УЛУУ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

УЛУУ КЫРГЫЗ ДӨӨЛӨТҮ

Бул түшүнүктү илимге академик В. В. Бартольд 1927-ж. жазган «Кыргыздар. Тарыхый очерк» деген китебинде киргизген.

VIII к. Борбордук Азияда гегемондук роль уйгурлардын колунда эле. Уйгурлар эзелтен бери Борбордук Азиянын талааларында жашаган байыркы түрк тилиндеги элдерден болчу. Экинчи Түрк кагандыгы начарлаганда уйгурлар, карлуктар, басмылдардын биргелешкен күчтөрү аны талкалаган. Ошентип, көчмөндөрдүн жаңы талаа дөөлөтү Уйгур кагандыгы (745-840-жж.) пайда болгон. Анын күчтүү мезгилинде ага Кытай да жыл сайын салык төлөп турган.

Кыргыздар өзүлөрүнүн күчтөрүн ал убакта Жети-Сууну ээлеп алышкан карлуктар менен, чиктер жана түрк урууларынын калдыктары менен уйгур каганы Элетмиш Билгеге (747—759-жж.) каршы күрөшүү үчүн бириктиришкен. Түрк бектеринин арасынан чыккынчылар чыгып, каганды эскертип коюшат. Ал чечкиндүү аракет кылып, союздаштарды жалгыздап талкалаган. 758-ж. уйгурлар Ортоңку Енисейдеги кыргыздардын өлкөсүн басып алышат. 795-ж. кыргыздар көтөрүлүшкө чыгышкан, бирок женилип калышат. Кыргыз ажолору өч алуу үчүн жыйырма беш жыл бою өз күчтөрүн топтошкон. IX к. башында Уйгур кагандыгы мурдагыдан бошоңдоп калган эле. Анда ич ара чыр-чатактар күч алып, бытырап кетишкен болучу. Бул учурду кыргыздар сергектик менен илип алышкан. Буга байланыштуу кытай булактарынан төмөндөгүлөрдү окууга болот. «Ажо өзун хан деп, аялы Гелла-шехтпи. (карлук жабгусунун кызын) — ханыша деп жарыялады». Кыргыздардын тарыхындагы бул маанилүү окуя 820-ж. болгои. Карлуктардын колдоосуна ээ болушкан кыргыздар өзүлөрүн Уйгур кагандыгына көз карандысыз деп жарыялап, муну менен Борбордук Азияда гегемондукка умтула башташкан. Бул сапар алардын доолору чыныгы мүмкүнчүлүктөргө негизделген эле.

795-ж. женилгенден кийин Кыргыз кагандыгы узакка созулуучу согуштарга ылайыкташтырылган аскердик-административдик системаны түзгөн. Ажо Сибирь элдерине бир нече жортуул жасап, мамлекеттин чегин бир кыйла кенейтип, VIII к. башталышындагыга караганда бир кыйла көп материалдык жана адам ресурстарьша ээ болгон. Көз каранды элдер (кыштымдар) өздөрүнүн аскерлерин кыргыз армиясынын курамына кошууга милдеттүү болучу. Администрациянын жана аскер күчтөрүнүн башында Ажо турган. Ага үч бий жана ар кыл баскычтагы чиновниктер баш ийишип, акыркылары, алты бөлүккө бөлүнгөн. Туруктуу аскерлерден куралган атчандар гвардиясы болгон. Согуш убагында *вассал» элдерден өзүнчө кошуун түзүлгөн. IX к. кыргыздар көз каранды уруулардан түзүлгөн аскер күчтөрүн эсептегенде жүз миң аскерден турган армияны коё алышкан.

Ажо уйгурлар менен каршылашкан арабдар, тибеттер жана Теңир-Тоодогу Карлук мамлекети менен дипломатиялык байланыштарды түзө алган. Кыргыз ажосунун 820-ж. өзүн-өзү каган деп жарыялашы уйгур каганына согуш жарыялаганга тете эле.

Уйгурлар Ажонун кыр көрсөтүүсүнө жооп иретинде Енисейге аскерлерин жиберет. Бирок алар жеңилип калышат. Согуш жыйырма жылга созулуп кетет. Кыргыздар салгылашууда басымдуулук кыла башташкан окшойт, мунун өзү Ажого уйгурлардын каганына төмөнкүдөй текебердүү билдирүү жиберүүгө мүмкүндүк берген: «Сенин тагдырың бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду аламын, анын алдына атымды байлап, өзумдүн туумду илемин. Эгерде мени менен алышкың келсе, анда дароо келгин. Эгерде алыша албасаң тезинен жогол».

