САЯСАТТЫН ФИЛОСОФИЯСЫ
САЯСАТТЫН ФИЛОСОФИЯСЫ – анын коомдук формасынан көз карандысыз. Саясий ишмердүүлүктүн фундаменталдык негизи жана принциптери. Философия бардык саясаттын теориялык дүйнөнү таануу жана методологиялык базиси катары чыгат. Ар бир саясатчынын алдында дүйнөгө болгон көз караш жөнүндөгү суроо турат. Себеби, ал саясий аракеттеринин теориясы менен программасын иштеп, алардын ыкмасын жана каражаттарын белгилеп жана негиздеп, учурдагы абалдын өзгөрүшүн алдын-ала билип чыгышы керек. Саясатчы кандай саясий долбоорлор чыныгы, кайсынысы жалган, кандай өмөт, идеалдар иш жүзөгө ашат да, кайсынысы иллюзия бойдон кала тургандыгын ачып алуу маанилүү. Саясатчы өзү жана саясаттын башка субъектилеринин саясий ишмердүүлүгүнүн мүмкүн болгон, шексиз натыйжаларын билүүгө, ошолордон улам аракеттенүүгө милдеттүү. Бул болсо саясатчы кандайдыр-бир дүйнө таануучулук, философиялык жоболор жана принциптерге таянган шарттарда гана мүмкүн. Албетте, саясий-философиялык негиздөөчүлүк – саясат чөйрөсүндөгү катачылыктардан сактабайт. Саясат – илим жана искусство. Илим катары, ал чындыкты объективдүү анализдөөдөн чыкпай, теорияга айланган корутунду жана жоболорго таянбай коё албайт; саясатта зарылчылыктын жана кокустуктун, зарылчылыктын жана эркиндиктин диалектикасын, чыныгы шарттардын көп түрдүүлүгүн эсепке алуу маанилүү орунда турат. Саясат «мүмкүнчүлүктүн искусствосу», бирок саясатчы саясий жана социалдык мамилелерди бүтүн эмес деп эсептелүүчү жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн учурдагы мүмкүнчүлүктөрдүн чегин бузууну ишке ашыруу үчүн аң-сезимдүү тобокелге баруу жөн-дөмдүүлүгүнө жана шыгына ээ болушу керек. Мис., М. Вебер, саясатты төмөндөгүдөй чагылдырат: ал катуу тактайларды жай бургулоого – чын дилинен, бирок ошол эле убакта так өлчөө менен бургулоого окшош. Тарыхтагы тажрыйбалар күбөлөн-дүргөндөй, эгерде адам дайым мүмкүн эместердин дүйнөсүнө басып кирип жүрүшпөсө, мүмкүндүктөргө жетишмек эмес. Саясатта илимий негизделген саясий курсту иштеп чыгууда философия баштапкы негиз болуп кызмат кылат. Ошондуктан ал ар дайым чындыктын объективдүү изилденишине, коомдук таптардын абалына жана өз ара мамилелерине, алардын күчтөрүнөн жана кызыкчылыктарынын катышына, ушундан улам пайда болгон коомдун саясий өнүгүүсүнүн тенденциясына багыт алган. Саясий процесстин, талаптардын, адамзат баалуулугунун жана идеалынын мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөөдө С. ф-сы маанилүү орунду ээлейт. Ансыз саясатты ишке ашыруунун объективдүү шарттары менен субъективдүү факторлорунун өз ара аракетин оптималдаштыруу, катачылыктарды кетирбөө, саясий ишмердүүлүктү волюнтаризмден качып кутулуу мүмкүн эмес. Саясатчы социумдун кыймылынын перспективасын көрө жана түшүнө билүүсү зарыл. Ушул перспективаны көрүп, коюлган максатка жетүүнүн реалдык стратегиясын негиздөө жана белгилөө С. ф-нын башкы милдетин түзөт.