АСА, АСА ТАЯК

АСА, аса таяк (арабча аса — таяк; аса-муса) — Муса пайгамбардын таягы. Мусулман мифологиясы боюнча Алла берген таяк менен Муса пайгамбар фараондун көзүнчө ар кандай сыйкыр көрсөткөн. Куранда айтылгандай, Муса таягын тирүү жыланга айланта алган; Фараондун куугунчуларынан качып келатып деңизди чапса деңиз ачылып, тоо болуп калган; чаңкаган элдин суусунун кандыруу үчүн асканы чапса, андан атырылып он эки булак… Кененирээк »

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек (1928, Фрунзе, Сокулук району, Саз айылы) — адабиятчы, адабий сынчы, филология илимдеринин доктору (1991), «Манас» эпосунун китебин түзүүчү. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1950). 1953жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кенже илимий, 1955-жылдан улук илимий кызматкер, 1956-жылдан директордун орун басары, 1963-жылдан улук илимий кызматкер, 1981-жылдан сектордун башчысы, 1988-жылдан жетектөөнү илимий кызматкер, 1991-жылдан башкы илимий кызматкер болуп эмгектенүүдө.… Кененирээк »

АСАНБАЕВ Мамбет

АСАНБАЕВ Мамбет (1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРннин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун ойногон жана бир нече кинофильмге тартылган. Ж. Садыковдун үчилтик драмасында Нескаранын («Айкөл Манас», 1990), Кыргылчалдын («Манастын уулу Семетей»;… Кененирээк »

АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ — кейипкер. Мамбет Чокморовдун вариантында Манастын эң түпкү чоң аталарынын бири, жер кезип жүргөн көзү ачык олуя. Ал Манас туула электен алда качан мурун анын келечектеги тагдыры жөнүндө алдын ала айтат. Өз уулу Ногойдун турмушунда да көзү ачык олуя катары көрүнүктүү роль ойнойт. А. к. кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринин оозеки чыгармаларында легендарлуу ойчул, сынчы, акылман.… Кененирээк »

АРЫП

АРЫП (арабча тамга) — сыйкырлап дуба окуп көз байлоо, кубултуу. Арабдардын диний жана көбүн эсе элдик оозеки чыгармалары (мисалы, «Миң бир түн» тибиндеги жомоктору) аркылуу кирген термин. Ал байыркы кыргыздардын магиялык көз карашындагы кубулуучулук жөнүндөгү түшүнүгү менен контаминацияланган. Ушуга байланыштуу «Манас» эпосунда А. окуу менен аракет кылуучу каармандардын эки тиби жолугат. Биринчи типке Алмамбет, Кошой, Айчүрөк, Көкмончок жана… Кененирээк »

АРУУКЕ

АРУУКЕ — кейипкер, Алмамбеттин аялы. Анын теги кайып, периге байланыштырылып, Сагымбай Орозбаковдун вариантында кайберендердин каны Байыңдын кызы делсе, Саякбай Каралаевдин вариантында Агынай кызы А. Каныкейдин сиңдиси. Ал өзүнүн аярлыгы, сыйкырчылыгы менен Айчүрөктүн образына жакын. А. да — «Кожожаш» эпосундагы Суречкинин кызы Ашайран сыяктуу эле аңчылык доордогу мифологиялык түшүнүктөн, ишенимден келип чыккан байыркы образ. Манасчылар аны пери тукумуна байланыштырышат.… Кененирээк »

АРТЫЛЫШТЫН-БЕЛИ

АРТЫЛЫШТЫН-БЕЛИ — топоним. Ат-Башы кыштагынан 35 км түндүк-батышта, Кара-Коюн өрөөнүнөн Чаптуу-Жерге ашкан бел. Белдеги эски көрүстөндүн жанында «Манастын таш тулгасы» — деп аталган үч кызыл тоголок таш бар. Бул жөнүндө мындай уламыш бар: «Манас жигиттери менен Кошой-Тоодогу ордодон келе жатып Тазбайматка: биз барганча Артылыштын-Белине бир аз шам-шум эткидей тамак даярдап тур деп жиберет. Ошондо Тазбаймат жанказанга тулга кылып… Кененирээк »

АРМАН

АРМАН — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында лирикалык ырлардын бир түрү. Манас эпосунда А. каармандардын кулк-мүнөзүн, дүйнөгө болгон көз карашы, жалпы эле адамдык сапатын ача турган көркөм ыкма катары жолугат. Жакыптын А-ы: Акыретке бет алсам Атакелеп артымдан Наалып калаар балам жок… Талаада жүрөт тайларым, Таптап минер балам жок (Сагымбай Орозбаков, 1.17),— деп баласынын жоктугуна зарланганын, Алмамбеттин А-ы болсо эрксизден… Кененирээк »

АРГЫН

АРГЫН — этноним. Кыргызга жамаатташ жайгашкан түрк урууларынын бири. Азыркы учурда казактардын орто жүз курамынын ичиндеги эң ири уруусу. 8 —кылымда Жети-Сууну, анын ичинде Таласты жердеген аргу уруусу менен байланышы бар. А., аргу экөө тең «аралаш», «курама», «ар кошкон уруулардын бирикмеси» маанисин туюнтат. Эпосто А. өз алдынча уруу катары сүрөттөлөт. Бул кыргыз менен казактын 16—18-кылымга таандык тарыхый алакалары… Кененирээк »

АРБОО

АРБОО — сыйкырлоо, дубалоо. Байыркы адамдар тышкы дүйнөнүн ар түрдүү көрүнүштөрүн өзүнө багындыруу жолун жакшы билбегендигинен, аларды кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн колдоосу менен жеңип чыгуу тууралуу кыялдарынан келип чыккан. Мисалы, айлакер Айчүрөктүн дуба менен адамча сүйлөөчү Тооторуну арбап, тилин бууп салышы, Тооторунун Айчүрөктү алып учуп жөнөшү, эң акырында, дубакөй аялдын А-су аркылуу Тоотору тулпардын «койго жеткис», «уйга жеткис»… Кененирээк »