XIX к. ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ — XX к. БАШЫНДА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ӨНҮГҮШҮ - Тарых - Макалалар - Студенттик портал - кыргызча рефераттар, макалалар
 

Кош келиңиз Мейман • Катталуу • Кирүү • RSS 
Башкы бет » Макалалар » Тарых

XIX к. ЭКИНЧИ ЖАРЫМЫ — XX к. БАШЫНДА ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ӨНҮГҮШҮ

Орус окумуштуусу В. В. Радловдун пикири боюнча XIX к. кыргыз эли чыныгы эпикалык доорун башынан кыйгас өткөрүп турган. Натыйжада «Манас» айтуу өркүндөп, апогейине жеткен. Бул өнөрдүн эң көрүнүктүү өкүлдөрү Балык, Келдибек, Назар, Чокбаш, Телтай, Калмырза, Суранчы, Чоодан, Жандаке ж.б. чон манасчы аталышып, эл ичинде абдан зор кадыр-баркка ээ болушкан. Булар өздөрүнө чейпнки жашап өткөн чыгаан манасчылардын көөнөрбөс мурасын өркүндөтүшкөн. Ошону менен бирге алардын ар бири өз учурунун улуу манасчылары катары көптөгөн таланттарга таасирлерин тийгизген. Мисалы, Жапый уулу Тыныбек (18461902-жж.) манасчыдан Сагымбай, Калыгул, Тоголок Молдо, Байбагыш, Доңузбай ж. б. улуу-кичүү манасчылар таалим алышкан. Бир жолу кыргыздыя Шабдан, Байтик, Сооронбай, Өзбек өңдүү атактуу манаптары Токмоктун жанындагы Сооронбайдын багы деген жерге чогулуп Тыныбекти 30 күнү катары менен «Манас» айттырышкан экен.

Чоң манасчылар «Манасты» айткан учурда, өздөрүн эпикалык каармандардын арасында жүргөндөй, түрдүү окуяларды элестетерин айтышкан. Бул алардын чыгармачылык шыктанышынын күчүн, поэтикалык дүйнөлөрүнүн кенирилигинен кабар берген. Ушундай манасчылардын бири Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930-жж.) болгон. Ал Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кабырга айылында туулган. Өз заманындагы манасчылардан таалим алган. Анын айтуусунда жазылып алынган «Манас» эпосунун варианты мазмуну, идеясы, көркөмдүгү жагынан жогорку денгээлде иштелген, композициясы боюнча толук бүткөн монументтүү элдик көркөм чыгарманын бийик үлгүсү катары кыргыздын руханий дөөлөтүнө кирген. Сагымбайдын айуусундагы эпостогу окуялар толук жана жогорку көркөмдүктө баяндалат. Бул Сагымбайдын өзүнөн мурунку чон манасчылардын айткандарын угуп, алардын бай тажрыйбаларын чыгармачылык менен үйрөнгөнүн айгинелейт.

XVIII—XIX кк. кенже эпостор да толукталып, көркөмдүк бийик денгээлге жеткен. Кайберен менен күч сынашкан көзгө атаар мерген жөнүндөгү «Кожожаш» дастаны кыргыздардын экологиялык тең салмактуулукту сактоо, табигатка аяр мамиле жасоо идеяларын чагылдырган.

Кыргыздардын эн байыркы доордогу дүйнөнүн, жердин түзүлүшү жөнүндөгү түшүнүгүн көрсөткөн «Эр Төштүк» дастаны да элдин байланыш, жол катнаш, жакшылык менен жамандык жөнүндөгү ой-тилектерин айгинелеп, коомдук ансезимдин өнүгүшүнө кызмат өтөгөн.

ХVII-ХVIII кк. Борбордук Азиядагы саясий кырдаалды, кыргыз элинин ойрот баскынчылыгына каршы күрөшүн чагылдырган «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Эр Табылды» сыяктуу баатырдык кенже эпостор пайда болуп, калк арасында кеңири тараган. «Жаңыл Мырза» дастаны жоокерчилик замандагы баатыр аялдардын эркиндик, теңчилик үчүн күрөшүн даңазалаган.

Кыргыз элинин улуу талантын айгинелеген акындык өнөр да өнүккөн. Кыргыздын төкмө акындары айтыш өнөрү аркылуу өз чеберчиликтерин көрсөтүшкөн. Булардын ичинен Жеңиясок (Өтө Көкө уулу 1860-1918-жж.) философиясы терең мазмундуу чыгармалары менен калктын кадырлоосуна ээ болгон.

Кыргыз элинин улуу акыны Токтогул Сатылганов (18641933-жж.) өз доорунун социалдык, таптык мамилелерин чебер талдоого алыд, эркиндик, теңчилик идеясын жогору койгон ырлары менен элдин калын катмарына белгилүү болгон.

Чүйдүн Онбир-Жылга айылынан чыккан, ырды жамгырдай төккөн, уккулуктуу бийик арген үндүү Калмырза Сарпек уулун (1866-1910-жж.) казактын улуу акыны Жамбыл жогору баалаган. Калмырза жөнүндө белгилүү Барпы акын мындай деген:

«Кара жаак акын Калмырза,

Тилинде калы бар мырза.

Какшап ырдап отурса,

Кадыр түнгө дал мырза».

Төкмө акын Барпы Алыкулов (1884-1949-жж.) азыркы Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Анын санатнасыят ырлары дидактикалык философиялык терен ойлорго байдыгы менен өзгөчөлөнгөн.

