КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ АРАБ ТИЛИНЕН КЕЛГЕН СӨЗДӨР

Тарыхтан маалым болгондой, кыргыздар биздин замандын VI-VIIIкылымдарында Орхон-Енисей жазуусун, андан кийин уйгур жазуусунколдонушкан. Кийинчерээк анын ордун араб жазуусу ээлегени белгилүү.Бирок колдо бар материалдардын негизинде кыргыздар араб жазуусун кайсымезгилден тартып пайдалана баштаганын так айтуу кыйын. Окумуштууларархивдик материалдарга таянуу менен кыргыздар XIX кылымдан баштапараб алфавитин пайдаланышкан деген пикирди айтышат (Шукуров 1952:70).Араб сөздөрүнүн кыргыз тилине кирүү мезгили да кылдат изилденгенэмес, бирок… Кененирээк »

Илеп белгиси

Илеп белгиси, күчтүү сезим менен айтылып, адамдын ар түрдүү ички сезимин (кубануу, таң калуу, коркуу, чочуу, капалануу ж.б.) билдирген сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Илеп белгиси сүйлөмдүн аягына коюлуп, биринчиден, аны кийинки сүйлөмдөн чектеп ажыратып турат, экинчиден, ал сүйлөмдүн ар түрдүү эмоционалдык мүнөзүн туюндурат. Илептүү сүйлөмдөр өзүнүн лексикалык-структуралык өзгөчөлүктөрүнө жана ички маанисине карай сүйүнүү, ыраазы болуу, таң калуу, кайгыруу, бушайман… Кененирээк »

Суроо белгиси

Суроо белгиси да бир эле мезгилде эки түрдүү милдетти аткарат: сүйлөм аягына коюлуп, аны экинчи сүйлөмдөн ажыратып бөлүп турат, ал сүйлөмдүн маа ни жактан аяктагандыгын билдирет; экинчи жагынан, анда суроо мааниси бар экендигин көрсөтөт. Суроо белгиси экинчи бирөөдөн жооп алуу максатында суроо маанисинде айтылган сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Суроолуу сүйлөмдөр да түзүлүшү жагынан ар түрдүү болот. 1. Суроо белгиси… Кененирээк »

Сүйлөм аягына коюлуучу тыныш белгилери. Чекит.

Бүткөн ойду билдирген сүйлөмдөрдүн аягына же чекит, же суроо, же илеп белгиси коюлат. Бул белгилердин ар бири эки түрдүү милдетти аткарат: биринчиден, сүйлөмдө айтылган ойдун аяктаганын билдирет; экинчиден, ал сүйлөм кандай максатта, кандай мааниде айтылгандыгын (жайынча айтылгандыгын, же суроо маанисинде экендигин, же болбосо эмоция менен (ар түрдүү ички сезим менен айтылганын) көрсөтөт. Чекит Чекит жазылып жаткан кандайдыр бир… Кененирээк »

Тыныш белгилерин коюу принциптери

Орус тилинин пунктуациясынын тарыхы жөнүндө кабар проф. А.Б.Шапиронун «Основы русской пунктуации» деген китебинде берилген. Ал эмгекте берилген маалыматтар боюнча, орус тилинин азыркы убакта колдонулуп жүргөн пунктуация системасынын негизги белгилери орус адабий тилинин негизинин түзүлүп бүткөн мезгилине, б.а. XVIII кылымдын баш ченине туура келет. Ошол кездеги бир катар илимий эмгектерде тыныш белгилеринин колдонулуш принциптери жөнүндө ар түрдүү пикирлер айтылып… Кененирээк »

Интонация жана тыныш белгилери

Адам баласы өзүнүн ой-пикирин, чындыкка болгон ар түрдүү мамилесин башка бирөөлөргө оозеки сүйлөө аркылуу да билдирери белгилүү. Сүйлөөдө сүйлөмдөрдүн синтаксистик жактан уюшулуш жолдору оозеки жана жазма тилде, негизинен, бирдей. Бирок айрым бир белгилери жагынан алар бири-биринен айырмаланат: оозеки сүйлөөдө жазма тилге караганда сүйлөмдөгү сөздөрдүн орун тартиби эркинирээк болот; сүйлөм түзүлүшү жөнөкөй, кыска келет. Айтылуучу ойду, ар түрдүү ички… Кененирээк »

Тыныш белгилеринин жазма тилдеги милдети

Тил адам баласынын өз ара катнашынын маанилүү куралы болуп саналат. Демек, тил аркылуу адамдар бири-бирине өз ойлорун түшүндүрүп, пикир алышып, байланышып турушат. Коомдун мүчөлөрүн бири-бири менен пикир алыштыруунун, өз ара байланыштыруунун негизги формасы катары сүйлөм пайдаланылат. Ал эми сүйлөмдүн өзү болсо сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын тизмегинен уюшулат. Адам баласы өз оюн башкаларга оозеки түрдө жана жазуу түрүндө билдирери… Кененирээк »