КЫРГЫЗ ЭЛДҮҮЛҮГҮНҮН КУРАЛЫП, ТҮЗҮЛҮШҮ  

IX кылымды кошо эсептегенде ага чейинки кыргыз этногенез тарыхынын негизги урунттуу учурларын белгилөө жана кыргыздардын курамына кирген түркий тилдүү уруулар жөнүндө алгачкы тарыхый даректерде чагылдырылган мезгилден бери тарта кыргыз элинин түзүлүү процессин иликтөө аракети болуп саналат.  СССР элдеринин тарыхында өзгөчө мааниге ээ болгон Чыгыш элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхынын этногенез маселелери, тилекке каршы, биздин илимий адабиятыбызда начар… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ОЙМО-ЧИЙМЕЛЕРИ  

Эгерде этнографиялык изилдөөлөр кыргыз оймо-чиймелеринин маани-маңыз тарабын көрсөтүп берген болсо, аларды тарыхый жактан түшүндүрүү бир канча кечирээк, негизинен, советтик изилдөөчүлөрдүн — ысымдары жогоруда айтылган искусствотаануучулар менен тарыхчылар тарабынан ишке ашырылган

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ИСКУССТВОСУ БОЮНЧА ЖАЗМАЛАР    

Азыркы кыргыз искусствосунун тамыры байыркы замандардын тереңинде жатат. Биз кыргыздардын тарыхын б.з.ч. II миң жылдыктан бери тарта эсептегендей эле кыргыз элинин искусствосунун генезисин да ошол доордон башташыбыз керек. Коло доорундагы (б.з.ч. II миң жылдык) Енисейдеги малчы уруулардын идиштеринин оймо- чиймелеринен да биз азыркы кыргыз искусствосунун алыста жаткан тамырын көрөбүз. Алар геометриялык оймо-чиймелер жана алардын мааниси (семантика) изилдөөчүлөр үчүн… Кененирээк »

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ТАРЫХЫЙ ӨТКӨНДӨГҮСҮ      

Кыргыз уруулары азыркы Кыргызстандан алыскы аймактарда байыркы мезгилдерде пайда болгон. Сибирде, Енисейдин жогорку жана ортоңку агымдарында жана анын куймаларында, азыр Минусинск, Абакан шаарлары турган, азыркы Тува Эл Республикасы орун алган жерде б.з.ч. III миң жылдыкта эле малчылар байырлап турушкан, алар мал багып, өстүрүү менен гана эмес, аңчылык, балыкчылык, кийинчерээк дыйканчылык менен азык-түлүк табышып, жан багышкан.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУУ МУРАСЫ      

Советтик патриотизмдин улуу идеяларына, элдердин достугунун, интернационализмдин идеяларына өткөндөгү чындык болмуштар жөнүндөгү билимдердин, биздин өлкөбүздүн биз мыйзам ченемдүү сыймыктана турган тарыхы менен маданиятынын бардык байлыгы ачылып көрүнө турган фактылардын негизинде тарбияланат. Эл өзүнүн тарыхын, ата-бабаларынын эрдигин, маданий асылдыктарын, өзүнүн эл аралык байланыштарын билүүгө тийиш. Тарыхтан ал сыймыктануу сезимин сузуп алат, тарых — атак-даңктын, мыкты каада-салттардын булагы.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА АСКЕРДИК МАМИЛЕЛЕРИ          

Азыркы, айрыкча советтик тарых илими тарыхый процесстерди чектелүү түрдө кароодон баш тартты. Маркстик-лениндик историография (тарыхграфия) чоң маселелердин туура чечилиши аларды эл аралык масштабда кеңири кароого байланыштуу болорун көрсөттү. Бул тезис Батыш тарыхы үчүн кандай туура болсо, Чыгыш элдеринин тарыхы үчүн да ошондой эле туура, анткени байыркы айрым мезгилдерде Батыш менен Чыгыштын мындай байланыштары бир канча жолу кыйын-кыстоо мамилелерди… Кененирээк »

КЫРГЫЗДАР VI КЫЛЫМДАН IX КЫЛЫМГА ЧЕЙИН 

618-жылдан 907-жылга чейин башкарган Тан сулалесинин (Тан-шу) тарыхынан мындан бир кыйла мурунку кытай тарыхый чыгармаларына караганда кыргыздар жөнүндө бир топ толук маалыматтарды табабыз. Кыргыздар кайда жашагандыгы жана алардын өлкөсүн башка өлкөлөр менен кандай жолдор байланыштырып тургандыгы биринчи жолу географиялык жактан так көрсөтүлгөн; кыргыз элинин түспөлү жана тили жөнүндө алгачкы маалыматтар айтылган. Мындан тышкары бул маалыматтар ошол эле мезгилде… Кененирээк »

КЫРГЫЗДАРДЫН VI—IX КЫЛЫМДАРДАГЫ КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕСТИК ҮЧҮН КҮРӨШҮ

Чыгыш түрк кагандарынын мүрзөсү үстүндөгү стеллаларда, Күл-Тегин менен Могилян-хандын эстеликтеринде түрк хандыгын негиздеген Бумын же Тумын кагандын өлүшүнө байланыштуу көңүл айткан уруулардын ичинде кыргыздар да эскерилет263. Бул окуя VI к. алтымышынчы жылдарына, же 553-ж. ченге таандык деп айтса болот. Каганды көмүүгө келгендердин арасында ошол кезде чыгыш түрктөрүнө салык төлөбөгөн, аларга дегеле көз каранды эмес уруулардын өкүлдөрү да болгон.

КЫРГЫЗДАРДЫН XVIII КЫЛЫМДАГЫ ТАРЫХЫ БОЮНЧА БУЛАКТАР  

 XVI— XIX кылымдарда Орто Азия элдеринин тарыхы өтө начар иштелген. Бул мезгилди изилдеп-үйрөнүүдө Ленинград блокадасында курман болгон П. П. Иванов тарабынан көп иштер аткарылган болучу. Ал ушул мезгилдеги өзбектер менен түркмөндөрдүн тарыхы маселелерине баарынан көбүрөөк кызыккан. Казактардын тарыхы тарыхый адабиятта XVII жана кийинки кылымдар боюнча эң сонун баяндалган орус булактары бар болгондуктан бир кыйла дурус чагылдырылган. Бул булактар… Кененирээк »

КЫРГЫЗДАРДЫН ПАЙДА БОЛУШУ ЖАНА АЛАРДЫН ТАРЫХЫНАН АЛГАЧКЫ МААЛЫМАТТАР    

Минусин коргон маданиятынын аякташы менен Енисейлик коомдоштуктардын тарыхый өнүгүшүнүн жаңы этабы башталат. Минусин коргон маданиятынын көрүстөндөрүндө чагылдырылган мүлк жагындагы теңсиздиктин күчөшү, мал чарбачылыгынын өнүгүшү жана колодон куюп, буюм жасоого адистешкен кол өнөрчүлөрдүн бөлүнүп чыгышы, алмашуунун өнүгүшү — мына ушулардын бардыгы уруулук түзүлүштүн негизи болгон жамааттык эмгектин жоюлушуна алып келди. Уруунун ролунун жоюлушу менен бирге, албетте, анын атрибуттары да… Кененирээк »