АРСТАНБЕКТИН БАТАСЫ

(Жеңижокко берген бата)Ырчы балам, Жеңижок,Сенде ырчылыктын кеми жок.Улардай таңшыр убагың,Кыдыр даарып жол болсун.Ырчы болсоң сынчы бол,Зөөкүрдү чабар камчы бол,Кургак жерге тамчы бол,Дүлөйлөргө кулак бол,Чөлдүү жерге булак бол.Аргымак минген баатыр бол,Алсыздарга жакын бол.Күлүк минген күчтүү бол,Күйдүргүгө миздүү бол.Жесирлерге жөлөк бол,Жетимдерге көмөк бол.Канкорлорго касап бол,Калп айтканга мазак бол.Ууруларга айгак бол,Ушакчыга сайгак бол.Бечарага калка бол,Беделсизге арка бол.Ашта, тойдо мырза бол,Аптыгып алкым… Кененирээк »

БАКАЙ АТА БАТАСЫ

Айтулуу шумкар көздүү бол,Адам таппас сөздүү бол.Байсалдуу артык үзүлбөс,Бак баштаган күчтүү бол.Балага балтыр бешик бол,Бакытка ачык эшик бол.Улууну сыйлап жетик бол,Кичүүгө өмүр кешик бол.Аккан суунун шары бол,Балбандардын алы бол.Оорулууга дары бол,Опол тоодой кары бол.Кыдыр болсун жолдошуң,Кыйың күн башта болбосун.Ыйык тут Манас ордосун,Оомийин кудай колдосун!(«Кыргыз маданияты» гезитинен алынды)

КОШОЙДУН БАТАСЫ

Абакеңиз эр Кошой,Дастарын (селде баш кийим) кыйгап чалынып,Жаратканга жалынып,Алакан жазды буркурап,Атпай журттун баарысы,Бата кылды чуркурап,Көп жыйылган өз ушул,Көпчүлүктүн көзүнчө,Кошойдун айткан сөзү ушул:Тилекти берсе бир Алла,Туулса мындан бир бала,Ургаачы болбой, эр болсун,Аюу болбой, шер болсун!Атышканын алсын деп,Күрөшкөнүн чалсын деп,Өлөңдүү жерди өрттөгөн,Өзүнөн пенде өтпөгөн.Тулаңдуу жерди тутантып,Туугандын баарын кубантып,Кара сууга кан куюп,Кайратын калк, эл туюп,Суу ордуна кан төгүп,Катылышкан душманын,Өгөөлөсүн темирдей,Акыры тууса… Кененирээк »

МАНАСТЫН БАТАСЫ

«Энеси суу кыргыздын,Атасы тоо кыргыздын»,Көрдүңбү сөздүн уңгусун.Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,Аркайган тоодо өскөн эл,Кирин карда жууган эл,Киндигин музда кескен эл,Заңкайган нечен тоо менен,Салгылашып келген эл.Ак элечек арсак тоо,Жалтырак муз, аппак кар,Жамбаштап жатып көнгөн эл,Малын карга жайган эл,Кыргыз деген неткен эл,Мөңгү суусун ичкен эл.Күркүлдөгөн, жыттанып,Күүлөнүп аккан суулардыКүн эмес, түндө кечкен эл,Таш жазданып көнгөн эл.Талашып салкын шамалды,Булут менен келген эл.Булуттуу тоонун… Кененирээк »

Жаратылыш тууралуу ырлар

АЙГА Иоганн ГётеАй нурун чачып турат буАймалап токой, шиберди.Ай, укмуш! Ушул убактыАрттырат кубат-жигерди.Талаанын моокун кандырып,Таралат сенин нурларың.Элжиреп, анда, албырып,Эсиме түштү мурдагым.Өткөндүн кайгы-кубанчыӨзөктө жанат турбайбы.Келечек күтөт уланчу,Өткөн иш — демек кур кайгы.Ага бер, булак, ага бер!Мөңкүштөп, туйлап, талпынып.Бара бер, алга, бара бер!Кеткенди артка калтырып.Менде да болгон бир нерсеМерчемге, ойго жетпеген.Мертинип алып бир кезде«Эх!» дегем, кейип «эх!» дегем.Ага бер, булак,… Кененирээк »

