ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ

ҮМӨТАЛИЕВ  Темиркул (1908, Аксы району  –  1991, Бишкек ш.)  –  кыргыз эл акыны.  Үмөталиев өзүнүн жазуучулук шыгын негизинен адабияттын бир гана жанры поэзияга арнап, ушул тарамда жарым кылымдан ашуун  үзүрлүү  эмгектенди. Акындын бардык ырлар жыйнагындагы башкы идеялык-тематикалык багытын жаңы түзүлүштүн күрдөөлдүү жаңылыктарын, эмгектин шаңын даңазалоо түзөт. Сүйүү  жөнүндөгү  болсун, Ата журттун кооздугуна суктанган пейзаждык ырларында болсун, заман толкуну, акын духу, коомдун өнүгүү тенденциясынын тамыр кагышынын илебине жуурулуша, акындык… Кененирээк »

ЧОЮКЕ ӨМҮР УУЛУ

ЧОЮКЕ Өмүр уулу (1863, Каракол уездинин Түргөн болушу, Түргөн айылы — 1925, ошол эле жер) — манасчы. Арык уруусунан. Саякбайдын устаты. Манасчылыкка өтө кызыгып, Манас баатырдын жана анын чоролорунун мекенин көрөм деп 1900-жылдары Таласка барып, эпосто чагылдырылган жерлер менен таанышкан. Кытайдагы кыргыздар менен казактарга барып, «Манас» айткан учурлары болгон. Чоюкенин таржымалына, чыгармачылыгына байланыштуу айрым маалыматтар аны көрүп-билип, «Манасын»… Кененирээк »

СЫДЫК КАРАЧЕВ

Сыдык Карачев жыйырманчы жылдын башында эле кыргыз жазма адабиятына ат салыша чыккан жаш таланттуулардан болгон. Ал, жетим калып жаштайынан татар-кожоюндун эшигинде малай жүрөт. Эс тарткан чагында баштапкы татар мектебинен бир аз окуп кат тааныйт. Ошондон баштап жаш Сыдык көркөм адабият китептерин сүйүп калат. 1924-жылга дейре жаш акын татар тилинде жазган бирин-эки ырларын татар газетасында жарыялап келген. Сыдыктын замандаштары,… Кененирээк »

БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ

Юнусалиев Б.М. 1913-жылы 6-октябрда Чуй областына караштуу Кемин районунун Кичи-Кемин айылында тѳрѳлгѳн.1970-жылы 18-февралда каза болгон. Кыргыз совет тилчиси,турколог, «Манасты”изилдѳѳчү,коомдук ишмер. Кыргы ССР ИАнын академиги (1954), филология илимдернин доктору (1954),профессор (1954),Кыргыз ССРнин илимге эмгек синирген ишмери (1963). 1938-жылдан КПСС мучѳсү. 1933-1935 Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатына инспектор.1935-1938-жж Москвадагы ВКП(б) БКнын жогорку партия курсун окуган. 1938-1941-жж «СССР Жогорку Советинин ведомостторунун” кыргызча… Кененирээк »

САУЛ МАТВЕЕВИЧ АБРАМЗОН

Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган. Анын жетекчилери көрүнүктүү этнограф, түркологдор А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон. Саул Матвеевич студенттик жылдары өз… Кененирээк »