ОРТО АЗИЯНЫН СОВЕТТИК АРХЕОЛОГИЯСЫ
Октябрга чейинки орто азиялык археологиянын өзгөчөлүгү анын тарыхый-маданый багытта болгонунда. Орто Азияны изилдеп-үйрөнүүдө жазма булактарда эң бай фондунун бар болушу жана алардын эң ири чыгыштаануучу В. В. Бартольддун эмгектери аркылуу илимий айлампага киришинин натыйжасында археологиялык эмгектерге караганда тарыхый эмгектер басымдуулук кылып келди. Орто Азиянын археология илиминин тарыхына кыска гана көз жүгүртүп өтүү анын өнүгүшүндө октябрга чейинки эки ири этапты жана октябрдан кийинки мезгилдеги эки этабын бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.