Жаз жөнүндө ырлар

МАЙ ЫРЫ                      Иоганн ГётеЖараткан дүйнөЖагып тур мага!Жапжашыл нургаЖанып тур талаа!Бөрсөйөт бүчүрБөлөнүп гүлгө,Шуудурайт бадалШумдуктуу тилде.Жыргал-ой! Жыргал,Жүрөктө чалкып,Жер менен ааламЖашоого балкып,Махаббат, сүйүүМакмалдан азем!Кудурет жетпесКубатың сезем.Бөлөйсүң, минтип,Талааны гүлгө,Ажайып сезим,Алешем дүйнө!Айпери сулууАшыкмын сага!Аймачы беттенАшыксың мага!Аптыгат торгойАбага, ырга,Атылат болбойАлыскы кырга.Кучакка кысам,Кумарым сени.Жаштыгым мененСугарам сени.Жапжашыл жазды,Жашоону көрөм.Бакытым менинБакытка бөлөн!

Кыш жөнүндө ырлар

КышМына күз да учуп кетти,Кирип келди кыш дагы.Көрүнбөстөн учуп келди,Канаттуудай сыягы. Мына аяз кычырады,Көлмөлөрдү тоңдурду.Жаш балдарга кыш жыргалын,Белек кылып кол сунду. Укмуштуудай кооз чиймелер,Айнектерге тартылды.Аны көргөн кишилерди,Ал айран-таң калтырды. Кар айланып, жаайт, учат,Жер ак жабуу жамынат.Булуттардан күн көз кысат,Карда кыроо жаркырайт. С. Есенин.

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ (АОС — ) ж-а аны түзүүгө байланышкан окуу программасы.

  ЭЭМди түрдүү предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация ж-а маалымат берүүдө; окуучуга жекече мамиле  кылуу  м-н  убакытты  кыскартууда  ж-а  окутуунун  сапатын  көтөрүүдө;  окуу  программасын  иштеп  чыгууда  программалоонун  алгоритмдик  тилдерине  салыштырмалуу  убакытты  5  эсе  кыскартууда;  группалардын  ж-а  ар  бир  окуучунун  окуу  ишмердиги  тууралуу  жыйындарды  уюштурууда  ж-а  статистикалык  маалыматтарды  эсептөөдө  колдонулат;  Ага  төмөндөгүдөй  талаптар  коюлат:  ал  адаптацияланган,  б.  а.  окуу … Кененирээк »

АБСТРАКЦИЯ

АБСТРАКЦИЯ —   –  (лат. abstraktio)  –  таанып-билүүнүн диалектикалык жолунун этаптарынын бири; кубулушту,  процессти үйрөнүүдө  анын олуттуу эмес белгилери эске алынбастан, жөнөкөйлөштүрүп «таза түрдө» кароо ыкмасына  негизделген изилдөө методу.  Балада алгачкы А. анын күндөлүк аракетинде калыптанат. Мис., эки жашка чейинки бала өңү бир түстөгү ар түрдүү  оюнчуктардын ар башка экенин ажырата албайт же тескерисинче, ар башка түстө боёлгон оюнчуктардын… Кененирээк »

Педагогика илим жана искусство катарында

К. Д. Ушинский тарабынан коюлган педагогика илимби же искусствобу деген суроону П. П. Блонский карап чыгып,  ал тарбиячыга теориялык билим да, билгичтик да жана талант да керек деп эсептеген. Билгичтикке жеке тажрыйба  жетилтет, жеке чыгармачылыктын натыйжасы бар; талантка ээ болууга болбойт. Бир адам экинчисине кээ бир идеяны  гана бере алат, бирок талантты, иштөөнүн техникасын билдире албайт; ар бир… Кененирээк »