ТИЛДИН ТАРЫХЫ
Тилдин тарыхы элдин тарыхы менен, элдин тарыхы тилдин тарыхы менен тыгыз байланышкан. Анткени тил ар дайым өз коллективи менен бирге жашайт. Коллективдин өсүшү менен өнүгөт, бөлүнүшү менен майдаланат.
Тилдин тарыхы элдин тарыхы менен, элдин тарыхы тилдин тарыхы менен тыгыз байланышкан. Анткени тил ар дайым өз коллективи менен бирге жашайт. Коллективдин өсүшү менен өнүгөт, бөлүнүшү менен майдаланат.
Тилдик катнаштын каналдары көп. Башка тилдерден сөз алуу – сөздүктү байытуунун бир булагы. Дүйнөдө башка тилдер менен контакт түзбөгөн же лексикасы чет тил элементтеринен таза турган бир да тил учурабайт.
Байыркы убактан тартып туугандык, үй-бүлө куруу (никелешүү) жагынан түрк жана монгол элдеринин окшоштуктары бар. Бир уруудан тараган эркек бала менен кыз бала арадан жети ата өтмөйүнчө үйлөнүүгө акысы болгон эмес, алар үйлөнгөнгө чейин да, үйлөнгөндөн кийин да ырым-жырымдарды толук сакташкан.
Кабыл алынган чет сөздөрдүн мааниси ал элдердин маданий таасирин белгилейт. Мисалы: араб тилинен динге байланыштуу окуу, тарбия иштерине тиешелүү абстрактуу жана конкреттүү маанидеги сөздөр алынса; иран тилдеринен кыргыз лексикасына чарбачылыкка соода-сатыкка, дыйканчылыкка тиешелүү сөздөр алынды.
Тилдердеги лексикалык карым-катыш адам коомунун бардык мезгилинде географиялык чөйрөгө жараша болуп келген. Байыркы адамдар да чет тилде сүйлөгөн, калктар менен беттешип калганда алардын тилин билүүгө мажбур болушкан. Байыркы орус тайпалары христиан динин кабыл алганга чейин эле, чектеш жашаган түрк уруулары менен аралашып, мал багып, жер айдап, бири-бири менен соода кылып турушкан.
Монгол тилдери менен түрк тилдерине орток лексика бардык мезгилде бул тилдердин тектештигин ырастайт. Чет тилдик сөздөр ошол чет тилдин өзүндө гана морфемаларга ажыратылат.
Г. Д. Санжеев монгол тилиндеги түрк сөздөрүн, ошондой эле түрк тилдериндеги монгол сөздөрүн фонетикалык белгисине карай ажыратуу мүмкүн эмес, морфологиялык белгисине жараша ажыратуу керектигин айтат.
Биздин замандын VI–VIII кылымдарында түрк будундарынын (элдеринин) тамгасы болгон. Ошол тамгалар чегилген таш, граниттен жасалган эскерткичтердин бетинде байыркы адабий тилдин үлгүсү сакталып турат. Мына ошол тилди азыркы түрк тилдеринин тарыхын үйрөнүүгө негиз кылып алабыз.
Кыргыз тили изилденип, предмет катарында окутулушу Улуу Октябрь революциясынан кийинки жылдарга туура келет. XIX кылымдын 2-жарымында чыгып турган «Түркстан валиаты (1870–1883)» менен «Дала валиаты (1883–1902)» газетасынын бир номериналып текшерсек, андагы 6524 сөздүн ичинде 369 сөз (жекече 89) орус тилинен киргендиги аныкталат. Бул сан ошол газетанын 5,5%ке барабар экендигин билдирет.
Кыргыз тилине араб жана иран тилдеринин генеалогиялык жакындыгы жок, булар – ар башка системадагы тилдер. Ошондуктан, бул тилдерден алынган сөздөр түзүлүшү жактан туунду, же татаал сөз болсо да, алардын морфемалары кыргыз тилине таанылбайт.