ТЕОКРАТИЯ
ТЕОКРАТИЯ (гр. theos – кудай, kratos – бийлик — түздөн-түз кудайдын бийлиги( – мамлекеттин түрү; мамлекетти башкаруу көбүнчө дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт, ал эми чиркөөлүк иерархиянын башчысы жогорку диний жана граждандык бийликке ээ. Т-лык мамлекетте жогорку бийлик үстөмдүк кылуучу чиркөөнүн (диндин) башчысына таандык. Ал «тирүү кудай», «кудайдын жердеги элчиси», «биринчи диний кызматкер» ж. б. деп таанылат. Негизги мыйзам деп «кудайдын буйругу» – ыйык жазуу саналат. Алгач Т. түшүнүгү жана термини б. з. ч. I к. жашаган Иосиф Флавий тарабынан Иудей падышачылыгынын саясий түзүлүшүнө карата пайдаланылган. Ал жерде биринчи жолу диний кызматкер башында турган жрецтердин Т-тык бийлиги орнотулган. Орто кылымда Батыш Европада римдик папалар Папа областынын Т-тык башкаруучулары болуп калышкан да, «христиандык дүйнөнүн» бардыгынын үстүндө Т-ны орнотууга умтулушкан. Көп кылымдар бою Тибетте башкаруунун Т-тык формасы далай-ламанын колунда болгон. Өзүнүн эскилигине карабай Т. биздин күндөргө чейин сакталып калган (Ватикан, Иран ж. б.).