САРТ АКЕ

САРТ АКЕ  (Жыл сүрүү  болжолунда 1770–80-жылдары азыркы Нарын шаарына жакын (чыгыш тарабында) жарык дүйнөгө келген. Сарт аке элине барктуу, өзү озунуп кеп айтпаган, адамдын көзүнө тике караган, баамчыл, терең ойчул, акылман, көзү  ачыктай бир нерсени алдын ала айткан, нуктуу сөз айткан, чечендик касиети бар калыс адам болгон дешет.

Ал кишинин ата мурасы болгон биздин күнгө  чейин келип жеткен нуска кеби калды. Сөздөрүнөн келтире кетели.

Мис., «Көп тилегимдин эң кымбаты – эл ынтымагы, тынчтыгы болсун, кем болбосун”, «Ынтымактан артык дөөлөт жок” деген.

– Насаат деген эмне, Сарт аке? – десе, – Насаат – жашоо эрежеси, турмуш багыты. Ким насаатын кабыл албаса, боюна сиңирбесе, сокур пенде караңгыда кан жолго таяксыз чыккан менен барабар, – дептир. Сарт аке айткан экен:

 

«Кагазга түшкөн кат өлбөйт,

Жакшынын сөзү менен  аты өлбөйт”.

 

Анда отургандардын бири:

 

Бир өлгөнгө айла жок, бир жаманга айла жок, – дей салат экен.

 

Анда Сарт аке:

 

«Өлгөнгө  айла табышат, аруу жууп, ак кепинге салып, көөмп койсо айласы табылганы. Эми жамандын айласы: кирдүү  аяктан аш ичирбей, жоргону мингизип, торкону кийгизип,  үлпүлдөтүп бакса да, салам-алик ала албаган, жада калса эшигинин алдына келген адамдын атын ала албаган кош аяктар болот. Бул  өтө жаман, ийриси жок түз жаман. Мындай жаманга айла жок» – деп жооп бериптир.

– Кандай адам бай болот? Сарт аке: «Үйүңө кут түшкөн, пейли кенен, колу ачык, тукуму өскөн адам бай болот.

– Эркек деген ким, аял деген ким? – Эркек – үрөн, аял-жер. Үрөн жайсыз өспөйт.

– Бул дүйнөдө ким карып? – Ынтымак жок эл карып. – Бейиш эмне, тозок эмне? – Шарыят жолу менен жүрсөң, таман акы, маңдай тер менен адам катары жашасаң – бейиш; шарыят жолунан адашсаң, адамча жашай албасаң –  тозок – деген экен.

Сарт акенин айтканы, чукугандай сөз тапкычтыгы бир-эки сапка терең  ойду сыйдырган акылмандыгы менен биздин күнгө чейин келип жетип отурат. Акылмандын өмүр, өлүм, адамгерчилик, бийлик, мансап, чечендик, кордук, айкөлдүк, ынтымак жөнүндө  айткандары нускалуулугу менен баалуу. Адамды бир көргөндө  баалай билип, ким экенин алдын ала бир нерсени айтып койгону көзү ачыктай касиетин көргөзөт. Мис., Күндөрдүн биринде Мойт аке, иниси Сарт аке бастырып келе жатып, чоң сууну кечип өтө бергенде Сарт аке суунун ортосуна токтоп калыптыр. «Ой, Сарт баатыр, тили жок суу ортосуна неге токтодуң, бир нерсе сездиңби? – десе, – Мойт аке, Сиз байкоо албай кечип кеттиңиз. Мына бул суу добуш менен күңгүрөнүп, сырдуу агып жатат. Буюрса, ээн жаткан ушул дайранын өйүз-буйүзүнө эл жык отурукташып, чоң шаар салынаарын айтат. Айткандай эле кийин Каракол шаары орногон экен.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