САЯСИЙ ТӨҢКӨРҮШ

САЯСИЙ ТӨҢКӨРҮШ – коомдук саясий турмуштун түп тамырынан бери өзгөрүшү, бийлик системасынын бузулушу  же саясий лидери, мамлекет башчысын алмаштыруу. Төңкөрүштүн себептери түрдүүчө болушу мүмкүн, бирок ар дайым  баарына бирдей жалпы шарт – белгилүү социалдык катмарлардын же топтордун нааразычылыгы, коомдо биримдиктин  жоктугу сөзсүз болот. Жакшы уюшулган аскерлерден турган же куралдуу күчтөргө таянган топко саясий бийликти  тартып алууга мүмкүндүк берген… Кененирээк »

САЯСИЙ СФЕРА

САЯСИЙ СФЕРА – коомдун жашоосунун спецификалык областы. Бардык көп түрдүүлүгүндө жана өнүгүүсүндө саясий  ишмердүүлүктүн башаты негизделип, саясий мамилелер жана бийлик институттарынын жардамы менен таптардын,  социалдык топтордун жана катмарлардын, инсандын жана элдердин саясий кызыкчылыктары иш жүзүнө ашырылат.  Коомдун С. с. – татаал, көп тармактуу, ошол эле мезгилде бир бүтүн түзүлүш. Ага саясий институттардын,  мамилелердин, процесстердин, кубулуштардын өз ара байланыштарын… Кененирээк »

САЯСИЙ СОЮЗДАР, КОАЛИЦИЯЛАР ЖАНА БЛОКТОР

САЯСИЙ СОЮЗДАР, КОАЛИЦИЯЛАР ЖАНА БЛОКТОР (коомдо) – эки же бир нече саясий партиялардын  ортосунда тигил же бул коомдук-саясий катмарлар жана топтордун бийлигине ээ болуу жана аны ишке ашыруу үчүн  болгон келишим. Көбүнчө алар бирдиктүү түрдө бир нече партиялардын өкүлдөрүнөн парламенттик көпчүлүктү түзүп,  ошонун негизинде өкмөттү негиздөө үчүн биригишет. С. с., к. ж. б. көп партиялуу системасы бар өлкөлөрдө, … Кененирээк »

САЯСИЙ СОЦИОЛОГИЯ

САЯСИЙ СОЦИОЛОГИЯ – 1) социологиянын тармагы; коом менен өз ара аракети аркылуу жана коомдун социалдык  структурасынын, институттарынын жана процесстеринин көп түрдүүлүгү жана татаалдыгын анализдөө менен  саясаттын көрүнүшүн изилдейт; 2) Саясат таануу, саясий психология менен катар бирдиктүү саясий илимдин бөлүгү.  С. с-нын негизги предмети: саясий бийлик, анын жашоосунун жана индивиддердин, социалдык-таптын, топтордун,  этностук-конфессионалдык биримдиктер жана алардын уюмдарынын реалдуу аң-сезимин,… Кененирээк »

САЯСИЙ СОЦИАЛДАШТЫРУУ

САЯСИЙ СОЦИАЛДАШТЫРУУ (инсанды) – саясий мамилелерге толук укуктуу катышуучусу болууга инсанга  мүмкүндүк берген, белгилүү билимди, баалуулуктарды, нормаларды өздөштүрүү процесси. С. с. адамдардын мурунку  муундагы адамдар чогулткан социалдык тажрыйба менен аны социалдык субъект катары калыптандыруу жалпы  процессинин компоненти, бир тарабы болуп эсептелинет. С. с. инсан тарабынан белгилүү саясий билимдердин  суммасынын өздөштүрүлүшүн жана коомдук-саясий ишмердүүлүктүн ыктарына ээ болууну; өздөштүрүлгөн  билимдердин… Кененирээк »

САЯСИЙ СИСТЕМА

САЯСИЙ СИСТЕМА (коомдо) – саясий субъекттердин, структуралардын, мамилелердин интеграцияланган, бүтүндүк  жыйындысы. Социалдык биримдиктердин жана күчтөрдүн кызыкчылыгын чагылдырат. С. с. коомдун интеграциясын  жана жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн камсыз кылат. Айкын  социалдык биримдиктин кызыкчылыгын эсепке алуунун даражасы анын өлкөнүн экономикалык жана саясий  турмуштагы өлчөмү менен аныкталат. С. с-нын эң толук жана адекваттуу болушу анын маңызын, динамикалык, … Кененирээк »

САЯСИЙ САЛТТАР

САЯСИЙ САЛТТАР (лат. traditio – берүү, уламыш) – саясий мурастын элементтери; муундан муунга өткөн жана жаңы  шарттарга ылайык келген жактары менен чыныгы саясий процесске камтылган идея, норма, мекемелер менен  чагылдырылат. Анын жардамы менен саясий тарыхта байланыш, улантуучулук болот. Бирок бул процесс каршылаш  жана татаал жолду басып өтөт. Саясий үстөмдүккө жетишкен жаңы таптар өзүлөрүнөн бийлиги анын негизги  атрибуттары жана… Кененирээк »

САЯСИЙ РЫНОК

САЯСИЙ РЫНОК – мүмкүнчүлүк-төрдүн рыногу; анда өздүк спецификалык товарлар: бул же тигил саясий чечим  менен байланышкан, мүмкүн болгон пайдалар менен артыкчылыктар өтөт. С. р-то сатуучулар болуп саясий бийликти  алып жүрүүчөлөр чыгышса, сатып алуучулардын ролунда – шайлоочулар чыгат. С. р-то шайлоочуларга алардын  каалоосуна, суроо-талабына ылайык товарларды даярдоого мүмкүндүк берет. С. р-тогу саясий мамилелердин жогорку  деңгээли камсыз кылынган коомдун өкүм… Кененирээк »

САЯСИЙ ПСИХОЛОГИЯ

САЯСИЙ ПСИХОЛОГИЯ (гр. psich – жан-дүйнө, logos – сөз, түшүнүк, окуу) – адамдардын саясий аң-сезиминин жана  саясий жүрүм—турумунун областы. Аларды саясий системага (мамлекеттик бийлик), саясий турмуштун окуяларына  жана фактыларына карата баалоочу жана эмоционалдуу мамиле катары чагылдырат. Саясий идеологиядан айырмаланып,  С. п. өзүнүн өнүгүшүндө билинбейт, бирок ошону менен катар коомдун руханий жашоосунун областындагы өзүнүн  терең катмарында укмуштуудай туруктуу келет.… Кененирээк »

САЯСИЙ ПРОЦЕСС

САЯСИЙ ПРОЦЕСС – белгилүү саясий максаттарга жетүүгө умтулган социалдык биримдиктердин, коомдук  уюмдардын жана топтордун айрым адамдардын натыйжалуу ишмердүүлүгү; тар мааниде – саясий чечимдерди жүзөгө  ашыруу боюнча социалдык субъекттердин ишмердүүлүгү. С. п. коомдун саясий системасынын чегинде, регионалдык,  глобалдык масштабдарда кулач жаят. Коомдун ичинде С. п. мамлекеттик деңгээлде, администрациялык аймактык  райондордо, шаарларда жана айыл-кыштактарда; түрдүү улуттар, таптар, социалдык-демографиялык топтор, эмгек … Кененирээк »