АРАК МАНАС ЭПОСУНДА

АРАК МАНАС ЭПОСУНДА — ачыган сүттөн же кымыздан тартылган алкогол ичимдиги. Бул түрдөгү ичимдиктерди түрк-моңгол элдери байыртан кеңири колдонуп келген. Ошондуктан, «Манас» эпосунда да А. жөнүндө маалыматтар бар. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта «аракыга бал кошуп алтындан кылган аякка ага куюп сунуңар» (Радлов жазып алган вариант, 90-б.). Эпосто А. көпчүлүк учурда зыяндуу ичимдик катары баа берилет. А. душман тараптагы… Кененирээк »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОНИМДЕР

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОНИМДЕР (гр. anthropos — киши, оnyma — ат, ысым) — энчилүү адам аттары, ысымдар, фамилиялар, атасынын аттары, ылакап аттар, псевдонимдер, патронимдер, андронимдер, гинеконимдер кирет. Көркөм адабиятта А-дин колдонулушун поэтикалык антропонимика изилдейт. Көркөм чыгармадагы каармандын ысымы адатта көркөм талапка байланыштуу тандалып алынат жана кейипкерди мүнөздөөчү каражаттардын бири болуп саналат. Чакыруу үчүн же стилдик, а түгүл кээде социалдык-идеологиялык… Кененирээк »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОМОРФТУК ОБРАЗ

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТРОПОМОРФТУК ОБРАЗ (гр. anthropos — адам жана morphe — түр, форма, кейип) — адам кейиптүү, жансыз нерселерге, табият кубулуштарына, ай-жылдыз, жан-жаныбарларга, мифтик жандыктарга кишинин касиетин (сүйлөө, ойлоо, туюм, сезим жана башкалар) киргизүү. А. о. элдик оозеки чыгармачылыкта көп кездешип, айрыкча жөө жомок, эпостордо жан-жаныбарлар (айбанат, канаттуу) жана жансыз нерселер (тооташ, суу, өсүмдүктөр) адамча сүйлөп, ойлоп кишидеги… Кененирээк »

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТОНИМДЕР

МАНАС ЭПОСУНДАГЫ АНТОНИМДЕР — карама-каршы маанидеги сөздөр. Мисалы, жакшы-жаман, узун- кыска, чоңкичине, дос-кас жана башкалар Көркөм сөз каражаты катары А. лексикалык кубулуштардын ичинде өзгөчө орунга ээ экендиги алардын стилдик функциясынын ар түрдүүлүгү менен шартталат. А-дин стилдик максатта колдонулушуна эки нерсе өбөлгө түзөт: 1) А-дин семантикалык табияты; 2) ар кандай синтаксистик түзүлүштө колдонулгандыгы. А-дин семантикалык негизи карама-каршылык болгондуктан алар… Кененирээк »

«КЫРГЫЗ ССРИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙЛОРУНУН АНТОЛОГИЯСЫ»

«АНТОЛОГИЯ ПЕДАГОГИЧЕСКОЙ МЫСЛИ КИРГИЗСКОЙ ССР» («Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясы»)—«СССР элдеринин педагогикалык ойлорунун антологиясы» сериясынан (М., 1988) орус тилинде чыккан китеп (көлөмү 968 б.). Антология Элдик педагогика, Эл акындарынын чыгармачылыгындагы педагогикалык ойлор, Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки Кыргызстандагы педагогикалык ойлор деген үч бөлүктөн турат. Баш сөз ордуна Ч. Айтматовдун «Окурмандарга» жана педагогика илимдеринин доктору М. Р. Балтабаев менен… Кененирээк »

АНТИТЕЗА

АНТИТЕЗА (гр. antithesis — карама-каршылык) — түшүнүктөрдү, көрүнүштөрдү бири-бирине ачык карама-каршы коюу. Тексттин, ойдун эмоциялуулугун күчөтүп, көркөмдүгүн жогорулатуу үчүн кызмат кылат. А. «Манас» эпосунда да көп кездешет: «Батыш менен чыгышка Айдап жүрдү чубатып» (Жусуп Мамайдын варианты, 1.540). Эпосто А. каармандарды сүрөттөгөн эпитеттерде жолугат. Мисалы, Бакайды мүнөздөгөндө: «Караңгыда көз тапкан, Капылетте сөз тапкан» (Курама варианты, 2.44). А-ны түзүүдө көбүнчө… Кененирээк »

АНТ

АНТ — эч качан бузулбас, салттык ыйык убада-бүтүм, шерт, касам. А. жоокерчиликте, достукка бекем болууда, ар кандай жашыруун ишти аткарууда берилген. Байыркы кыргыздарда баатырлар элдин эркиндиги, намысы үчүн жоого каршы аттанарда жан аябаска, максатты орундатууга, шартты бузбоого ок тиштешип же кылычтын мизин өбүшүп А. беришкен. Магиялык касиети бар катары аксак. сары атты ортого коюп достошуу салты болгон. Эпосто… Кененирээк »

АНИМИЗМ

АНИМИЗМ (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө эгедер, алардын үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним. Анимисттик көз караш боюнча бүт табигат ак санатай же кара санатай рухтар менен курчалган, ал эми табияттын кара күчтөрү фантастикалык рухий күч катары эсептелет. Кишилер тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга,… Кененирээк »

АНЖЫЯН

АНЖЫЯН — топоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. Эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, А. Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот. Кыргыздардын… Кененирээк »

АНАРГҮЛ Тажыбай кызы

АНАРГҮЛ Тажыбай кызы (1900, Ноокат району, Кашкалдак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Манасчылардын түштүк тобуна кирет. 15—16 жашынан ашыктык (сүйүү) ырларын жакшы аткарып, кошок чыгарып айтып жүргөн. «Манас» айтууну өзүнүн күйөөсү Бөрүбай Султан уулунан үйрөнгөн. Бирок, А. уяңдыгынан эл алдына «Манас» айтып чыга алган эмес. Ал тургай анын «Манас» айтарын өз туугандары деле укпаптыр. 1947-ж. К.… Кененирээк »