УЛУТ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨГҮ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

УЛУТ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨГҮ АЛГАЧКЫ КАДАМДАР

Большевиктер партиясы бийликке келгенге чейин эле социалдык жана улуттук эзүүнү жоюуну өздөрүнүн негизги максаты экендигин жарыялап келишкен. 1917-ж. 2-ноябрда Совет өкмөтү «Россия элдеринин укуктарынын декларациясын» жарыялал өзүнүн улут саясатынын негиздерин билдирген.

Октябрь революциясына чейин падышачылыктын колониялык саясаты, аймактык бытырандылык, феодалдык-патриархалдык мамилелердин үстөмдүгү Орто Азия элдеринин улуттук байланыштарын түзүүгө жана чыңдоого тоскоол болгон. Совет өкмөтү Орто Азияда өздөрүнүн таасирин бекемдөө үчүн 1917-ж. 22-ноябрында «Россиянын жана Чыгыштын бардык мусулман эмгекчилерине» деген үндөөсүн басып чыгып, анда Россиянын мусулман калкынын толук эркиндиги жана ар тараптан тең укуктуулугу жарыяланган.

Бирок Совет бийлигинин алгачкы мезгилинде Түркстандын элдери менен Совет мамлекетинин ортосунда өз ара ишенбестик орун алган. Буга жергиликтүү элдин айрым өкүлдөрүнүн улутчул көз карашта болгону, орус улутундагы кээ бир болыпевиктик лидерлердин шовинизм маанайында иш жүргүзгөндүгү негиз болтон.

Алсак, 1917-ж. 15-22-ноябрда Түркстандагы Советтердин съездинде башкаруунун жогорку органы Түркстан Эл комиссарлар Совети (ЭКС) түзүлүп, аңда 15 эл комиссарлары бекитилген. ЭКСтин төрагалыгына болыпевик Ф. И. Колесов шайланган. Ал өкмөттүн курамына жергиликтүү улуттардын бир дагы өкүлү кирген эмес. Бул аймактагы мусулмандар съездинин Түркстан крайында көп партиялык негизде коалициялык өкмөт түзүү жөнүндөгү сунушу четке кагылган. Алар буржуазиялык улутчулдар катары айыпталган.

Мына ушундан кийин Мустафа Чокаев башында турган «Шу-ро-и-Ислам» партиясынын аймактык комитетинин демилгеси менен 1917-ж. 26-29-ноябрда Кокон шаарында мусулмандардын атайын чакырылган IV съезди болуц өткөн. Ал съездде Россиянын курамындагы «Кокон автономиясы» жарыяланып, М. Чокаев жана М. Тынышпаев башында турган өкмөт шайланган. Ал өкмөткө жергиликтүү улуттун өкүлдөрү менен катар орустар, борбордук Россиядан чыккан башка улуттардын өкүлдөрү да кирген. Булар мурдагы Кокон хандыгынын чегинде буржуазиялык-демократиялык республика формасындагы улуттук мамлекетти түзүүнү көздөшкөн.

Ошентип, Түркстанда кош бийлик түзүлөт. Анын бири Ташкенттеги болыпевиктер партиясы тарабынан түзүлгөн Совет өкмөтү болсо, экинчи бийлик «Шуро-и-Ислам», «Алаш» жана башка партиялардын, ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү түзгөн «Кокон автономиясынын» өкмөтү эле. Кокон өкмөтү Совет бийлигине каршы үгүт иштерин жүргүзүп, аларды колдогондор да арбын болгон. Анын куралдуу күчтөрү түзүлүп, ага полковник Чанышев командачылык кылган.

Түркстанда «Кокон автономиясынын» уламдан-улам чындалып баратышы Ташкенттеги болыпевиктик өкмөттү чочулаткан. 1918-ж. 19-26-январдагы Советтердин Крайлык IV съезди «Кокон автономиясынын» өкмөтүн мыйзамсыз, контрреволюциячыл өкмөт деп жарыялап, анын жетекчилерин камакка алуу жөнүндө чечим кабыл алган.

1918-ж. 19-22-февралда Кызыл Армиянын бөлүктөрү Коконго басыл кирип, айыгышкан салгылашуу менен «Кокон автономиясынын» куралдуу күчтөрүн талкалаган, өкмөт жок кылынган. «Кокон автономиясынын» аман калган өкүлдөрү тоо тарапка качып кеткен. Кыргызстанга качкандары граждандык согуштун жылдарында Совет бийлигине каршы күрөшкөн.

Ошентип, Түркстандагы жергиликтүү калктын интеллигенциясынын улуттук жана мамлекеттик көз каранды эместикке жетүүдө болгон аракети күч менен жок кылынган. Жергиликтүү калктын бир бөлүгү болыпевиктердин, «Кокон автономиясына» карата жасаган ишин нааразылык менен кабыл алгая.

