ГРАЖДАНДЫК СОГУШ

ГРАЖДАНДЫК СОГУШ социалдык конфликтти чечүүнүн акыркы чегине жеткен курч формасы, бир мамлекеттин  чегиндеги улуттук группировкалардын, социалдык топтордун, таптардын ортосундагы бийлик үчүн уюштурулган күрөш.  Г. с. улуттук кризисти жеңүүнүн легитимдүү формалары жана каражаттарынын бардыгы сарпталып бүткөн учурда келип  чыгат. Тарыхта көптөгөн Г. с. белгилүү, анын ичинде династиялык, мис., Англиядагы Кызыл жана Ак розалар согушу  (XV к.). Анда Плантагенеттердин эки бутагы бирин-бири кырат, Тюдорлордун династиясына жол ачышкан. Диний жана  улуттук негиздеги Г. с. азыркы мезгилде да кеңири жайылган: Чечнядагы, Тажикстандагы согуштар, мурдагы  Югославиянын аймагындагы согуш. Г. с-тун эң эле мүнөздүү түрү болуп терең таптык конфликттерге негизделген  согуш саналат: кулдардын көтөрүлүшү, көп сандаган дыйкан согуштары (Кытайда көп жолу ийгилик менен аяктаган),  партизандык (Сальвадор), антиколониалдык согуштар. Г. с. – эң зор улуттук кырсык. Өзүнүн мүнөзүнө карабай Г. с.  калктын арасында чоң курмандыктар, өндүрүш күчтөрүнөн бузулушу, маданият очокторунун кыйратылышы менен  коштолот. Г. с-тун бардык түрлөрү тең нравалык актанууга ээ эмес. Көбүнчө эл эпчил жана атак-даңкка умтулган  авантюристтердин саясий амбицияларынын кучагында калат. АКШдагы Түндүк менен Түштүктөн ортосундагы согуш,  Түндүктөн жеңиши менен аяктап, экономиканын, индустриянын, экономикалык эффективдүү фермер чарбаларынын тез  өсүшү үчүн шарт түзгөн. Советтик Россиядагы (1918–1922) Г. с. абдан кандуу жана кыйраткыч болгон. Афганстан,  Ангола, Эфиопия, Сальвадор, Никарагуадагы Г. с. өлкөлөрдөн экономикасына залал келтирип, көптөгөн  курмандыктарга, калктын жакырланышына алып келген. Азыркы шарттарда Г. с. өтө кайгылуу мүнөздө болуп, ири  региондук жана эл аралык конфликттерди инсценировкалоого жөндөмдүү. Социалдык конфликтерди жана Г. с-ка жол  бербөө жана чечүүнүн эффективдүү механизмин, каражаттарын жана ыкмаларын издөө азыркы күндө эң актуалдуу  болуп саналат.