САЯСИЙ ПРОГРАММА

САЯСИЙ ПРОГРАММА – саясий партиялардын ишмердүүлүгүнүн негизги жоболорун жана максаттарынын кыска же  деталдык баяндалышы. Программа берилген коомдун ишмердүүлүгүн багыттаган жалпы жоболору, б. а. партиянын  платформасы менен аныкталат. Партиянын С. п-лары стратегиялык жана тактикалык болот. Биринчилери саясий  платформа аныктаган жалпы, көбүн-чө абстрактуу баалуулуктар жана максаттардын, аларга жетүүнүн каражаттарынын  жыйындысын көрсөтөт. Тактикалык программалар берилген партияны бийликке алып келе турган ураандардын … Кененирээк »

САЯСИЙ ПЛЮРАЛИЗМ

САЯСИЙ ПЛЮРАЛИЗМ (лат. plu-ralis – көпчүлүк) – көз карандысыз бытиенин башталышынын жана саясий  билимдердин болушуна негизделген, коомдук-саясий жана социалдык өнүгүүсүнүн идеялык-тескөөчү принциби.  Буржуазиялык коомдун чегинде пайда болгон. Түшүнүк биринчи жолу 1712-ж. монизмдин антиподу катары немец  ойчулу X. Вольф тарабынан киргизилген. С. п. термини коомдук ой жүгүртүүдө эркиндик, теңдик, демократия  проблемаларына кызыгуу пайда болгон сайын, философиялык жана социалдык-саясий адабиятта… Кененирээк »

САЯСИЙ ПЛАТФОРМА

САЯСИЙ ПЛАТФОРМА – партиялардын саясий практикасы негизделген жана алардын саясий программаларында  такталуучу бир катар жалпы жоболор; коомдо өкүм сүргөн негиздүү коомдук-саясий агымдар. Бүгүнкү күндө  төмөнкүдөй негизги агымдарды бөлүп караса болот: консерватизм жана анын азыркы күндөгү модели –  неоконсерватизм, неолиберализм; социал-демократизм; коммунизм; конфессионалдык мүнөздөгү саясий жана коомдук агымдар. Бир катар саясий партиялар негиздеген адаттагы консерватизм согуштан кийинки жылдарда дүйнөдөгү… Кененирээк »

САЯСИЙ ОЙ-ЖҮГҮРТҮҮ

САЯСИЙ ОЙ-ЖҮГҮРТҮҮ – бүгүнкү күндөгү объективдүү чындыктын коомдук жана индивидуалдык саясий аңсезимде чагылдырылуусу. Башка ой-жүгүртүү сыяктуу С. о. ж. түздөн-түз сезимдик чагылдыруу; сөз, түшүнүк,  элестетүүдөн айырмаланып, таанып-билүүнүн жогорку баскычын билдирет. С. о. ж. өзүнчө бүгүнкү күндөгү саясий,  социалдык, экономикалык, согуштук-стратегиялык чындыктарга, жалпысынан дүйнөлүк реалияларга таандык касиеттер,  байланыштар, мамилелер жөнүндөгү билимди камтыйт; анын жардамы менен таанып-билүүдө кубулуштан маңызга өтүү … Кененирээк »

САЯСИЙ МОДЕРНИЗАЦИЯ

САЯСИЙ МОДЕРНИЗАЦИЯ – социалдык жана саясий өзгөрүүлөр-дөн процесси; саясий өзгөрүүлөрдүн белгилүү бир  багыт алышын билдирет. С. м-да негизги басым саясий өзгөрүүлөрдүн формациялык өзгөчө-лүктөрүнө эмес, саясий  системаны жакшыртуунун өзгөчөлүгүн аныктаган өлкөнүн салт-санаасына, өнүгүүнүн тарыхый-маданий жолуна  жасалат. С. м. кандайдыр-бир айкын саясий максатка жетүүгө же өнүгүүнүн кайсы бир моделин көчүрүүгө  (президенттик же парламенттик республика, эки же көп партиялуу система, федерация… Кененирээк »

