөштө «оңчул оппозиция» деп аталган Бухариндин блогу талкаланып, алар куугунтукка алынат. Буга чейин Совет өкмөтү кулактарды чектөө саясатын жүргүзүп келген. 1929-ж. 27-декабрда Сталин «Кулактарды тап катары жоюу» ураанын жарыялаган. Ушундан кийин өлкөдө дыйкандардын бир бөлүгүнө карата массалык репрессия башталган.

Директивалык документтерге ылайык туташ коллективдештирүү жүргүзүлгөн райондордо кулакка тартуулар 3-5 пайыздан ашпашы керек эле. Чындыгында көчмөн кыргыздар жашаган райондордо мынча сандагы кулактар болгон эмес. Салык эсеби боюна 1928-1929-жж. 3406 гана кулак чарбасы болгон. Алардын көбү кийинки жылдары жакырданып калган эле. Бирок берилген тап социалисттик чарба жүргүзүүдөгү кыйынчылыктарга «бүлдүрүүчүлөр», «эл душмандары» күнөөлүү деген шылтоо пайда болуп, элдин көңүлүн ошол жакка буруу саясаты башталган. Бул саясат өлкөдөгү бийлик үчүн күрөштү жаап-жашырууга, буржуазиялык идеологияга каршы күрөш деген шылтоо менен жакпаган элементтерди жок кылууга, репрессияны улантууга ынгайлуу шарт түзгөн. Бул саясат Кыргызстанга да жетип, буржуазиянын идеологиясына берилгендерди издөө жана табуу иши күчөйт. Борбордогу саясатка ылайык «троцкийчил», оңчул жана солчул оппортунисттерди советтик партиялык жетекчилердин, интеллигенттердин арасынан издөө башталат. Алар бул жөнүндө түшүнүктөрү жок кыргыз айыл-кыштактарынан да «табыла» баштаган.

Кыргызстандын партиялык комитеттери өлкөнүн башка региондору менен республикадагы солчул жана оңчул оппортунисттердин бетин ачуу боюнча мелдешип жаткан учурда ГПУнун органдары «бүлдүргүч» жана "контрреволюциячыл уюмдарды жок кылууга белсенип киришишкен. 1932-ж. алар республиканын мамлекеттик пландоо комитетинен 5 «контрреволюциячыл-бүлдүргүч» уюмдун бетин ачышат.

1937-ж. 4-сентябрда Кыргызстан КП(б) БКнын Аткаруучу бюросу ири окумуштуу К. Тыныстановдун чыгармачылыгынан «буржуазиялык-кулактык улутчулдукту» таап, аны «эл душманы» деп жарыялаган. Июнь айында А. Сыдыковдун «улутчул, контрреволюциялык-көтөрүлүшчүл, антисоветтик» уюму ачылат. 1933-ж. аягында Ж. Абдрахманов улутчул катары айыпталып партиядан чыгарылган эле. Чындыгында ал өзүнүн Күндөлүгүндө Сталинди сынга алган сөздөрү үчүн жазаланган. 1935-ж. республиканын эл агартуу комиссарынын орун басары И. Тойчинов жаштардын жашыруун уюмун түзүүгө аракеттенген деген жалаа менен, улутчул катары партиядан чыгарылат.

Кыргызстандын областтык партиялык уюму өз алдынча иштеген 8 жылда союздук масштабда жүргүзүлгөн компания боюнча тазалоону төрт жолу башынан өткөргөн. Натыйжада мамлекетке, элге берилип эмгектенип жаткан көптөгөн күнөөсүз, таланттуу жетекчилер партиядан чыгарылып, кызматтарынан бошотулган.

Саясий репрессиялар коркунучтун, ишенбөөчүлүктүн, партиялык жогорку органдарга кыңк этпей баш ийүүчүлүктүн маанайын түзгөн. Партиядан чыгып калуудан корккон жетекчилер өздөрүнүн демилгеси менен өз алдынча иштей алган эмес. Натыйжада республикалык жана жергиликтүү партиялык жана советтик уюмдар жогортон келген буйрук, көрсөтмөлөрдү аткарууга, ашыгы менен аткарууга машыккан.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (13.11.2012)
Кароолор: 7014 | Тегдер: репрессия, социализм | Рейтинг: 1.8/6

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