Согуштагы жеңилүүлөр Уйгур кагандыгындагы ич ара күрөштөрдү курчутту. 840-ж. кар калың түшкөн кышта мал кырылып, ачарчылык жана жугуштуу оорулар күчөдү. Ушул кыйын кезенде уйгурлардын яглахар уруусунун төрөсү кыргыздарды жардамга чакырат. Кыргыз каганы 840-ж. ОрдоБалыкка (Ордо-Балык Уйгур кагандыгынын борбору болгон. Орхон дарыясынын боюнда жайгашкан. «Балык» шаар дегенди түшүндүрөт) 100 миң аскерден турган армиясы менен чабуул коюп, уйгур аскерлерин талкалайт, борборун жер менен жексен кылат. Уйгур каганы салгылашууда курман болот. Уйгурлардын калгандары Кытайга, Байкалдын арт жагына, Чыгыш Түркстанга качышып, өзүлөрүнүн мыкты жерлерин жана байлыктарын кыргыздарга калтырууга мажбур болушкан. Бул казатта кыргыз колун улуу кол башчы Алп Сол жетектеген.

843-ж. Енисейлик кыргыздар Пан-Тегин бапгчылык кылган уйгурларды куугунтуктап отурушуп, Чыгыш Түркстанга басып киришет да, Аньси жана Бейтин (Бешбалык) шаарларын алышат. Андан ары Теңир-Тоо менен Жети-Сууга чейин жетишет. Алардын күчтүү аскери Чыгыш Монголияда, Жуңгарняда жана Байкалдын ары жагында да ийгнликтүү согуш аркеттерин жүргүзүшкөн. Ошентип, IX к. орто ченинде Уйгур кагандыгынын ордунда Кыргыздардын Улуу дөөлөтү пайда болду. Анын чек аралары Кытай маалыматтары боюнча жетиштүү даражада даана белгиленген:

«Хягас (кыргыз) күчтүү мамлекет болгон: аянты боюнча түрк элдеринин ээликтерине теңелгөн (Экикчи Түрк кагандыгынын чеги эске алынып жатат). Чыгышта Гулиганиге (Байкал бою) чейин, түштүктө Тибөтке, Чыгыш Түркстанга, түштүк-батышта Гэлоллуга чейин (Жети-Суу) созулуп жаткан»,

Тактап айтканда, кыргыз мамлекетинин бийлиги чыгыштан батышка карай Чыгыш Монголиядан тартып, ЫсыкКөл менен Жети-Сууга чейинки, түндүктөн түштүккө карай Сибирь тайгасынан (Томск менен Красноярскинин аймагы) тартып Улуу Кытай дубалына чейинки эбегейсиз зор мейкиндикке тараган. Ошентип, кыргыз ээлигинин курамына Түштүк Сибирь, Монголия, Байкал аймагынын бир бөлүгү, Иртыш бою, Чыгыш Казакстан, Жети-Суу аймагы ЫсыкКөл, Борбордук Тянь-Шань жана Таримдин өзөнү кошулган. Кыргыздар Борбордук Азиянын мейкиндиктерин өзүлөрүнө багындыра алган мезгил академик В. В. Бартольд тарабынан адилеттүү түрдө *Улуу Кыргыз дөөлөтү* деп аталган. Күч-кубат жетип турган мезгилде Енисей кыргыздары Теңир-Тоого чейин да жетишкен. Алар мында да өзүлөрүнүн үстөмдүгүнүн издерин калтырышкан. Енисейлик кыргыздардын айрымдары ошондо кальга бул жактагы туугандарынын арасынан оорун-оочок алып калышкан. Байыркы талаа салтына ылайык Кангүйдү ээлеген ал бардык көчмөн элдердин формалдуу ээси катары эсептелген. Мындай дөөлөттөрдү өз заманында хунндар, жуан-жуандар (аварлар), түрктөр, кыпчактар (сеяньто), уйгурлар кийинчерээк монголдор түзүшкөн.

