СОТ БИЙЛИГИ

СОТ БИЙЛИГИ – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Бийликти бөлүштүрүү принцибин ишке ашыруунун зарыл  шарты. Бийликтин калган эки бутагынын келишип кетишине жол бербөө, диктатуранын же авторитардык саясийрежимдин пайда болушуна тоскоолдук кылуу С. б-нин негизги иши. Конституциялык түзүлүштү сот тарабынан коргоо  системасы кийин гана пайда болуп, бүгүнкү күндө өзүнүн калыптануу мезгилинде жана ал көптөгөн мамлекеттердин  тажрыйбасы менен толукталууда. С. б.… Кененирээк »

СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу

СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу (1878–1938) – кыргыз тарыхчысы, адабиятчы жана акын. Чоң Кемин өрөөнүндө  жашаган Аюке уругунан. 7–8 жашында кат тааныган. Караколдо 3–4 ай орус мектебинде, багбандарды даярдоочу  Пишпектеги кыргыз мектебинде 2 жыл окуган. 1890-ж. тарыхка кызыгып, уламыштарды, санжыраларды угуп, мусулман  жана жана орус тарыхчыларынын эмгектери менен таанышкан. 1894-ж. Атаке болуштугунда катчы болуп турган. 1895-  ж. кыргыздын санжырасын… Кененирээк »

СОГУШТУК САЯСАТ

СОГУШТУК САЯСАТ – мамлекеттердин, партиялардын, жана башка социалдык-саясий институттардын жалпы  саясатынын составдык бөлүгү; белгилүү саясий максатка жетүү үчүн куралдуу зордук-зомбулук каражаттарын түзүү  жана колдонуу менен түздөн-түз байланышкан. Саясий ишмердүүлүктүн өз алдынча жана өзгөчө түрү катары ХVIII–  ХIХ к. чегинде бөлүнүп чыкты. Бул мезгилдеги согуштар масштабдарынын бир кыйла өсүшү, мамлекеттердин  материалдык жана руханий ресурстарынын кеңири тартылышы, массалык армиялардын пайда… Кененирээк »

СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ

СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ – белгилүү саясий максатка жетүү үчүн зордук-зомбулукту колдонуу  даражасы менен айырмаланышкан социалдык кубулуштар. Согуш өзүнүн маңызы боюнча – бул же тигил  мамлекеттердин (таптардын) саясатынын зордук-зомбулук каражаттары менен улануусу. Согуш саясий мазмунга ээ, ал  ички жана тышкы саясаттын бөлүгүн түзөт. Тарых, анын ичинде эки дүйнөлүк согуштун тажрыйбасы көрсөткөндөй  согуштар, эреже катары, алдын-ала, узак убакыттар бою… Кененирээк »

САЯСИЙ ЭРКИНДИКТЕР

САЯСИЙ ЭРКИНДИКТЕР – социалдык эркиндиктин (экономикалык, ыймандык, диндик ж. б. менен катар) түрү;  инсандын жана коомдун өзүнүн кызыкчылыгына жана максаттарына ылайык аракет кылуу жөндөмдүүлүгү жана  мүмкүндүгү. С. э. мыйзам тарабынан бекитилген, граждандардын саясий ишмердүүлүккө катышуу укугу жана  мүмкүндүктөр системасы катары чыгат. Бул – граждандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги институту,  адамды саясий процесстин активдүү катышуучусу кылган демократтык түзүлүштүн… Кененирээк »

САЯСИЙ УЮМ

САЯСИЙ УЮМ (коомдо) – институттар системасы; анын чегинде коомдун саясий турмушу, анын саясий  системасынын башкаруучу бөлүгү өтөт. С. у-дун жетектөөчү элементи – мамлекет болот. Бийлик, материалдык  ресурстар жана мажбурлоо аппаратына ээ болуу менен бирге С. у. өлкөнүн саясий системасынын институттарынын  укуктук статусун жана алардын ишмердүүлүгүнүн юридикалык чектерин орнотот; таптардын, улуттардын, коомдогу  башка социалдык топтордун кызыкчылыгынын тен салмактуулугун камсыз… Кененирээк »

САЯСИЙ ЧЕЧИМ

САЯСИЙ ЧЕЧИМ – саясат чөйрөсүндө белгилүү натыйжага жетишүү максатында саясий иш-чараларды өткөрүүнү  көздөгөн токтом. Саясий аракеттин субъектиси тарабынан кабыл алынат. С. ч-дин жогорку сапаты илимий  негизделгендикти, реализмди, анын өз убагында кабыл алынышын болжолдойт. Ушундай ыкманын актуалдуулулугун  жана маанилүүлүгүн субъективдүү, авантюристтик мүнөздөгү С. ч. коом үчүн оор кесепеттерди алып келет. Өзүнчө бир  белгилүү процесс катары С. ч. удаалаш баскычтар… Кененирээк »

САЯСИЙ ЧЕТТЕТҮҮ

САЯСИЙ ЧЕТТЕТҮҮ – саясий идеялар, мамилелер жана уюмдар инсандан көз карандысыз, ага каршы же кээде кастык  позициядагы бир нерсеге айлануучу абал. Инсанды четтетүү бир катар себептердин натыйжасы болот. Ал белгилүү  экономикалык шарттар: эмгектин бөлүштүрүлүшү, менчикти бөлүштүрүү, алмаштыруу жана керектүү мамилелеринин  өзгөчө-лүктөрүнүн улам пайда болот. С. ч. саясий режимдин мүнөзү менен шартталат. Анда адам саясатка таптакыр  кызыкпай калган абалга… Кененирээк »

САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШ

САЯСИЙ ТҮЗҮЛҮШ – саясаттын объектисинин жана субъектисинин уюштурулушунун биримдиги. Бийликти ишке  ашыруу саясаттын субъектисинин уюштурулушунун гана эмес, анын структураларынын өлкөнүн аймагы боюнча  жайгашуусун болжолдойт. Бул үчүн саясаттын объектиси ылайык келген бийлик жана башкаруу органдары менен  уюштуруу деңгээли боюнча бөлүштүрүлөт. Башында мындай бөлүү эзилген элди бөлүктөргө бөлүп, баш ийүүдө кармап  туруу үчүн зарыл болгон. Натыйжада адамдар саясий мамиледе тигил… Кененирээк »

САЯСИЙ ТУРМУШ

САЯСИЙ ТУРМУШ – коомдун жашоосунун негизги сфераларынын бири; анда саясий бийлик, коомдук, саясий күчтөр  жана кыймылдар аракет кылышып, түрдүү саясий процесстер болот; саясатта, саясий мамилелерде жана саясий  ишмердүүлүктө объективдүү жана субъективдүү факторлордун өз ара аракеттенүүсү. С. т. – так илимий аныктоого жана  кабыл алынган идентификациялоого мүмкүн болбогон саясий мүнөздөгү көптөгөн кубулуштар жана процесстердин  жалпылануусу. Анда белгилүү экономикалык, социалдык-саясий… Кененирээк »