«КЫЗ САЙКАЛ» ПОЭМАСЫ
«КЫЗ САЙКАЛ” – баатырдык поэма. Кыргыздын нукура элдик эпикалык чыгармаларынын ичинен «Кыз Сайкалды” окуясынын көп тармактуулугу, кенендиги, эпикалык мүнөздө берилиши, каармандардын эпикалык образдарынын сүрөттөлүшү, көптүгү (102 каарман катышат), көркөмдүк өзгөчөлүгү жагынан кенже эпос деп айтууга да толук негиз бар. «Кыз Сайкалдын” жанрдык мүнөзүн аныктоодо айрым окумуштуулар кенже эпос (К. Артыкбаев, С. Кайыпов) деп жүрүшөт.
Чындыгында бул типтеги чыгарма болгон «Жаңыл Мырза” эпос делип жүрөт. Бирок, кыргыз фольклористикасында «Кыз Сайкал” баатырдык поэма деп кабыл алынып калган. Поэманын бир гана варианты бар. Айтуучу О. Урмамбетов 1975-ж. «КызСайкал” поэмасын КРУИАсынын кол жазмалар фондуна тапшырган. Поэмадагы окуя «Манас” эпосунун сюжеттик системасынан алынган «Манаста” Манас менен Сайкалдын сайышы жөнүндөгү эпизод . Эпостун негизги деп эсептелген варианттарынын баарында кезигет. Айтуучу О. Урмамбетов ушул окуяны кеңейтип, түрдүү салттуу мотивдер менен жабдып, көлөмдүү поэма жараткан. Поэмадагы окуя тээ алыстан башат алып, нойгут уруусунан чыккан Карача хандын кытай, калмактан келген жоолордон элин сактап, чеп куруп, жоокер курап, хандык милдетин адал аткарганын баяндоодон башталат. Поэманын жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүн Сайкал төрөлгөнгө чейинки окуялар түзөт. «Кыз Сайкал” чыгарманын жалпы сюжетин шарттуу түрдө үч бөлүккө бөлүүгө болот. Биринчи, Карача хандын окуясы. Экинчи, Сайкал төрөлүп, эр жетип, баатыр кыз аталып, кытай-калмактар менен согушуп, атасынын өчүн алып, элин биримдикте, эркиндикте кармап, Хан Сайкал атыгып, жаамы журтка таанылышы болсо, үчүнчү бөлүгү Сайкал менен Манастын айтышы, акыреттик жар болуп, Манасты акыркы сапарга узатышы баяндалган. «КызСайкалдын” поэтикалык түзүлүшү өмүр баян түрүндө болуп, эпикалык чыг-лыктын салтынан чыкпай, сюжетти цикл боюнча берүү формасы сакталган. Негизги идеясы – элдин биримдиги, эркиндигин сактоо, баатырлыкты даңазалоо. Өз алдынча көркөм чыгарма, баатырдык поэма катары кыргыз фольклорунан алган орду бар.
Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