Енисей кыргыздарынын саны бул заманда өтө көбөйгөн. Алардын 840-ж. Уйгур кагандыгына каршы чабуулга келген 100 мин жоокеринин саны менен эле эсептегенде, кыргыздардын саны 300 минден 500 минге жеткендигн анык. Анткени байыркы түрк тайпаларында ар качан 3—5 адамдан бир аскер чыгаруу салттары болгон. Демек, бул убакытта, Борбордук Азиянын байыркы тайпаларынын ичинде кыргыздар саны жагынан уйгурлардан кийинки экинчи орунда турган чон тайпалардын бири болгон. Енисей Кыргыз кагандыгы мурдагы уйгур кагандыгыкын ордун ээлеп, күч-кубаты арткандыгы алардын өзүлөрүнүн коомдук тарыхында эле эмес, ошол жерде жашаган башка тайпалардын коомдук өнүгүү мезгилине да зор таасирин тийгизген.

Биринчиден, Уйгур кагандыгынын ичиндеги жылданжылга уланып келген согуштар токтогон. Мындай тынчтык жагдай кыргыз дөөлөтүнүн өнүгүүсү үчүн да пайдалуу шарт түзөт.

Экинчиден, Улуу Кыргыз дөөлөтү Тан империясынын түндүк жана батыш тараптарын коргоп турган бекем коргон болуп калды. Жергиликтүү уруулар дайыма тополоң чыгарып турган уйгурлардан кутулду.

Үчүнчудөн, жаны жагдай кыргыз урууларынын өнүгүпөсүшүнө жакшы шарт түзүлдү. Бир канча майда тайпалар кыргыз тайпасынын ичине сиңип кирди. Мисалы, Жунгар ойдуңунда жашаган түрк урууларынын ичинен сарттардын бир бөлүгү кыргыздар менен сиңилишип сарт уруусун түздү. Ошондой эле монголдордун түпкү ата-бабаларынын келип чьпышы менен байланыштуу болгон пгатар, маңгыпг жана ногой уруулары кыргыздын «кырк уруусунун» бири болуп калган. Бу заманда кыргыздардын ичине сиңнп кеткен башка уруу тайпалары өтө көп. Жалпысынан айтканда, Енисей Кыргыз кагандыгынын бул күч алган доору азыркы кыргыз улутунун улут болуп калыптануусу үчүн терен негиз салган мезгил эле. Кыргыз кагандыгы Уйгур кагандыгын талкалаган соң өзүнүн саясий түзүлүшүн иреттеп, бир системалуу бийлик аппаратын түзгөн.

Улуу Кыргыз дөөлөтүн каган башкарган. Каган орто кылымдарда көпчүлүк түрк элдериндеги мамлекет башчысына берилүүчү наам (тнтул) эле. Мамлекеттин саясий аткаруучулук жана аскер уруктарынын бардыгы кагандын колунда болгон. Кагандын орду уулуна (тегин, ханзаада), же уулу болбосо, аялына, же болбосо инилерине мураска калуучу.

Тактагг айтканда кыргыздардын салт-санаасы, мураскордук (династия) ырааты башка түрк элдериникине окшош болгон.

Кагандан кийинки экинчи орундагы мансап буйрук (кеңешчи) деп аталган. Ал киши кагандыктын акимчилик жумуштарын башкаруучу. Буйруктан кийинки орундагы мансаптар бойла андан кийин йарган деген наамдар менен аталган. Бойла — өкүм бекитүүчү, йарган болсо өкүмдү аткаруучу мансаптар. Булардан башка кагандарга жардамдашып, аскер, укук маселесин кармаган сангун (жанжун) деген мансап болгон. Ошентип каган, тегин (ханзадалар), ннал (хандын жээндери), буйрук, бойла, йарган, сангундар каганаттын негизги ордо мүчөлөрү болуп эсептелген.

Каганаттын жергиликтүү мансаптагы башкаруучулары тутук, таркан, бий (бек) жана тутүн дегендерден турган. Тутуктар райондорду же чоң тайпаларды башкарууга жиберилген саясий бийлөөчүлөр болуп эсептелинген. Алар негизинен ханзаадалар же кагандын туугандарынан болгон. Таркан деген мансаптагылар тутуктарга окшош, кагандын райондорго жана тайпаларга жиберген аскер башчылары эле. Таркандар менен тутуктар өздөрү башкарган райондор үчүн бардык маселелер (салык, аскер ж. б.) боюнча кагандын алдында жооп берген.

