УЛУУ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ. IX — X КК.

Кыргыздардын Моңголияны жеңип алышы Орто Азия тарыхында басып алуу кыймылы батыштан чыгышты көздөй багытталган сейрек учур болуп саналат, анткени бардык басып алуу кыймылдары чыгыштан батышты көздөй жүрчү. Кыргыздардын ханы, сыягы, өзүнүн борборун уйгурлардын Орхондогу шаарына көчүрбөсө керек; өзү жеңишке жеткенден кийин ал уйгурлардын мурунку борборунан атчан жүргөндө он беш күндүк жолдогу «Лаошань же Думань тоолорунун түштүк жагына өткөн»;… Кененирээк »

УСУНДАР ЖАНА ДАВАН ПАДЫШАЛЫГЫ

Кытайдын улуу хан династиясынын тарыхынын өз алдынча бабында усундар жөнүндө маалымат бар. Усундар жөнүндө мындай толук маалыматтын берилиши б.з.ч. II кылымдын акыры ченде, 136-128 жж. жана 115-жж. белгилүү кытай саякатчысы Чжан Цяндын усундарга эки жолу келип кетишине байланыштуу. Чжан-Цяндын миссиясы өтө жооптуу болгон. Ал Кытайдан алыскы батышка чейинки соода жолун ачуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында Орто Азияда «чалгынчылык» иш… Кененирээк »

ХVIII-ХХ КК. КЫРГЫЗ КҮМБӨЗДӨРҮ ЖАНА ЧОЛОК-КОРГОН ЧЕБИ

1945-ж. жана андан башка жылдарда биздин экспедициябыз тарабынан изилденген райондордо көп сандагы мазар-күмбөздөр жолукту. Алардын баары чийки кыштан тургузулуп, курулуш ыгы жана жалпы конструкциялык формалары менен жасалгаланышы боюнча бири биринен абдан эле айырмаланат. Тянь-Шань менен Ысык-Көлдүн изилденген райондорунун кыргыз күмбөздөрү негизи эки топко бөлүнөт. Булар, биринчиден, имараттары менен куполдорун куруунун ар кыл конструкцияларын байкоого боло турган ар түрдүү… Кененирээк »

ШЫРДАКБЕК — БАЙЫРКЫ ОРДО-ШААР КАЖИНГАРБАШЫ

Көчмөндөрдүн башка бир борбору, ордо-шаары Алабука суусунун өрөөнүнөн табылды. Бул өтө кызыктуу эстелик, ал жергиликтүү калктын арасында Шырдакбектин чеби деген ат менен белгилүү; бул чеп кыргыз баатырына таандык кылынат, анын өмүрү ушул эле аталыштагы элдик поэмада баяндалат. Бирок, бул уранды Шырдакбектен алда канча мурдагы чептин урандысы экени аныкталды (поэма XVIII к. акыры ченинен эрте эмес убакта түзүлгөн) жана… Кененирээк »

«КЫРГЫЗ» ЭТНОНИМИНИН МААНИСИ

Кыргыздардын теги. Кыргыздардын тарыхын башка түрк жана монгол элдеринин тарыхы сыяктуу эле терең изилдеп, өз кези үчүн мыкты билген окумуштуу  — академик В. В. Бартольд (1869—1930) төмөнкү баасын жазат: «Кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринен болуп эсептелет. Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен, азыркы убакта, сыягы өзүнүн аты тарыхта мынчалык эрте эскерилген бир дагы башка эл жок көрүнөт». Кыргыздардын теги жөнүндө сөз жүргөндө алардын түрк элдеринин… Кененирээк »

ДАВАН МАМЛЕКЕТИ

Кыргызстандын түштүгүндөгү мамлекет. Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгү бүгүнкү кыргызстандын түштүк аймагын түзүп, жалпы эле Фергана аймагындагы байыркы отуруктушкан калк түзгөн цивилизация очогунун ажырагыс бир бөлүгүн түзөт. Фергананын чордондук жана чыгыш аймактары камтылган байыркы мамлекет кытайлык булактарда Даван (Даюань) деп аталган. Ал эми байыркы чыгыш индоирандык тилде биердеги мамлекет «Паркана» деп аталган жана парканалык отуруктушкан калк согдулук, парфиялык калктарга окшош, бири-бирин түшүнөөрлүк деңгээлдеги тилде сүйлөгөн.

КАҢГҮЙ (КАҢГЫ) МАМЛЕКЕТИ

Сыр-Дарыянын ортоңку агымынан азыркы Талас өрөөнүнө жана Төмөнкү Чүйгө чейин кеңирсип жаткан аймакта б.з.ч. III к. акыры — б.з. V кылымдар ичинде Каңгы (Каңгүй) мамлекети жайгашкан. Албетте, бул өлкөнүн чек арасы ар кыл заманда чоңоюп же кичирейип тургандыгы маалым. Каңга, Каңгы, Каңкар, Каңгүй. Орто азиялык калктардын эң байыртадан булактарда эскерилген этникалык аталыштарынын бири  — Каңгы экендигин билебиз. Байыркы чыгыш ирандык «Авеста» аттуу диний чыгармада… Кененирээк »

УСУНДАР

Усундар өзүлөрүнүн бир кездеги коңшулары, хунндар тарабынан талкаланган юечжилерди, болжолу тибеттен келип чыккан элди куугунтукка алууга катышышкан. Батышты көздөй жылуу учурунда юечжилер Жети-Суудагы сэ деген элди сүрүп чыккан, бул аталышты, адатта, Орто Азия жөнүндөгү грек жана перс кабарларында көп эскерилген сак деген эл менен окшоштурушат, бирок мындай жакындаштыруунун пайдасына тыбыштык окшоштуктардан башка эч кандай далилдерди келтирүүгө мүмкүн эмес.… Кененирээк »

КАЛМАКТАР

Моңгол бийлигинин биротоло кулашынан кийин, XVI кылымдын экинчи жарымындагы Жети-Суунун абалы жөнүндө биз дээрлик эч нерсе билбейбиз. Бизге буга чейин эч ким тарабынан изилденбеген, 1582-ж. Сейфи тарабынан жазылган, биздин билишибизче бир гана кол жазмада жеткен түрк чыгармасы айрым кызыктуу маалыматтарды берет. Ал автордун сөзү боюнча, калмактар ошол мезгилде Азияда ийгиликтерге жетишүүсүн уланта берген; калмактардын башчысын ал Алтан-хан деп… Кененирээк »

КАРАХАНИЙЛЕР

Караханилер кайсы түрк элине таандык экендигин тарыхчылар бизге айтышпайт; бирок бул эл ягма болгон деп ойлоого негиз бар, алардын башкаруучусу Караханилердеги эң эле көндүм болгон Богра-хан титулун алып жүргөн. Мындай болгондо Чүй өрөөнүнө жаңы баскынчылардын кириши бул ирет түштүк тараптан болгон. Караханилер Чүй өрөөнүндө ислам динин тез кабыл алышкан. Бул окуя жөнүндө бизге уламыш кабарлар гана жеткен. Ибн… Кененирээк »