Төкмө акын Эшмамбет Байсеит уулу (1867-1926-жж.) Токтогулдан таалим алган. Анын ырлары да философиялык ой толгоолору менен айырмаланьга турган. Ал Женижок, Жаңыбай, Куран, Найманбай, Барпы, Калык ж. б. белгилүү акындар менен айтышта өзүн бул өнөрдүн чон устаты катары көргөзгөн.

Акындык менен кошо кыргыздын музыкалык өнөрү жанаша өскөн. Элдик музыканттар комузда, кыякта, темир комузда, чоордо, керней-сурнайда, сыбызгыда ж. б. аспаптарда ойношуп, терен мазмундагы музыкаларды жаратышкан. Аларга Күрөңкөй Белек уулу (1826-1960-жж.), Ныязаалы Борош уулу (1860-1949-жж.), Карамолдо Ороз уулу (1863-1960-жж.), Боогачы Жакыпбек уулу (1866-1935-жж.), Ыбрай Туман уулу (1885-1967-жж.) ж. б. кирет. Алар ар түрдүү жанрдагы, шаңдуу, кайгылуу, адамдын сезимдерине терең таасир берген, философиясы бай чыгармаларды жаратуу менен элибиздин руханий маданиятына көөнөргүс салым кошушкан. Булардын айрым чыгармалары кийинчерээк нотага түшүрүлүп, элибиздин алтын казынасына түбөлүккө киргизилген.

Элибиздия оозеки чыгармачылыгы совет доорунда ирети менен чогултулуп кагаз бетине түшүрүлсө да, мурастарыбыз элге жеткирүүдө бир топ кысымга алынып, көпчүлүгү пантюркистик, понисламисттик жана диндик көз карашка сугарылган деген шылтоо менен элге жетпей келди. Азыркы мезгилде элибиздин бай казынасын «Эл адабияты» деген серияда 40 том кылып чыгаруу иши колго алынды. Бүгүнкү күндө алардын ичинен «Кожожаш», «Эр Төштүк», «Жоодарбешим» өндүү кенже эпостор жана Кошоктор, Табышмактар, Балдар фольклору ж. б. чыгармалардын 21 тому жарыкка чыгып, окурмандардын колуна тийди. Бул иш улантылууда.

Кыргыздардын философиялык ой толгоолору жеке гана эпостордо макал-лакаптарда, дастандарда, төкмө акындардын ырларында гана камтылбастан чечендик өнөрдө, алдын көрө билген акылман олуялардын сөздөрүндө да чагылдырылган.

XIX к. кыргыз философиясына, чечендик өнөрүнө терен из калтырган Калыгул Бай уулу (1785-1855-жж.) болгон. Сөздөрүнүн өтө олуттуулугу, курчтугу, турмуштуулугу, келечекти таамай чагылдырылгандыгы үчүн эл аны Калыгул олуя деп катуу кадырлаган. Көркөм сөз искусствосунда Калыгулга чейин Асан кайгыыын, Санчы сынчынын, Толубай сынчынын, Жээренче чечендин ж. б. аттары аталганы менен алардын чыгармалары бири-бирине оошуп, реалдуулуктан көрө легендага жакыныраак болуп калган. Атактуу манасчы Сагымбай Калыгул жөнүндө: «Калыгул акын кыргыз акындарынын атасы эсептелет. Андан мурда эл-журтка маалым ырлары сакталган биринчи кыргыз акынын уга албадык» деген. Анын «Калыгулдун сөзү», «Акыр заман», «Терме, санат ырлары», «Ысык-Көл жөнүндө айткандары» ж. б. чыгармалары бүткүл чыгыш поэзиясында байыртадан эле орун алып келген дидактикалык мүнөздө болуп, акылдуу ойлорго, насыятка жык толгон.

Чыгыш поэзиясынын бул түрүн өркүндөткөн кыргыз ойчул-дарынын дагы бири Арстанбек Буйлаш (Бойлош) уулу (1824-1878-жж.) болгон. Ал 500 чамалуу комуздагы күүлөрү, обондуу ырлары менен да эл ичинде атагы чыккан. Анын «Тар заман» аттуу негизги чыгармасында коомдук, саясий, турмуш-тиричилик, кыскасы адам менен коом жөнүндөгү тарыхый конкреттүү шарттарга байланыштуу ар түрдүү мазмундагы поэтикалык жыйынтыктар берилген. Өзү жашаган кыргыз коомундагы саясиЙ турмушка кайрылып Арстанбек Кыргызстандын Россия букаралыгына өтүшүн анчейин жактырган эмес. Андан көрө Чыгыш Түркстанда түзүлгөн Жакып бектин Жети-Шаар мамлекетине кошулсак деген пикирде болгон. Акындын бул ою ошол кездеги кыргыз коомчулугундагы коомдук пикирлердин көп түрдүүлүгүн айгинелейт.

Калыгул менен Арстанбектин поэзияларында заттардын мазмуну так жана таамай айтылып, өтө кыска элестүү образ менен берилген. Алардын ырларынын ар бир сабы дээрлик өзүнчө ой толгоонун жемиши катары залкар ойлорду камтып көркөм сөз менен айтылган. Ошондуктан бул ойчулдардын айткандары эл ичинде макал-лакап катары жашап калган.


Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор



Нравится
Добуш бер
Бөлүм: Тарых | Кошкон: Admin (29.10.2012)
Кароолор: 3302 | Тегдер: чыгармачылык, оозеки | Рейтинг: 2.0/2

Жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш



Окшош материалдар
       



 
Жогору ↑