1918-ж. Советтердин бүткүл Россиялык III съездинде «Эмгекчи жана эзилген элдердин укуктарынын декларациясы» кабыл алынып, анда социалисттик көп улуттуу мамлекеттин негизи катары федерациялык түзүлүштүн планы жарыяланган. Бул чечимдин негизинде Орто Азия элдери 1918-ж. Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасына биригишкен. Ушул жылы майда Түркстан автономия укугунда Россиянын курамына кирген. Мында Совет бийлигин чыңдоодо Совет өкмөтү тарабынан 1919-ж. 8-октябрда түзүлгөн Түркстан иштери боюнча комиссиясы (Түрккомиссия) чоң роль ойногон. Бул комиссияны Ш. 3. Элиава жетектеп, анын курамына М. В. Фрунзе, В. В. Куйбышев, Я. Э. Рудаутак. Г. И. Бокий, Ф. Н. Голощекин кирген. Аларга аймактагы партиялык жана советтик органдардагы жетекчилердин катачылыктарын оңдоо, бийлик органдарын тартипке келтирүү, өзгөчө улуттук маселеге аяр мамиле жасоо, жергиликтүү калктын Совет бийлигине болгон ишенимин бекемдөө милдети жүктөлгөн.

Комиссия Түркстанда жергиликтүү элге карата шовинисттик мамиле жасаган советтик, партиялык кадрларды иштен алып, бийлик структураларын таркаткан. Башкаруу органдарына жергиликтүү калктын өкүлдөрүн кенири тарткан. Дыйкандарды, өзгөчө жергиликтүү калкты талап-тоногон кызыл аскерлер үчүн атуу жазасы киргизилген. Комиссия ислам укугунун нормаларын, мечиттердии иштерин калыбына келтирген. Натыйжада жергиликтүү калктын болыпевиктерге ишеними артып, алардан Кызыл Армияга ыктыярдуу өткөндөрдүн саны көбөйгөн. Болыпевиктердин улут саясатындагы иш-аракеттеринин жергиликтүү калк тарабынан колдоого алынышы Кыргызстандагы контрреволюциячыл күчтөрдү талкалоодо, Совет бийлигин чыңдоодо чечүүчү роль ойногон.

Кыргызстандын аймагында Совет бийлиги орногондон кийин 1916-ж. көтөрүлүшкө катышкан кыргыздарды жазалоо, куугунтуктоо токтогон. Аракеттердин натыйжасында улуттардын арасындагы ишенбестик, кастык көз караштар акырындык менен жоюла, өз ара жардамдашуу, достук мамилелери калыптана баштаган. 1918-ж. 5-июлда Жети-Суу областынын аткаруу комитетинин алдында улут иштери боюнча областтык комиссариат түзүлүп, анын алдыңда орус-кыргыз мамилелерин иретке келтирүү боюнча атайын комитет уюштурулган. Бул комитет кыргыз жана орус калктарынын арасында кеңири үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн.

Совет бийлиги өлкөдөгу татаал кырдаалга карабастан ачарчылыкка учураган калкка жардам көрсөтүү ишине өзгөчө көңүл бурган. Ачарчылыкка учурагандарга жардам берүү үчүн комитеттер түзүлгөн. 1918-ж. 29-октябрда Жети-Суу областтык аткаруу комитети, Токмоктогу азык-түлүк комитетине ачарчылыкка учураган кыргыздарга тамактануу пункутун ачуу учүн 100 миң сом акча бөлгөн. Тамак берүү пункттары Кыргызстандын бардык шаарларында, айрым айыл-кыштактарда да уюштурулган.

Совет өкмөтүнүн качкын кыргыздарга карата мамилесин өзгөчө ыраазычылык менен белгилесек болот. Качкын кыргыздардын кырылгандан калганынын көбү мекенине 1917-ж. эле, февраль революциясынан кийин кайтканын билебиз. Бирок бийликке келген Убактылуу өкмөттүн аларга карата жасаган шовинисттик саясатынын натыйжасында аларды жазалоо, куугунтуктоо күчөгөн. Натыйжада өтө алсыраган кыргыздар жаңы кыргынга дуушар болгон эле.

Совет бийлиги качкын кыргыздардын калгандарын мекенине көчүрүп келүүгө, жардам берүү үчүн Батыш Кытайга атайын комиссия жөнөткөн. Бул комиссия Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин 1920-ж. 2-февралдагы чечими менен түзүлгөн. Комиссияга качкын кыргыздарды мекенине кайтаруу, жерлерин кайтарып берүү, аларга зомбулук көрсөтүүнү токтотуу, кулдукка сатылып кеткендерин куткаруу, материалдык жардам берүү жана орустар менен кыргыздардын касташуусун токтотуу милдеттери жүктөлгөн.

Падыша бийлиги кулап, Совет бийлиги орногондон кийин 1916-ж. Кытайга Жети-Суу областынан качкан 332 миң кыргыз-казактын 300 миндейи Ата Мекенине кайтып келишкен. Совет бийлигинин жардамы менен кайтып келген кыргыздарга жумшоо үчүн өкмөттүн эсебинен 100 млн сом бөлүнгөн. Мунун эсебинен качкын кыргыздарга акысыз мал, айыл чарба шаймандары, боз үйлөр, курулуш материалдары берилген. Мекенине келген кыргыздарга 1920-ж. эле 46 мин теше айдоо жери, 80 мин теше жайыт таратылган. Алар беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик салыктан бошотулган.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (13.11.2012)
Кароолор: 1530 | Тегдер: социализм | Рейтинг: 5.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