МОЛДО НИЯЗ
Кыргыз коомунун XIX кылымдагы зор гуманисти, ойчул акыны жана насаатчысы, Молдо Нияз Эрназар уулу 1823-жылы азыркы административдик бөлүнүш боюнча Ош областындагы Кадамжай районуна караштуу КызылБулак кыштагынын Ак-Суу бою Ак-Кыя деген жеринде туулган. Уруусу найман, анын ичинде кошон деген урукка кирет. Анын алтынчы атасынан наркы аталарына «бий» деген наам кошо айтылганына караганда (Сазан бий, Кочкор бий, Болот бий, Дулдул бий, Сумбул бий ж. б.) теги түптүү болуп келип, кийинки аталары дин кызматына, дыйканчылыкка ж. б. турмуштук жагдайларга аралашып кетип (Молдо Рахман, Адил, Кошон, Күйүк, Эрназар), Молдо Ниязга келгенде жардыланып калган окшойт.