СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ

СОЦИАЛДЫК СТРАТИФИКАЦИЯ (лат. stratum – катмар, facio – жасаймын) – бүгүнкү күндөгү социологиянын  борбордук багыттарынын бири; коомдогу социалдык структураны жана теңсиздиктин өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн  издеп, таап жана түшүндүрүүнү алдына милдет кылып коет. Ар бир коом үчүн абалдары кандайдыр-бир анык белгилер  боюнча айырмаланган, кандайдыр-бир деңдээлде калыптанган катмарлардын, топтордун, индивиддердин  жиктелүүсүнүн болушу мүнөздүү. Эң ирисинен майда структурасына чейинки универсалдык сүрөтүн… Кененирээк »

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ

СОЦИАЛДЫК САЯСАТ (лат. sociolog – коомдук) – социалдык чөйрөнү жана социалдык мамилелерди теске салуу  боюнча мамлекеттин жана коомдук уюмдардын ишмердүүлүгү; калктын турмуштук маанилүү керектөөлөрүн камсыз  кылуу боюнча иш-чаралардын жыйындысы. Бул же тигил өлкөдө С. с-тын эффективдүүлүгү кандай даражада адамдын  жашоосу, анын эмгегинин жана эс алуусунун, тиричилигинин шарттарынын жакшыруусу, ден-соолугунун чыңалуусу,  аң-сезими менен маданияттын жогорулоосу, этностор жана инсандар аралык… Кененирээк »

СОЦИАЛДЫК МАМИЛЕЛЕР

СОЦИАЛДЫК МАМИЛЕЛЕР – өндүрүштө жана коомдогу башка чөйрөлөрдө ар түрдүү абалга ээ, эмгектин мүнөзү,  профессионалдык даярдыгы, улутка таандык болушу, жашоо жол-жобосу, статусу кирешелердин деңгээли жана  булактары боюнча айырмаланган түрдүүчө функцияларды аткарган адамдардын социалдык топторунун ортосундагы көп  түрдүү өз ара байланыштардын системасы. Таптар, социалдык топтор жана катмарлар, этностук биримдиктер – С. м-дин  негизги субъекттери болуп саналат. Алардын жыйындысы коомдун… Кененирээк »

СОЦИАЛДЫК КОНФЛИКТ

СОЦИАЛДЫК КОНФЛИКТ (лат. сonflict – кагылышуу, тирешүү)– адамдардын жыргалчылык проблемалары,  статусу, бирдиктүү ишмердүүлүгүнө жана ой-пикири боюнча, кызыкчылыктарынын, көз-караштарынын, салтсанааларынын, артыкчылыктарынын жана жүрүм-турум максаттарынын дал келбөөсүнөн улам пайда болгон социалдыктаптык күчтөрдүн кагылышуусун туюнткан түшүнүк. С. к. индивиддердин, таптардын, башка социалдык катмарлардын  ортосундагы социалдык биримдик менен жалпы коомдун ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө түрү болуп саналат.  С. к-тин генетикалык булагы… Кененирээк »

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯ

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТИЯ – бүгүнкү күндөгү солчул күчтөрдүн маанилүү составдык бөлүгү. «С-д». термини XIX к.  акырында Европада жумушчу табынын партияларынын түзүлүү мезгилинде пайда болгон. 1918–23-ж. жумушчу  социалисттик интернационалдын катарында С-д-нын реформисттик агым катары идеялык-саясий жана уюштуруучулук  калыптануусу болуп өткөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин С-д. көпчүлүк өлчөмдө капиталисттик коомдун  парламенттик саясий системасына интеграцияланган. Көп өлкөлөрдө ал мындай система менен бийлик механизминин … Кененирээк »

СОТ БИЙЛИГИ

СОТ БИЙЛИГИ – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Бийликти бөлүштүрүү принцибин ишке ашыруунун зарыл  шарты. Бийликтин калган эки бутагынын келишип кетишине жол бербөө, диктатуранын же авторитардык саясийрежимдин пайда болушуна тоскоолдук кылуу С. б-нин негизги иши. Конституциялык түзүлүштү сот тарабынан коргоо  системасы кийин гана пайда болуп, бүгүнкү күндө өзүнүн калыптануу мезгилинде жана ал көптөгөн мамлекеттердин  тажрыйбасы менен толукталууда. С. б.… Кененирээк »

СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу

СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу (1878–1938) – кыргыз тарыхчысы, адабиятчы жана акын. Чоң Кемин өрөөнүндө  жашаган Аюке уругунан. 7–8 жашында кат тааныган. Караколдо 3–4 ай орус мектебинде, багбандарды даярдоочу  Пишпектеги кыргыз мектебинде 2 жыл окуган. 1890-ж. тарыхка кызыгып, уламыштарды, санжыраларды угуп, мусулман  жана жана орус тарыхчыларынын эмгектери менен таанышкан. 1894-ж. Атаке болуштугунда катчы болуп турган. 1895-  ж. кыргыздын санжырасын… Кененирээк »

СОГУШТУК САЯСАТ

СОГУШТУК САЯСАТ – мамлекеттердин, партиялардын, жана башка социалдык-саясий институттардын жалпы  саясатынын составдык бөлүгү; белгилүү саясий максатка жетүү үчүн куралдуу зордук-зомбулук каражаттарын түзүү  жана колдонуу менен түздөн-түз байланышкан. Саясий ишмердүүлүктүн өз алдынча жана өзгөчө түрү катары ХVIII–  ХIХ к. чегинде бөлүнүп чыкты. Бул мезгилдеги согуштар масштабдарынын бир кыйла өсүшү, мамлекеттердин  материалдык жана руханий ресурстарынын кеңири тартылышы, массалык армиялардын пайда… Кененирээк »

СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ

СОГУШ ЖАНА КУРАЛДУУ КОНФЛИКТ – белгилүү саясий максатка жетүү үчүн зордук-зомбулукту колдонуу  даражасы менен айырмаланышкан социалдык кубулуштар. Согуш өзүнүн маңызы боюнча – бул же тигил  мамлекеттердин (таптардын) саясатынын зордук-зомбулук каражаттары менен улануусу. Согуш саясий мазмунга ээ, ал  ички жана тышкы саясаттын бөлүгүн түзөт. Тарых, анын ичинде эки дүйнөлүк согуштун тажрыйбасы көрсөткөндөй  согуштар, эреже катары, алдын-ала, узак убакыттар бою… Кененирээк »

САЯСИЙ ЭРКИНДИКТЕР

САЯСИЙ ЭРКИНДИКТЕР – социалдык эркиндиктин (экономикалык, ыймандык, диндик ж. б. менен катар) түрү;  инсандын жана коомдун өзүнүн кызыкчылыгына жана максаттарына ылайык аракет кылуу жөндөмдүүлүгү жана  мүмкүндүгү. С. э. мыйзам тарабынан бекитилген, граждандардын саясий ишмердүүлүккө катышуу укугу жана  мүмкүндүктөр системасы катары чыгат. Бул – граждандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги институту,  адамды саясий процесстин активдүү катышуучусу кылган демократтык түзүлүштүн… Кененирээк »