САУЛ МАТВЕЕВИЧ АБРАМЗОН
Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган. Анын жетекчилери көрүнүктүү этнограф, түркологдор А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон. Саул Матвеевич студенттик жылдары өз… Кененирээк »