Алардан кийинки башкаруучу тепкичте бийлер (бектер) жана бийлердин кол астында тутүндөр турган. Бийлер чоң урууларды же бир нече майда урууларды башкарган. Түтүндөр болсо майда урууларды, же болбосо ондогон же жүз үй-бүлөнүн башчысы болгон.

Улуу Кыргыз кагандыгында күчтүү мамлекеттик тартип орнотулган. Кагандын сөзүнө турбай эки сүйлөшү өлүмгө тете уят иш катары эсептелген. Мамлекеттин башында турган кагандын буйругуна кайдигер мамиле жасаган чиновниктер, каганга туура эмес, татыксыз кеңеш берген кеңешчилер, коомдук тартипти бузуп, жөнү жок чуу чыгарган адамдар өлүм жазасына тартылган. Кыргыз коомунда уурулук өтө жексур көрүнүш катары каралган. Эгерде баласы уурулук кылса анын башын кесип атасынын моюнуна илип коюшкан. Ал ууру баласынын башын бул дүйнөдөн көзү өткүчө мойнуна илип жүрүүгө милдеттүү болгон. Натыйжада Улуу Кыргыз кагандыгында уурулук өтө сейрек учураган.

Ошол мезгилдерде кыргыздар түрк элдеринин ичинен сабаттуулары болгон, өз жазуусун кеңири колдонгон. X к. Түндүк Кытайда бир топ кыргыз жаштары билим алышкан.

Алардын көпчүлүгү жогорку билимдүү болууга жетишип, чет жердик хан сарайына кызматка чакырылышкан. Алсак, Тибеттегл будда дини жөнүндө кытайлык жазуучу аны менен бирге кыргыз өлкөсүнөн чыккан бир таланттуу адам иштегендигин баса белгилеген.

Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн өкүм сүрүүсү 80 жылга созулган X к. биринчи чейрегинде кыргыздардын негизги массасы талааларды калтырып, Саян кырка тоолоруна кайтышкан. Бул душмандын катуу аскердик кысым көрсөтүүсүнүн натыйжасында болгон эмес. Узакка созулган кан төгүлгөн согуштарда ансыз деле аз сандагы кыргыз эли катуу жабыр тартышкан, анткени алар кеннри мейкиндиктерге таркатылып жиберилген. Бир бөлүгү Тенир-Тоого, бир бөлүгү Тибет жакка оогон дагы бир бөлүгү өзүлөрүнүн эски ата-журту Енисейге кайтып кетишкен. Андан сырткары Енисейде дыйканчылык менен күн көрүшкөн элдин бир бөлүгү Борбордук Азиянын кургакчыл бөксө тоолоруна көнө алышкан эмес. X к. кыргыздар Алтай менен Жуңгарияны Чыгыш Түркстандын оазистерине көзөмөлдүк кылуу үчүн плацдарм катары гана кармап турушкан.

к. биринчи чейрегинде 80 жыл жашаган Улуу Кыргыз кагандыгы тынчтык жолу менен тараган. Бул мезгилдин Кыргызстан тарыхындагы орду өтө маанилүү. «Улуу Кыргыз кагандыгынын » доору чындыгында эле кыргыздардын көкөлөп өсүүсүнүн мезгили, россиялык окумуштуулардын бири мүнөздөп жазгандай, «алардын тарыхынын жылдыздуу сааты» болгон. Кыргыздар, алардын күч кубаты жөнүндө атак-данк кабары Борбордук Азиянын чегинен тышкары жактарга да угулган. Ошол доордо «кыргыз» деген ат даңктуу, кайратман элге таандык болууну билдирип, ошого жараша, «кыргыз» этноними полиэтнонимге айланган. Кыргыз деген ат ардактуу болуп, ушул ат менен Борбордук Азиялык башка элдер да өздөрүн сыймыктануу менен атай башташкан.

Улуу каганаттан баш тартуу менен, кыргыздардын бир бөлүгү мурдагы Енисейдеги жерине кайтып келишсе, экинчи бөлүгү Ала-Тоо аймагынан орун-очок алып, ал жерде эзелтен эле туруктуу жашаган өз боордоштору менен аралашып кетишкен.

Улуу Кыргыз кагандыгынын доорунан кийин ал учурдагы эн драмалуу саясий окуялардын чордону Саян-Алтайдан азыркы Кыргызстандын аймагына көчкөн.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор






Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (23.10.2012)
Кароолор: 9434 | Тегдер: улуу кыргыз дөөлөтү, кыргыздар | Рейтинг: 2.0/1

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