МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ

МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТ мамлекеттин функцияларын жана мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыра турган  мамлекеттик органдардын системасы. Аппараттын ишмердүүлүгүнүн мазмуну, анын уюштурулушунун жана кызмат  өтүү принциптери, адистеринин составы жана иштөө ыкмалары мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн табиятына, тигил  же бул, саясий тартипке ылайык алдын-ала аныкталат. М. а. системасына мамлекеттик бийликтин органдары сыяктуу  эле мамлекеттик башкаруу органдары да кирет. Ага: 1) парламент (федералдык чогулуш, Конгресс, Улуттук чогулуш  ж. б.); 2) мамлекет башчысы, өкмөт, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мекемелер, мэриялар,  муниципалитеттер, префектуралар, мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын администрациясы ж. б.; 3) сот жана  прокуратура кирет. Мамлекеттик бийликтин органдары жана мамлекеттик башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрү  мыйзам аркылуу чечилет, ал эми өтө маанилүү маселелерди чечүү мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын  (парламент, президент ж. б). мүмкүнчүлүгүнө кирет. М. а. саясий бийлик менен өтө тыгыз байланышкан.

Бир  партиялуулук системанын шартында М. а-тын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү борборлоштурулган партиялык  машинанын кызыкчылыгына баш ийген. Демократия убагында, көп партиялуулук шарттарында, шайлоодогу саясий  партиялардын атаандашуусунун натыйжасында мамлекеттик кызмат орундары эреже катары, жеңген партиянын  талаптарына бөлүнүп берилет. Күч алып келе жаткан бюрократташтыруу М. а-тын кызматкерлери жогору жактан  дайындалып, алардын алдында гана жоопкерчиликтүү болушуна алып келет. Демократиялык көп өлкөлөрдө М. а-ка адис  топтоо «сиңирген эмгегине жараша «системасына», б. а. конкурс боюнча жүргүзүлөт, бул болсо өз учурунда  профессионал-дык, артыкчылыкка ээ, социалдык белгилери боюнча тандалган бюрок-раттык түзүлүшкө жол ачат. М. агы өнүккөн бюрократтык централизм өкмөттөгү, губернаторлордун, пре-фектердин «министериализм» систе-масынын  өрчүшүнө алып келиши мүмкүн, б. а. аларга шартка жараша мыйзам чегинде же андан тышкары аракет кылууга  мүмкүндүк берет. М. а-ты жакшыртуунун башкы жолу болуп, анын ишмердүүлүгүн андан ары демократиялаштыруу  жана сөзсүз түрдө аны мыйзамга баш ийдирүү эсептелет.