САЯСИЙ МЕЙКИНДИК

САЯСИЙ МЕЙКИНДИК – саясий ишмердүүлүктүн чектеринин аралыгы жана тереңдиги. Саясий мамилелер  мейкиндиксиз жашай алышпайт. С. м. жалаң географиялык мейкиндик менен окшоштуруп коюу туура эмес.  Географиялык мейкиндик саясийдин «үстүнкү катмары» сыяктуу чыгат. Саясий турмушка көбүрөөк активдүү катышкан  социалдык катмарлар саясий активдүүлүктүн талаасын түзүшөт (ушунун өзү С. м. болуп эсептелет), мына ушул жерде мамлекеттик бийлик боюнча мамилелерди түздөн-түз тактоо жүргүзүлөт.… Кененирээк »

САЯСИЙ МАРКЕТИНГ

САЯСИЙ МАРКЕТИНГ (англ. mar-ket – рынок) – саясаттын субъекттерине, социалдык, таптык, этностук,  профессионалдык, региондук жалпылыктарга таасир этүү каражаттарынын, ыкмаларынын системасы; саясий рыноктун  көрсөтмөлөрүнө жана талаптарына, граждандардын (шайлоочулардын) саясий керектөөлөрүнө багытталган саясий  ишмердүүлүктү уюштуруу жана башкаруу механизми. С. м. системасында саясий ишмерлер жана уюмдар, саясий  атаандаштык мыйзамы аракет кылган өзгөчө рынокто, өзгөчө товар катары көрсөтүлөт. С. м. өзүнүн концепсиясынын, … Кененирээк »

САЯСИЙ МАНИПУЛЯЦИЯ

САЯСИЙ МАНИПУЛЯЦИЯ (алдоо) – уюштуруучуларга керек болгон багытта саясий көрсөтмөлөрдү киргизүү жана  саясий жүрүм-турумдарды калыптандыруу максатында коомдук жана индивидуалдык аң-сезимге таасир этүү. Мындай  ролду көптөгөн саясий күчтөр ойношот, бирок, алардын ичинен кимисинин официалдуу бийлик структурасына жана  массалык маалымат каражаттарынын таасири көбүрөөк болсо, анда анын бул иште «ийгиликке» жетүү үмүтү  ошончолук чоңураак болот. Коомдук пикирдин мааниси жана таасири чечүүчү… Кененирээк »

САЯСИЙ МАМИЛЕЛЕР

САЯСИЙ МАМИЛЕЛЕР – саясий бийликти колго алуу, пайдалануу жана кайрадан бөлүштүрүү боюнча саясаттын  субъектилеринин өз ара аракеттери. С. м-дин чөйрөсү дайыма кыймылда болот жана коомдук турмуштун саясатталыш  даражасына көз каранды. Тоталитардык – бюрократтык коомдордо коомдук мамилелердин бардыгын өзүнө камтыган С.  м. демократиянын шарттарында олуттуу кыскартууга багыт алат. С. м-дин субъектилери катары индивиддер, топтор,  катмарлар, жалпылыктар, коомдун өзү жана… Кененирээк »

САЯСИЙ КЫРДААЛ

САЯСИЙ КЫРДААЛ – коомдун саясий турмушундагы чыңалып келе жаткан, курч абалды белгилүүчү түшүнүк, С. кдын өзөгүн негизи саясий мамилелердин – мамлекеттин граждандык коомго карата жана граждандык коомдун  мамлекетке карата мамилелеринин мазмуну түзөт. Көп учурда С. к. бийликтин мамлекеттин институттарынын кризиси  формасында чыгат. С. к-дын пайда болушунун негизинде коомдук турмуштун өзөгүндөгү (мамлекеттик бийлик, анын  формалары жана багыттары үчүн ар… Кененирээк »