САЯСИЙ АҢ-СЕЗИМ
САЯСИЙ АҢ-СЕЗИМ – саясаттын социалдык биримдиктер жана индивиддер менен чагылдырылышы. Саясат менен байланышкан кубулуштар саясий процесс, саясий турмуш, саясий бийлик, саясий система ж. б. эки жактуу: руханий жана практикалык. Саясаттын руханий жагы катары С. а. теориялык жана эмпирикалык түрдө чагылдырылган. Теориялык деңгээли саясий мүнөзгө ээ түрдүү идеялар, концепциялар, көз караштар менен көрсөтүлөт. С. а-дин теориялык деңгээли башкаруучу топтордун, тигил же бул таптын идеологиясы жана илими менен тыгыз байланышкан. Саясий теория жана окууларда саясаттын мазмундуу чыгуусун, анын мыйзам ченемдүү тенденция жана процесстерди, аларды пайда кылган себептерди, саясий окуялардын реалдуу жүрүшү, мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана соттук инстанциялар чыгарган саясий чечимдердин натыйжаларын изилдөө максат кылып коюлган. Берилген деңгээлдеги С. адин өзгөчөлүгү болуп анын экономикалык, укуктук, согуштук стратегиялык ж. б. реалиялар менен тыгыз байланышы, саясий программалар, декларация жана доктриналарга ылайык саясий теорияларды оформление жасоо эсептелинет. Иш жүзөгө ашырган алар С. а.-с. саясаттын жетекчи элементи катары бекемдешет. Алардын өнүгүүсүнүн саясий мамилелер менен саясий институттардын, уюмдардын жана мекемелердин, саясатты жүзөгө ашыруучу материалдык каражаттардын мүнөзү көз каранды. Теориялык деңгээлде саясатты түшүнүүнү анын фундаменталдык (стратегиялык) жана күндөлүк (тактикалык) милдеттерди жана башка максатты чечүүгө; аларга жетүүнүн ыкмаларын жана каражаттарын аныктайт, бышып жеткен маселелерди чечүүнүн жүрүшүндө уюштуруу – саясий камсыз кылуунун жолун жана багытын табууга мүмкүндүк берет. Мындай түшүнүк саясий чечимдерди жана максаттык программаларды иш жүзөгө ашыруунун жүрүшүн социалдык көзөмөлдөөгө концептуалдык мамилени иштеп чыгарууга мүмкүндүк берет. С. а-дин эмпирикалык деңгээли түздөн-түз практикага, айрым адамдардын, кичи жана ири социалдык биримдиктердин саясий процесстерде катышуусуна негизделип, саясий чындыкты сезим, кыял ж. б. социалдык-психологиялык акты түрүндө чагылдырат. С. а. с-дин негизги функциялары: таанып – билүү, нормативдик – регулятивдик, интегративдүү, прогноздоо. Эл аралык мамилелер сферасында С. а.-с-дин жашоосунда, структурасында, саясий максаттарында жана каражатында белгилүү бир өзгөчөлүктөрү бар тышкы саясатты жана дүйнөлүк саясатты таануу, сезүү менен чыгат; С. а.-с-дин улуттук жана элдик дипломатиянын дүйнөлүк коомчулуктагы ролу жана орду жөнүндөгү илимий жана практикалык-саясий идеяларды жана элестетүүлөрдү айкалыштырат. С. а.-с. коомдук аң-сезимдин башка формалары менен: экономикалык көз караштар, философиялык окуулар, укуктук теориялар жана нормалар, ыймандуулук концепциялары, эстетикалык баалуулуктар менен өз ара байланышта жана өз ара аракетте болот.